Главная НПА ЦИК Решения ЦИК КР 24.11.2024 №310 О заявлении М.Мамитова на Ноокатскую ТИК

24.11.2024 №310 О заявлении М.Мамитова на Ноокатскую ТИК

01.10.2011 №6 28.10.2011 О вынесении предупреждения периодическим печатным средствам массовой информации «Фабула» и «De-Факто» за неоднократное нарушение правил ведения предвыборной агитации 01.11.2011 Р Е Ш Е Н И Е О заявлении Абышева Аскарбека Мусаевича 28.09.2011 №4 01.11.2011 Р Е Ш Е Н И Е О продлении сроков расчетов из избирательных фондов кандидатов на должность Президента Кыргызской Республики 29.09.2011 №5 Решение о поручении Ленинской и Свердловской территориальным избирательным комиссиям 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 15 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 16 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 17 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 18 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 19 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 20 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 21 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 22 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 23 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 24 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 25 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 26 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 27 11.11.2011 РЕШЕНИЕ № 28 15.11.2011 РЕШЕНИЕ №29 О заявлении Уметалиевой Токтайым Джумаковны 15.11.2011 РЕШЕНИЕ № 30 О заявлении Арабаева Калыбека 15.11.2011 РЕШЕНИЕ № 31 О заявлении Эгембердиева О.А. 15.11.2011 РЕШЕНИЕ № 32 О возврате избирательного залога кандидатам на должность Президента Кыргызской Республики 02.02.2012 РЕШЕНИЕ № 1 13.03.2012 РЕШЕНИЕ №2 Об отказе Дыйканову С. К. в возврате избирательного залога 23.03.2012 Решение №3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 Р Е Ш Е Н И Е №4 25.06.2012 РЕШЕНИЕ №5 Об установлении схем и границ избирательного округа и избирательных участков города Бишкек 08.07.2012 РЕШЕНИЕ №6 О мерах по ускорению процесса уточнения персональных номеров избирателей в Единой системе учета избирателей 08.07.2012 РЕШЕНИЕ №7 О возврате избирательных залогов, внесенных кандидатами в депутаты айылных кенешей 18.07.2012 РЕШЕНИЕ № 8 Об утверждении технического задания по развитию информационной системы «Единая система учета избирателей Кыргызской Республики» 04.10.2012 РЕШЕНИЕ №9 03.11.2012 РЕШЕНИЕ №10 Об участии Интернет-сайтов в предвыборной агитации 05.11.2012 РЕШЕНИЕ №11 10.11.2012 РЕШЕНИЕ № 12 19.11.2012 РЕШЕНИЕ № 13 21.11.2012 Решение № 14 21.11.2012 Решение № 15 21.11.2012 Решение № 16 22.11.2012 Решение № 17 22.11.2012 РЕШЕНИЕ № 18 24.11.2012 РЕШЕНИЕ № 19 26.11.2012 РЕШЕНИЕ № 20 Об организации и проведении голосования вне помещения участковыми избирательными комиссиями на выборах депутатов Бишкекского городского кенеша 06.12.2012 РЕШЕНИЕ №21 О рассмотрении представления прокурора г. Бишкек 06.12.2012 РЕШЕНИЕ №22 О рассмотрении представления прокурора Узгенского района Ошской области 06.12.2012 РЕШЕНИЕ № 23 О рассмотрении жалобы по выборам депутатов в Кара-Ойский айылный кенеш Иссык-Кульского района Иссык-Кульской области 06.12.2012 РЕШЕНИЕ №24 О рассмотрении жалобы по выборам депутатов в Семеновский айылный кенеш Иссык-Кульского района Иссык-Кульской области 06.12.2012 РЕШЕНИЕ №25 О рассмотрении жалобы по выборам депутатов в Кызыл – Суйский айылный кенеш Джети-Огузского района Иссык-Кульской области

М. Мамитовдун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына карата

арызы жөнүндө

 

2024-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК) Мамитов Мухаммадазизден Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 21-ноябрында анын арызын кароодон баш тарткандыгы жөнүндө арыз келип түшкөн.

Арыз ээси арызында, Гулистан айылдык кеңешинин №1-Фрунзе шайлоо округунун №5400 шайлоо участкасында шайлоо учурунда добуш берүү тартиби жана эрежелери бузулгандыгы тууралуу арызга тиркелген видеотасма тастыктайт деп маалымдаган.

2024-жылдын 23-ноябрында арыздарды жана даттанууларды кароо, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отуруму болуп, ага Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы – А.П. Байдөөлөтов жана арыздануучу М. Мамитов видеоконференция аркылуу катышып, маалыматтары угулду.

М. Мамитов өз сөзүндө 2024-жылдын 21-ноябрында Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына арыз бергендигин билдирди.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы – А.П. Байдөөлөтов арыз берүүнүн мөөнөттөрүн бузуу менен берилгендигин тастыктады.

Жумушчу топ арызды жана ага берилген материалдарды карап чыгып, видеотасмада көрсөтүлгөн №5400 шайлоо участкасынын ичиндеги жарандар тарабынан үгүт иштерин жүргүзүүнүн белгилери аныкталган жок экенин белгилейт.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 41-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык: “шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыз же даттануу менен кайрыла алат. Арыз, даттануу жүйөлүү болуп жана алар негизденген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.”

Мыйзамдын 43-беренесинин 1-3-бөлүктөрүнө ылайык: “добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине арыздар (даттануулар) менен талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партия, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алат.

Арыздар (даттануулар) добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген же шайлоонун натыйжалары аныкталган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет.”.

Ушуга байланыштуу, Борбодук шайлоо комиссиясы М. Мамитовдун арызын карап чыгып жана тараптарды угуп, Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын аракеттери негиздүү жана шайлоо мыйзамдарынын алкагында болгон деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы №212-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын кароосунун тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-жылдын 22-ноябрындагы М. Мамитовдун арызы канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу тобунун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 24-ноябры

№ 310