Главная НПА ЦИК Решения ЦИК КР 24.11.2024 №315 О заявлении кандидата в депутаты Бекишова …

24.11.2024 №315 О заявлении кандидата в депутаты Бекишова А.Д. на Токтогульскую ТИК

01.10.2011 №6 28.10.2011 О вынесении предупреждения периодическим печатным средствам массовой информации «Фабула» и «De-Факто» за неоднократное нарушение правил ведения предвыборной агитации 01.11.2011 Р Е Ш Е Н И Е О заявлении Абышева Аскарбека Мусаевича 28.09.2011 №4 01.11.2011 Р Е Ш Е Н И Е О продлении сроков расчетов из избирательных фондов кандидатов на должность Президента Кыргызской Республики 29.09.2011 №5 Решение о поручении Ленинской и Свердловской территориальным избирательным комиссиям 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 15 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 16 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 17 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 18 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 19 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 20 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 21 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 22 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 23 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 24 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 25 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 26 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 27 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 28 15.11.2011 РЕШЕНИЕ №29 О заявлении Уметалиевой Токтайым Джумаковны 15.11.2011 РЕШЕНИЕ № 30 О заявлении Арабаева Калыбека 15.11.2011 РЕШЕНИЕ № 31 О заявлении Эгембердиева О.А. 15.11.2011 РЕШЕНИЕ № 32 О возврате избирательного залога кандидатам на должность Президента Кыргызской Республики 02.02.2012 РЕШЕНИЕ № 1 13.03.2012 РЕШЕНИЕ №2 Об отказе Дыйканову С. К. в возврате избирательного залога 23.03.2012 Решение №3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 Р Е Ш Е Н И Е №4 25.06.2012 РЕШЕНИЕ №5 Об установлении схем и границ избирательного округа и избирательных участков города Бишкек 08.07.2012 РЕШЕНИЕ №6 О мерах по ускорению процесса уточнения персональных номеров избирателей в Единой системе учета избирателей 08.07.2012 РЕШЕНИЕ №7 О возврате избирательных залогов, внесенных кандидатами в депутаты айылных кенешей 18.07.2012 РЕШЕНИЕ № 8 Об утверждении технического задания по развитию информационной системы «Единая система учета избирателей Кыргызской Республики» 04.10.2012 РЕШЕНИЕ №9 03.11.2012 РЕШЕНИЕ №10 Об участии Интернет-сайтов в предвыборной агитации 05.11.2012 РЕШЕНИЕ №11 10.11.2012 РЕШЕНИЕ № 12 19.11.2012 РЕШЕНИЕ № 13 21.11.2012 Решение № 14 21.11.2012 Решение № 15 21.11.2012 Решение № 16 22.11.2012 Решение № 17 22.11.2012 РЕШЕНИЕ № 18 24.11.2012 РЕШЕНИЕ № 19 26.11.2012 РЕШЕНИЕ № 20 Об организации и проведении голосования вне помещения участковыми избирательными комиссиями на выборах депутатов Бишкекского городского кенеша 06.12.2012 РЕШЕНИЕ №21 О рассмотрении представления прокурора г. Бишкек 06.12.2012 РЕШЕНИЕ №22 О рассмотрении представления прокурора Узгенского района Ошской области 06.12.2012 РЕШЕНИЕ № 23 О рассмотрении жалобы по выборам депутатов в Кара-Ойский айылный кенеш Иссык-Кульского района Иссык-Кульской области 06.12.2012 РЕШЕНИЕ №24 О рассмотрении жалобы по выборам депутатов в Семеновский айылный кенеш Иссык-Кульского района Иссык-Кульской области 06.12.2012 РЕШЕНИЕ №25 О рассмотрении жалобы по выборам депутатов в Кызыл – Суйский айылный кенеш Джети-Огузского района Иссык-Кульской области

Э.Иманалиев айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер

А.Д. Бекишовдун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына карата арызы жөнүндө

 

2024-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК) Э.Иманалиев айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Д. Бекишев Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары - АШК) 2024-жылдын 21-ноябрындагы № 49-чечимине карата арызы келип түшкөн.

А.Д. Бекишев арызында №2243 шайлоо округунан талапкер А.А. Койчубаев жана №2354 шайлоо окуругунан талапкер М.Б. Суранбаева кайрымдуулук иштери менен шайлоо алдындагы үгүт иштеринин тартиби жана эрежелери бузулгандыгын белгилеген.

2024-жылдын 21-ноябрында Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен жогорудагы талапкерлерге үгүт иштерин алкагында кайрымдуулук иштерин жүргүзгөндүгү үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Келип түшкөн арызды объективдүү жана ар тараптуу кароо үчүн, 2024-жылдын 24-ноябрында арыздарды жана даттанууларды кароо, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отуруму болуп, ага арыз ээси – А.Д. Бекишов, жана Токтогул АШКсынын төрагасы – Эргеш уулу Нурсултан чакырылып, угулду.

Арыздануучу отурумда Токтогул аймактык шайлоо комиссясынын чечими менен макул эместигин жана аталган талапкерлер мыйзамдын талаптарын одоно бузуу жолу менен добуш алышкан деп белгилеп, көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар үчүн талапкерлердин каттоосун жокко чыгарууну талап кылды.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы, дооматтарды карап чыгып жана Токтогул райондук ички иштер башкармалыгынын аталган иш боюнча кылмыштын курамы жок деп аныкталган 2024-жылдын 21-ноябрындагы токтомдун негизинде чечим кабыл алынганын маалымдады.

Отурумдун алкагында, талапкерлер М.Б. Суранбаева 400 сом жана А.А. Койчубаев 800 сом Мбанк тиркемеси аркылуу кайрымдуулук катары жардам көрсөткөн Чакыралиева. А.А. ооруп жаткандыгы жана ал Бишкек шаарынын тургуну экендиги далилденди.

Кайрымдуулук катары каражаттарды алган жаран Чакыралиева А.А. тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болбогондугу далилденип, добуш сатып алуу белгилери аныкталган жок.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 28-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык “талапкерлер, алардын жакын туугандары, талапкердин жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз”.

Борбордук шайлоо комиссиясы А.Д. Бекишовдун арызын карап чыгып, ошондой эле тараптардын пикирин угуп, Токтогул АШКсы шайлоо мыйзамдарынын негизинде жана иштин бардык жагдайларын иликтеп чыгып, чечим кабыл алган жана жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлерге карата Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык административдик жоопкерчиликти колдонууну максатка ылайык деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандардын  негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарды шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 42-беренесин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын карап чыгышынын тартиби жөнүндө” жобону  жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Токтогул АШКнын 2024-жылдын 21-ноябрындагы №49-чечими күчүндө калтырылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу тобунун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 24-ноябры

№ 314