Жумалиева Акбалык Калыевна
КР БШКнын мүчөсү
Жумалиева Акбалык Калыевна
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү
1970-жылдын 15-январында туулган. 1991-жылы Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин «англис тили мугалими» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
- 2021-ж. – азыркы учурда – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
- 2020-ж. – «Үмүт булагы» коомдук фондунун Кыргызстандын түштүк аймактары боюнча координатору;
- 2018–2021-жж. – жеке ишкер;
- 2010–2017-жж. – «China Road and Bridge Corporation» жол-курулуш корпорациясынын котормочусу;
- 2007–2010-жж. – «Finn Road» консалтингдик компаниясынын котормочусу;
- 2000–2007-жж. – «Road Rehabilitation Project Entes Kyrgyzstan» жол-курулуш корпорациясынын котормочусу;
- 1996–1999-жж. – Ноокен районундагы «Москва» орто мектебинин англис тили мугалими;
- 1991–1995-жж. – Майлы-Суу шаарындагы №7 орто мектебинин англис тили мугалими.
