05.10.2025 №13 “Ынтымак” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

“Ынтымак” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, 60-беренесинин 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. “Ынтымак” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:

- Джумашов Нурбек Мэлисович, шайлоо маселелери боюнча;

- Амалканова Айпери Ажыбековна, финансы маселелери боюнча.

2. “Ынтымак” саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

5. Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары А. Жупуева

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 5-октябры

№ 13