Шайлоо комиссиялары

Шайлоо комиссиялары

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 2-июлу N 68

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»

12-берене. Шайлоо комиссиялары

1. Шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылат.

2. Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү тутумун төмөнкүлөр түзөт:

1) Борбордук шайлоо комиссиясы;

1-1) округдук шайлоо комиссиялары;

2) аймактык шайлоо комиссиялары;

3) участкалык шайлоо комиссиялары.

3. Шайлоо комиссиялары өз ишин төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырат:

1) мыйзамдуулук;

2) айкындык;

3) ачыктык;

4) көз карандысыздык;

5) коллегиалдуулук;

6) адилеттүүлүк;

7) калыстык.

4. Шайлоо комиссияларынын укуктук абалы, ишин уюштуруу жана иш тартиби, ошондой эле көз карандысыздыгынын кепилдиктери шайлоо комиссияларынын иш тартибин жөнгө салуучу мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында, ушул конституциялык Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленет.

5. Округдук шайлоо комиссиялары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Борбордук шайлоо комиссиясы аныктаган тартипте, тиешелүү шайлоо округдарында иштеп жаткан тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн ичинен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт.

Округдук шайлоо комиссиялары өз ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча токтотот.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

13-берене. Шайлоо округу

1. Президентти шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы шайлоо округу болуп саналат.

1-1. Саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелери боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолорду өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп саналат.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо күнү дайындалгандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен берилүүчү маалыматтардын негизинде түзүлүүчү шайлоо округдарында жүзөгө ашырылат.

1-2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо дайындалган күндөн кийин 7 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоо округдарынын схемасын жана чектерин, ар бир шайлоо округуна кирген калктуу конуштардын (көчөлөрдүн, үйлөрдүн) тизмегин, ар бир шайлоо округунун номерин жана борборун, ар бир шайлоо округундагы шайлоочулардын санын түзөт жана бекитет.

1-3. Шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:

- шайлоо округдарынын шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңдиги, мында шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;

- шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт.

1-4. Ушул берененин 1-3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын административдик-аймактык бөлүнүшү эске алынат.

1-5. Шайлоо округдарынын тизмелери, алардын чектери жана округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын даректери көрсөтүлүү менен, алардын графикалык сүрөттөлүшүн кошуп алганда, округдар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

1-6. Шайлоо округдарынын жана чектерин, шайлоо комиссияларынын жайгашкан жерлеринин схемаларын өзгөртүү округдук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна катталган болуп эсептелет.

3. Добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн шайлоо участкалары шайлоочулар үчүн эн жогорку ыңгайлуулуктарды түзүү максатында жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулардын добуш берүүсүн өткөрүүнү жана добуштарды эсептөөнү уюштуруу үчүн шайлоо участоктору аккредитациялоочу өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча, тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын сунушу боюнча, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин аймагында түзүлүшү мүмкүн.

4. Шайлоо участоктору тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан, 5 жылдык мөөнөткө, эреже катары, ар бир участокто 2500дөн ашпаган шайлоочу эсебинде түзүлөт. Шайлоо участокторунун чек араларын башкаруу Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тартиптин негизинде жүзөгө ашырылат. Шайлоо участокторунун тизмеги жана алардын чек арасы аймактык шайлоо комиссияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча, аларды түзүү үчүн каралган тартипте такталууга тийиш.

Жарандардын шайлоо укуктарын, анын ичинде убактылуу жүргөн жериндеги шайлоо дареги боюнча добуш берүү укугун ишке ашырууну камсыз кылуу, шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуулукту түзүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан кошумча шайлоо участоктору түзүлүшү мүмкүн.

Кошумча шайлоо участоктору шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине гана түзүлөт жана иштейт. Алар төмөнкү учурларда түзүлөт:

- ошол аймакта убактылуу жүргөн жана добуш берген жери боюнча туруктуу жашаган жери жок шайлоочулардын саны көп болсо;

- жакын жайгашкан шайлоо участокторундагы шайлоочулардын саны ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоочулардын санынан ашып кетсе.

Шайлоочулардын санына тийиштүү ушул бөлүктүн биринчи абзацынын жобосу Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары шайлоо участокторун түзүүдө колдонулбайт.

Эгерде Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жашаган же жүргөн бир аймактагы шайлоочулардын саны ушул бөлүктүн биринчи абзацында белгиленген шайлоочулардын санынан ашса, тышкы иштер маселелерин тейлеген органдын сунушу боюнча жана аккредитацияланган өлкөнүн компетенттүү органдарынын макулдугу боюнча бир жайда эки же андан ашык шайлоо участоктору түзүлүшү мүмкүн.

5. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо участкаларынын схемасын жана чек араларын карайт жана бекитет жана алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен, аларды чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо участоктору жөнүндө маалымат алар бекитилген күндөн баштап 5 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана аккредитацияланган чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн сайттарында жайгаштырылат.

(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 14-июлу N 98

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»

10-берене. Шайлоо округдарын түзүү

1. Шайлоо системасына жараша тиешелүү аймакта катталган шайлоочулардын саны жөнүндө маалыматтардын негизинде бирдиктүү шайлоо округдары жана көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт.

2. Шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкүдөй талаптар сакталууга тийиш:

1) шайлоочулардын саны боюнча шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 10 пайыздан ашпаган, ал эми жетүүгө кыйын жана алыскы жерлерде 15 пайыздан ашпаган жол берилген орточо ченеминен четтөө менен шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги;

2) шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, бири-бири менен чектешпеген шайлоо округдарында шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт.

Шайлоо округдарынын схемасында шайлоо округдарынын чек аралары, ар бир шайлоо округуна кирген калктуу конуштардын (көчөлөрдүн, үйлөрдүн) тизмеги, ар бир шайлоо округунун аталышы, номери жана борбору, ар бир шайлоо округундагы шайлоочулардын саны көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу система боюнча шайлоону өткөрүүдө тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы шайлоо округу болуп саналат.

4. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоону өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен, ушул Мыйзам менен белгиленген жоболорду эске алуу менен добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгат жана аларды бекитүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына киргизет.

5. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо округдарынын схемасын чек араларын карайт жана бекитет.

6. Борбордук шайлоо комиссиясы алардын чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.

59-берене. Шайлоо округдары

1. Айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт. Алардын ар бириндеги көп мандаттуу шайлоо округдарынын саны жана мандаттардын саны тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан ушул Мыйзамдын 10-беренесине ылайык аныкталат.

2. Көп мандаттуу шайлоо округдары бир мандатка шайлоочулардын болжолдуу тең саны менен түзүлөт.