06.11.2025 №1136 Тайчабаров Кудрет Мариповичти № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө

Тайчабаров Кудрет Мариповичти №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө

 

2025-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Тайчабаров Кудрет Мариповичтен №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 5-ноябрындагы КПҮ №8/154 маалымкатына жана 2025-жылдын 3-ноябрында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 1985-жылдын 18-июлунда туулган Тайчабаров Кудрет Марипович 2025-жылдын 4-ноябрында алдын ала иликтөө материалдары боюнча күбө катары сурак берүү учурунда 2021-жылы Бишкек шаарындагы “Blonder Pub” аттуу кафе-барда уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары белгилүү болгон Камчы Асанбек (Камчы Көлбаев) менен бирге түшкөн сүрөттө чын эле өзү чагылдырылгандыгын тастыктаган.

Маалымкатта азыркы учурда Тайчабаров Кудрет Марипович кылмыштуу топтун лидери Камчы Асанбек менен жакын байланышы бар болгондугуна байланыштуу уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адам катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосуна коюлган деп көрсөтүлгөн.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык: эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга) же куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же мурда турган болсо, бул талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.

2025-жылдын 6-ноябрында Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отуруму өткөрүлүп, ага Тайчабаров Кудрет Марипович чакырылып, угулду.

Жумушчу топтун отурумунда Тайчабаров Кудрет Мариповичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлган мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестиги аныкталып, аны талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө сунуш Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына киргизилген.

Жогоруда баяндалгандарды жана Жумушчу топтун 2025-жылдын 6-ноябрындагы Тайчабаров Кудрет Мариповичти № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндөгү сунушун эске алып жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 11-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

  1. Тайчабаров Кудрет Мариповичти № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартылсын.
  2. Бул чечим “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинде жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий веб-сайтында жарыялансын.
  3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А. С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

        Төрага

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 6-ноябры

№ 1136