Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктайт.
01 октября 2016
Кымбаттуу мугалимдер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен Борбордук шайлоо комиссиясынын жамаатынын жана жеке өз атыман чын дилимден куттуктайм!
Дүйнөдө эң асыл кесип кайсы десе, биринчи кезекте Мугалим деп жооп беребиз. Анткени, баарыбыз тең Билим мухитине карай алгачкы кадамды Мугалимдин – Эжей менен Агайдын жетегинде таштаганбыз.
Балага билим менен кошо адептүүлүк, чынчылдык, жакшылык иштерге умтулуу сыяктуу сапаттарды сиңирүү деген эң оор, түйшүктүү жана жоопкер милдет сиздерге жүктөлгөн.
Өлкөбүздүн демократиялык жол менен өнүгүүсүндө, эгемендигибиздин бекемделишинде Мугалимдин салымы зор. Калкыбыздын эң аӊ-сезимдүү жана активдүү өкүлдөрү катары билим берүү кызматкерлери шайлоо комиссияларында мүчө болуу менен шайлоолордун таза жана ачык өтүшүн камсыз кылууга чоң кол кабыш кылып жатышат. Бул ишиңиздер үчүн миң мерте алкыш айтабыз.
Жаркын майрамыӊыздар кут болсун!
Сиздерге чыӊ ден соолук, узак өмүр жана бакубаттык тилейм!
Өлкөбүз менен кошо өркүндөй берели!
Нуржан Шайлдабекова,
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы
