11.10.2025 №93 Талапкерлерге, саясий партияларга, алардын өкүлдөрүнө жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына кайрылуу жөнүндө

Талапкерлерге, саясий партияларга, алардын өкүлдөрүнө жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына кайрылуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби боюнча талапкерлерге же саясий партияларга, алардын өкүлдөрүнө жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына маалымат жеткирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4 жана 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдө талапкердин же саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби боюнча талапкерлерди, саясий партияларды, алардын өкүлдөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрылуусу тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Б.А. Коңуровго жүктөлсүн.

 

Төрага                        Т. Шайназаров                                                                                          

 

Бишкек шаары, 2025-жылдын 11-октябры

№ 93