17.11.2025 №1330 № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө

№ 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар келип түшкөн.

Келип түшкөн материалдарга ылайык талапкердин ишенимдүү адамы Н.А. Жумабеков тарабынан «Whatsapp» тобунда № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эргешов Казыбек Кочкорович үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузган маалымат таратылып жаткандыгы аныкталды.

Жумушчу топтун жыйынында талапкердин ишенимдүү адамы Н.А. Жумабеков Ала-Арча айылынын тургундары үчүн «Whatsapp» тобунда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты К.К. Эргешовдун демилгеси менен Бишкек шаарынын мэриясы балдар аянтчасын реконструкциялагандыгы жана жарыктандыргандыгы, ошондой эле канализациялык түтүктөрдү төшөгөндүгү тууралуу маалымат таратканын түшүндүрдү. Н.А. Жумабековдун айтымында, ал шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуп жатканын билген эмес, кийинчерээк ал группадагы аудио билдирүүнү өчүргөн.

Жумушчу топтун 2025-жылдын 15-ноябрындагы № 25 чечими менен № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21, 22-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 15-ноябрындагы № 25 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына      № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эргешов Казыбек Кочкоровичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эргешов Казыбек Кочкорович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                       Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 17-ноябры

1330