«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
Смотреть на YouTube
Другие видео
04-Авг, 2020
Чистые выборы зависят от каждого!
02-Авг, 2020
2020-жылдын 4-октябры Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнү. Шайлоо процесси бир катар үзгүлтүксүз этаптардан турат.
02-Авг, 2020
4 октября 2020 года выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва Выборный процесс имеет ряд последовательных этапов.
02-Июл, 2020
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоодо санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо камсыз кылынды
02-Июл, 2020
2020-жылдын 30-июнунунда, Ысык-Кѳл облусунун Түп районундагы Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү
03-Июн, 2020
Видео – Вебинар A-WEB об опыте Республики Корея в организации выборов во время пандемии Covid-19
03-Июн, 2020
Видео – Как проходили выборы в Южной Корее во время пандемии
06-Мар, 2020
2020-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндѳ чет ѳлкѳлѳрдѳ убактылуу жашап жаткан же жүргѳн Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунун шарттары жана ѳзгѳчѳлүктѳрү тууралуу маалымат
06-Мар, 2020
Информация об условиях и особенностях участия граждан Кыргызской Республики, временно проживающих или находящихся за рубежом в ходе выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, октябрь 2020 года
28-Май, 2018