14.11.2025 №1306 № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
№ 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнөн № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичтин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар келип түшкөн.
Келип түшкөн материалдарга ылайык 2025-жылдын 11-ноябрында Ала-Тоо айыл аймагынын Кенжекул айылына кире бериштеги аркага № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичтин үгүт баннери орнотулгандыгы аныкталды.
Ошондой эле 2025-жылдын 12-ноябрында Жарооз Эшимов айылынын тургуну Айбек Жусуповичтин жеке үйүнүн дубалына талапкердин үгүт баннери кандайдыр бир макулдашуусуз илинип турганы, ошону менен бирге талапкер И.К. Кубанычбеков менен А. Эшимовдун ортосунда эч кандай макулдашуулар түзүлбөгөнү аныкталган.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 13-ноябрындагы № 19 чечими менен № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бир нече жолу бузгандыгы үчүн № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичке эскертүү берүү сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүгүнө, 28-беренесинин 9-бөлүгүнө, ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бир нече жолу бузгандыгы үчүн № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичке эскертүү берилсин.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 14-ноябры
№ 1306
