19.11.2025 №1341 № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исаева Гулназ Назарбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

№ 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исаева Гулназ Назарбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

 

2025-жылдын 17-ноябрында (кириш №12/3669) №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исаева Гулназ Назарбаевна Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына мурда сунуш кылган шайлоо маселелери жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жана Э.Н. Исаевди шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Н.А. Жуманазарованы финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындоо жөнүндө билдирген. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 16-октябрындагы № 209 чечими менен катталган № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исаева Гулназ Назарбаевнанын төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоолору жокко чыгарылсын жана аларга берилген каттоо ырастамалары жараксыз деп таанылсын:

– Акимова Чолпонай Касымбековна, шайлоо маселелери боюнча;

– Солпуева Чинара Эгембердиевна, финансы маселелери боюнча.

  1. Төмөнкүлөр №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исаева Гулназ Назарбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

Исаев Элназар Назарбаевич, шайлоо маселелери боюнча;

Жуманазарова Нуржамал Амираевна, финансы маселелери боюнча.

  1. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
  2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

       Төрага                                                                                                                Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 19-ноябры

№ 1341