13.11.2025 №1281 “Аирсен” ЖЧКнын өкүлү Шаршенова Рима Мелисбекованын шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жөнүндө

“Аирсен” ЖЧКнын өкүлү Шаршенова Рима Мелисбекованын шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жөнүндө

 

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 11-ноябрындагы отурумда социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө айкындалган материалдардын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештигин карап чыккан.

Threads” социалдык тармагындагы “Nursultan Bakyt” аттуу колдонуучунун баракчасында (https://www.threads.com/@iamnursultan) жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык 2025-жылдын 9-ноябрында саат 22:59да Бишкек шаарынын LED-экрандарында № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибрагимов Болот Адылбековичтин үгүт материалдары жайгаштырылгандыгы белгиленген.

Жумушчу топтун жыйынында “Аирсен” ЖЧКсынын башкы директору Р. М. Шаршенова “Аирсен” ЖЧКсы менен № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибрагимов Болот Адылбековичтин ортосунда келишим түзүлгөнүн, ага ылайык 2025-жылдын 10-ноябрынан баштап Бишкек шаарынын LED-экрандарында талапкердин үгүт материалдары жайгаштырылат деп түшүндүрдү. Р. М. Шаршенованын айтымында, 2025-жылдын 9-ноябрында саат 22:59да техникалык текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө баннер LED-экранга чыгарылган.

Жумушчу топтун 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 18 чечими менен “Аирсен” ЖЧКсынын өкүлү Шаршенова Рима Мэлисбековнага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 23-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 18 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына      “Аирсен” ЖЧКсынын өкүлү Шаршенова Рима Мэлисбековнага административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. “Аирсен” ЖЧКсынын өкүлү Шаршенова Рима Мэлисбековна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                        Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 13-ноябры

1281