07.11.2025 №1216 Рахманова Диляфруз Дилдарбековнаны № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө

Рахманова Диляфруз Дилдарбековнаны № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө

 

2025-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Рахманова Диляфруз Дилдарбековнадан № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз келип түшкөн.

Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн 2025-жылдын 5-ноябрындагы маалымкатына ылайык Д.Д. Рахманова 2010-жылдагы Ош коогалаңынын уюштуруучусу Кадыржан Батыров өткөргөн жыйынга катышкан. Ушуга байланыштуу Ош шаарынын прокуратурасынын 2025-жылдын 6-январындагы кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтому 2025-жылдын 4-ноябрында жокко чыгарылып, Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына кошумча текшерүү иш-чараларын жүргүзүү үчүн жиберилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралар жана талдоолорго ылайык Д.Д. Рахманова санкцияланбаган митингдердин негизги уюштуруучулары: К. Батыров, И. Абдурасулов, К. Абдуллаева, Ж. Салахудиновдорго көмөк көрсөткөндүгү аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Д.Д. Рахманованын иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылкы эски редакция) 233, 295, 297, 299-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери табылган.

Кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3, 4-пункттарында каралган кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү аяктаганына, оор жана өзгөчө оор кылмыш кылмыш жасалгандан кийин 10 жыл өткөнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3, 14-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайларга ылайык кыскартылган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамнынын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык: Президенттин, Жогорку Кеңештин депутаты кызмат ордуна шайланууга төмөнкү адамдар укуксуз:

аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;

- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар.

Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) Рахманова Диляфруз Дилдарбековнанын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.

Жумушчу топтун Рахманова Диляфруз Дилдарбековнаны № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 4-бөлүгүн, 61-беренесинин 11-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. Рахманова Диляфруз Дилдарбековнаны №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартылсын.
  2. Ушул чечим “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

       Төрага                                                                                                                 Т. Шайназаров

Бишкек ш., 2025-жылдын 7 -ноябры

№1216