07.11.2025 №1204 № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Ниязбеков Талгаттын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө

12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Ниязбеков Талгаттын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө

 

№12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Ниязбеков Талгаттын 2025-жылдын 7-ноябрындагы (кириш №12/3416) шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. Ниязбеков Талгатты шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызынын негизинде № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 907 чечими менен катталган № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Ниязбеков Талгаттын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдукеримов Мамат Абдукаровичтин, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асанбеков Кабылай Султановичтин каттоолору жокко чыгарылсын жана каттоо ырастамалары жараксыз деп табылсын.
  3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

         Төрага                                                                                                                   Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 7-ноябры

№ 1204