14.10.2025 №146 № 4 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Абдивалиев Артыкбай Турабидиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
№ 4 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Абдивалиев Артыкбай Турабидиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
2025-жылдын 13-октябрында № 4 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Абдивалиев Артыкбай Турабидиновичтин мурда сунуш кылган финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары А.К. Каратаевди дайындоо жөнүндө билдирген (кириш №12/2081), “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. № 4 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Абдивалиев Артыкбай Турабидиновичтин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 64 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечими менен катталган шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Каратаев Абдисатар Кудайбердиевичтин каттоосу жокко чыгарылсын
2. № 4 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Абдивалиев Артыкбай Турабидиновичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Каратаев Абдисатар Кудайбердиевичке берилген каттоо күбөлүгү ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп таанылсын.
3. № 4 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Абдивалиев Артыкбай Турабидиновичтин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Каратаев Абдисатар Кудайбердиевич катталсын.
4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерден шайлоо документтерин кабыл алуу жана каттоо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
7. Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 14-октябры
№ 146
