09.10.2025 №55 Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча ыйгарым укуктарды жүктөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча ыйгарым укуктарды жүктөө жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 48 токтому менен бекитилген Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча ыйгарым укуктар Бишкек шаарынын Москва көчөсү, 15 дарегинде жайгашкан № 24 округдук шайлоо комиссиясына жүктөлсүн.

2. № 24 округдук шайлоо комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо, уюштуруу жана өткөрүү маселелерин камсыз кылсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, чет өлкөдө жашаган жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

5. Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                  Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 9-октябры

№ 55