Башкы Жаңылыктар БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга 94 …

БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга 94 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

06-Апр, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-апрелиндеги жыйналышында Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү, Улуттук демократиялык институттун Өкүлчүлүгүнүн директорунун милдетин аткаруучусу, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин миссиясы, Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, «32 тобу» Мониторинг жана эксперттик борборунун Автономдук коммерциялык эмес уюмунун,  "Эл аралык илгерилетүү борборунун" Улуттук демилгелерди эл аралык илгерилетүүгө көмөктөшүү фондунун, Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин,  Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо, ошондой эле Шанхай Кызматташтык Уюмунун миссиясы, ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын тобу, КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын тобу 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө токтом кылды.

Чечим «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31  Мыйзамына  жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 ПЖ Жарлыгына ылайык,  «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, кабыл алынды.

2021-жылдын 6-апрелине карата 25 мамлекеттен төмөнкү уюмдардан 153 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөрүлдү:

  •  

Шайлоо органдары:

- 10

  •  

Эл аралык уюмдар:

- 9

  •  

Дипломатиялык өкүлчүлүктөр:

- 9

 

№

Чет мамлекеттердин шайлоо органдары

 

Саны

  1.  

Молдова

2

  1.  

Азербайжан

2

  1.  

Россия

2

  1.  

Украина

3

  1.  

Беларусь

2

  1.  

Түркия

2

  1.  

Казакстан

2

  1.  

Македония

4

  1.  

Өзбекстан

2

  1.  

Тажикстан

3

 

Бардыгы:

24

Эл аралык уюмдар

  1.  

Ханнс Зайделдин Фондунун КРдеги өкүлчүлүгү

1

  1.  

КМШ ПАА

54

  1.  

ШТУ

4

  1.  

НДИ

1

  1.  

ТТМКК

8

  1.  

ШКУ

15

  1.  

ЖКЖКУ ПА

12

  1.  

«32 тобу» Мониторинг жана эксперттик борборунун Автономдук коммерциялык эмес уюму (Россия)

17

  1.  

"Эл аралык илгерилетүү борборунун" Улуттук демилгелерди эл аралык илгерилетүүгө көмөктөшүү фонду (Россия)

2

 

Бардыгы:

114

Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр

 

  1.  

Япония Элчилиги   

4

  1.  

Россия Элчилиги   

2

  1.  

Иран Элчилиги   

1

  1.  

Афганистан Элчилиги   

1

  1.  

Тажикстан Элчилиги   

1

  1.  

Монголия Элчилиги   

1

  1.  

Франция Элчилиги   

2

  1.  

Швейцария Элчилиги   

1

  1.  

Азербайжан Элчилиги   

2

 

Бардыгы:

15

 

Бардыгы: 153

 

№

Жарандыгы боюнча

саны

  1.  

Азербайжан

12

  1.  

Албания

1

  1.  

Армения

2

  1.  

Афганистан

1

  1.  

Беларусь

6

  1.  

Индия

2

  1.  

Иран

1

  1.  

Казакстан

11

  1.  

КНР

4

  1.  

Мальдив Республикасы

1

  1.  

Молдова

4

  1.  

Монголия

1

  1.  

Пакистан

2

  1.  

Ирак Республикасы

1

  1.  

Македония Республикасы

4

  1.  

Россия

67

  1.  

Сауд Республикасы

1

  1.  

Тажикстан

7

  1.  

Түркия

5

  1.  

Өзбекстан

9

  1.  

Украина

3

  1.  

Франция

2

  1.  

ГФР

1

  1.  

Швейцария

1

  1.  

Япония

4

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>