09.02.2026 №69 № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Юлдашева Зиядахан Исламовнанын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Юлдашева Зиядахан Исламовнанын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Юлдашева Зиядахан Исламовнанын 2026-жылдын 6-февралындагы (кириш №12/242) шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Юлдашева Зиядахан Исламовнанын 2026-жылдын 1-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы эске алынсын.
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 29-январындагы №44 чечими менен катталган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Юлдашева Зиядахан Исламовнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нышанов Кубанычбек Калдаровичтин жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мурзакулова Гулнар Абдумиталиповнанын каттоолору жокко чыгарылсын жана көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу өкүлдөргө берилген каттоо ырастамалары жараксыз деп таанылсын.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек шаары, 2026 жылдын 9-февралы
№69
