Кыргыз Республикасынын БШК өкүлдөрү Казакстандагы республикалык референдумга мониторинг жүргүзүүгө катышууда
15 марта 2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган өкүлдөрү КМШ, ШКУ жана ТМУ (Түрк мамлекеттер уюмунун) байкоо миссияларынын курамында Казакстан Республикасындагы республикалык референдумга мониторинг жүргүзүүгө катышууда.
КМШнын байкоо миссиясынын курамына КР БШК төрагасы Т. Шайназаров кирди, ТМУ миссиясынын курамында КР БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов, ал эми ШКУ миссиясынын курамында Кабылбек Мамбетаипов жана КР БШК аппаратынын кызматкерлери иш алып барышууда.
Мындан тышкары, КР БШКнын атайын өкүлдөрү жана системдик администраторлору КМШ миссиясынын алкагында Алматы жана Тараз шаарларындагы добуш берүү процессине мониторинг жүргүзүүгө катышып жатышат.
Референдумдун алдында КР БШК төрагасы Т. Шайназаров Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров менен жолугушуу өткөрдү.
Н. Абдиров референдумга даярдык көрүү жана шайлоо комиссияларынын жумуштары, ошондой эле эл аралык байкоочулардын катышуусу тууралуу маалымат берди. Ал байкоо жүргүзүүгө катышып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Т. Шайназаров референдумдун ийгиликтүү өтүшүн каалады.
Республикалык референдумга коюлган негизги маселе болуп, төмөнкү суроо менен кошо Казакстан Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору саналат: “Сиз Казакстан Республикасынын 2026-жылдын 12-февралында жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган жаңы Конституциясынын долбоорун кабыл аласызбы?”
14-мартта эл аралык байкоочулардын катышуусунда брифинг өткөрүлдү. Аккредитациянын жыйынтыгында референдумга байкоо жүргүзүүгө 38 чет мамлекеттен жана 11 эл аралык уюмдан 359 өкүл катышууда.
Шайлоочулардын тизмесине 12 461 796 адам киргизилген. Референдумду уюштурууга 10 658 комиссия, анын ичинде 247 аймактык комиссия жана 10 411 участкалык комиссия тартылган.
Чет өлкөлөрдө добуш берүү 62 чет мамлекеттеги Казакстан Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдындагы 80 шайлоо участогунда уюштурулган.
Эл аралык байкоочулар шайлоо участокторуна барышат, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салышат, ошондой эле добуштарды эсептөө процедурасына байкоо жүргүзүүгө катышышат.
Маалымат үчүн:
2026-жылдын 11-февралында Казакстан Республикасынын Президенти К. Токаев «2026-жылдын 15-мартында республикалык референдум өткөрүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.
Конституциянын долбооруна ылайык, негизги өзгөртүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт:
• эки палаталуу парламенттен бир палаталуу парламентке өтүү: учурдагы парламент Мажилис жана Сенаттан турат. Долбоордо 145 депутаттан турган жана кеңейтилген ыйгарым укуктарга ээ Курултай аттуу бир палаталуу парламент түзүү сунушталууда;
• парламент депутаттарын пропорционалдык шайлоо системасы боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлоо;
• президенттин ыйгарым укуктарын жети жылдык бир мөөнөт менен чектөө;
• президент тарабынан парламенттин (Курултайдын) макулдугу менен дайындалуучу вице-президенттин кызматын киргизүү;
• жана башка өзгөртүүлөр.



















