05.02.2026 №68 “Сезим” майыптар коомдук фондунун коомдук байкоочусун каттоо жөнүндө
“Сезим” майыптар коомдук фондунун коомдук байкоочусун каттоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 39 токтому менен бекитилген “Шайлоону жана референдумду өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, ошондой эле “Сезим” майыптар коомдук фондунун 2026-жылдын 4-февралындагы кир. № 17/219 билдирмесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн “Сезим” майыптар коомдук фондунун 2026-жылдын 1-мартына дайындалган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү ниети тууралуу билдирмеси эске алынсын.
2. Майнаев Камилжан 2026-жылдын 1-мартына дайындалган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде № 13 округдук шайлоо комиссиясында «Сезим» майыптар коомдук фондунан коомдук байкоочу болуп катталсын.
3. Катталган коомдук байкоочуга белгиленген үлгүдөгү ырастама берилсин.
4. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төраганын орун басары А. Жупуева
Бишкек ш., 2026-жылдын 5-февралы
№ 68
