Главная НПА ЦИК Решения ЦИК КР 24.11.2024 №314 О заявлении кандидата в депутаты Бакай-Атинского …

24.11.2024 №314 О заявлении кандидата в депутаты Бакай-Атинского айыльного кенеша Дуйшеновой А. К. на решение Бакай-Атинской ТИК № 9 от 21.11.2024 г.

01.10.2011 №6 28.10.2011 О вынесении предупреждения периодическим печатным средствам массовой информации «Фабула» и «De-Факто» за неоднократное нарушение правил ведения предвыборной агитации 01.11.2011 Р Е Ш Е Н И Е О заявлении Абышева Аскарбека Мусаевича 28.09.2011 №4 01.11.2011 Р Е Ш Е Н И Е О продлении сроков расчетов из избирательных фондов кандидатов на должность Президента Кыргызской Республики 29.09.2011 №5 Решение о поручении Ленинской и Свердловской территориальным избирательным комиссиям 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 15 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 16 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 17 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 18 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 19 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 20 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 21 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 22 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 23 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 24 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 25 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 26 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 27 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 28 15.11.2011 РЕШЕНИЕ №29 О заявлении Уметалиевой Токтайым Джумаковны 15.11.2011 РЕШЕНИЕ № 30 О заявлении Арабаева Калыбека 15.11.2011 РЕШЕНИЕ № 31 О заявлении Эгембердиева О.А. 15.11.2011 РЕШЕНИЕ № 32 О возврате избирательного залога кандидатам на должность Президента Кыргызской Республики 02.02.2012 РЕШЕНИЕ № 1 13.03.2012 РЕШЕНИЕ №2 Об отказе Дыйканову С. К. в возврате избирательного залога 23.03.2012 Решение №3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 Р Е Ш Е Н И Е №4 25.06.2012 РЕШЕНИЕ №5 Об установлении схем и границ избирательного округа и избирательных участков города Бишкек 08.07.2012 РЕШЕНИЕ №6 О мерах по ускорению процесса уточнения персональных номеров избирателей в Единой системе учета избирателей 08.07.2012 РЕШЕНИЕ №7 О возврате избирательных залогов, внесенных кандидатами в депутаты айылных кенешей 18.07.2012 РЕШЕНИЕ № 8 Об утверждении технического задания по развитию информационной системы «Единая система учета избирателей Кыргызской Республики» 04.10.2012 РЕШЕНИЕ №9 03.11.2012 РЕШЕНИЕ №10 Об участии Интернет-сайтов в предвыборной агитации 05.11.2012 РЕШЕНИЕ №11 10.11.2012 РЕШЕНИЕ № 12 19.11.2012 РЕШЕНИЕ № 13 21.11.2012 Решение № 14 21.11.2012 Решение № 15 21.11.2012 Решение № 16 22.11.2012 Решение № 17 22.11.2012 РЕШЕНИЕ № 18 24.11.2012 РЕШЕНИЕ № 19 26.11.2012 РЕШЕНИЕ № 20 Об организации и проведении голосования вне помещения участковыми избирательными комиссиями на выборах депутатов Бишкекского городского кенеша 06.12.2012 РЕШЕНИЕ №21 О рассмотрении представления прокурора г. Бишкек 06.12.2012 РЕШЕНИЕ №22 О рассмотрении представления прокурора Узгенского района Ошской области 06.12.2012 РЕШЕНИЕ № 23 О рассмотрении жалобы по выборам депутатов в Кара-Ойский айылный кенеш Иссык-Кульского района Иссык-Кульской области 06.12.2012 РЕШЕНИЕ №24 О рассмотрении жалобы по выборам депутатов в Семеновский айылный кенеш Иссык-Кульского района Иссык-Кульской области 06.12.2012 РЕШЕНИЕ №25 О рассмотрении жалобы по выборам депутатов в Кызыл – Суйский айылный кенеш Джети-Огузского района Иссык-Кульской области

Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын
21-ноябрындагы №9 чечимине Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.К.Дүйшенованын арызы жөнүндө

 

2024-жылдын 23-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК) Талас облусунун Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Дүйшенова Айгүл Кадыркуловнанын арызы келип түшкөн.

А.К. Дүйшенова арызында Б. Жунусов атындагы орто мектебинин 4-класстын класс жетекчиси Сейталиева Нуркыз тарабынан Бакай-Ата айылдык кеңешине №2 Жол-Сай шайлоо округунан талапкер Джунусова Назгүл Касымалиевнаны аты-жөнү жана бюллетендеги катар номери жазылган баракчаларды окуучулардын күндөлүктөрүнө чаптап берип, окуучулардын ата-энелери аталган талапкерге добуш берүүсүн сураган.

Арыздануучу окуучуларга берилген барактар басылып чыгарылгандыгы тууралуу маалыматтары жок экенин билдирген жана бул баракчаларды мугалим Н.Сейталиеванын айтуусу боюнча талапкер Н.К.Джунусова алып келип бергенин жазган.

2024-жылдын 17-ноябрында Н.К.Джунусованын туугандары үгүт иштерин жүргүзгөнүн кошумчалап, А.К.Дүйшенова арызында Н.К.Джунусованын талапкерлигин алып салууну суранган.

Бирок үгүт жүргүзүү фактысы боюнча далилдер берилген эмес.

Мыйзамдын 41-бернесинин 6-бөлүгүнө ылайык, “шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыз же даттануу менен кайрыла алат. Арыз, даттануу жүйөлүү болуп жана алар негизденген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш”.

2024-жылдын 21-ноябрында А.К.Дүйшенованын арызы Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын отурумунда каралган.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) 27-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, “Бардык басылма жана башка үгүт материалдары үгүт материалдарын даярдаган уюмдун, жеке ишкердин аталышын жана дарегин (фамилиясын, атын, атасынын атын), үгүт материалдарын даярдоого табыштама берген талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, саясий партиянын аталышын, алардын чыгарылган нускасы жана датасы жөнүндө маалыматты, аларды жасоого тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөө жөнүндө маалыматты, ошондой эле табыштамага акы төлөгөн талапкердин же талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын камтууга тийиш. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таркатууга тыюу салынат”.

Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-абзацына ылайык, ибадат кылуу имараттарынын, курулмалардын жана аларга тиешелүү аймактардын, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштөрү бар объекттердин, электр станцияларынын, темир жолдордун, мунай/газ өткөргүчтөрдүн, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линияларынын, жана инфратүзүмдүк башка объекттердин, пенитенциардык системанын объекттеринин, саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын, мектепке чейинки балдар мекемелеринин, мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдардын ичинде жана аларга жакын жерлерде үгүт иш-чараларын жүргүзүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.

Мыйзамдын жогоруда баяндалган ченемдери бузулгандыгы боюнча, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы №9 чечими менен талапкер Н.К.Джунусовага Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 68-беренесине, ал эми Сейталиева Нуркызга 65-беренесине  ылайык айып пул салынган. 

Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы чечим кабыл алууда Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн корутундусунун негиз кылган.

2024-жылдын 24-ноябрында арыз БШКнын отурумунда каралып, анда арыз ээси А.К.Дүйшенова, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Чукотаев Бообек Сапаралиевичтердин билдирүүлөрү угулду.

А.К.Дүйшенова Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан арызды кароодо арыз ээси чакырылбаганын билдирди.

БШКнын 2017-жылдын 7-июлундагы №212 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө” жобонун 3.6 пунктуна ылайык, “арыздарды (даттанууларды) кароодо, ошондой эле шайлоо укуктарынын жана шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө маселе каралып жаткан башка учурларда алар карала турган күнү, убакыты жана жери жөнүндө кызыктар тараптарга, жеке адамдарга же алардын өкүлдөрүнө маалымдалат”.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 11-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, “бир эле укук бузуу үчүн эки жолу жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт”.

БШК А.К.Дүйшенованын арызын карап чыгып, ошондой эле тараптардын пикирин угуп, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Н.К.Джунусовага жана Н.Сейталиевага айып пул салуу чечими мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептейт.

Ошону менен бирге, Бакай-Ата шайлоо комиссиясына арыздарды кароодо тараптарды отурумга чакырып чечим чыгаруу зарыл экендигин белгилейт.

Жогоруда баяндалгандардын  негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарды шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын карап чыгышынын тартиби жөнүндө” жобону  жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ  КЫЛАТ:

 

1. Дүйшенова Айгүл Кадыркуловнанын арызын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы №9 чечими күчүндө калтырылсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу тобунун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын  24-ноябры

№ 314