Жупуева Айдана Садыковна

КР БШКнын төрагасынын орун басары

Жупуева Айдана Садыковна

Жупуева Айдана Садыковна

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары

1977-жылы 4-мартта, Ош облусунун Алай районунун Көлдүк айылында туулган.

1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Экономика факультетин «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» адистиги боюнча бүтүргөн.

2015-жылы КУУнун Юридикалык институтунун магистратурасын аяктаган.

Эмгек жолу:

11.02.2025-ж. - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары.

2021-2025-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү.

2020-2021-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмүнүн эксперти.

2017-2020-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын документтерди камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

2016-2017-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик маселелер боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

2014-2015.ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин вице-спикеринин консультанты.

2011-2014-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү.

2008-2012-ж.ж. – Ош мамлекеттик университетинин “Бухгалтердик эсеп жана экономикалык талдоо” кафедрасынын улук окутуучусу.

2001-2008-ж.ж. – Ош технологиялык университетинин окутуучусу.

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;

Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы.