Башкы Жаңылыктар ШКУ Миссиясы мыйзамдын бузулуусун тапкан жок, КР шайлоосун …

ШКУ Миссиясы мыйзамдын бузулуусун тапкан жок, КР шайлоосун ачык, эркин, легитимдүү өттү деп тааныды

11-Янв, 2021

ШКУ байкоочулар миссиясынын КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана КР референдумуна даярдыктын жүрүшү жана өтүшү боюнча билдирүүсү

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чакыруусу менен келген Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы (мындан ары – миссия) 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана КР башкаруу системасын аныктоо боюнча референдумуна даярдыктын жүрүшүнө, өтүшүнө байкоочулар мониторинг жүргүзүшкөн.

Миссияны ШКУ башкы катчысы В. И. Норов жетектеген. Анын курамында мыйзам чыгаруу органдарынан, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин дипломаттары бар эле.  Эл аралык байкоочуларды чакыруу – миссия тарабынан Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоону жана КР референдумун болушунча ачык-айкын жана демократиялуу өтүшүн камсыздоого умтулуусу деп баалайт.

1.  Миссиянын ишмердиги

Миссия өз функцияларын «ШКУ байкоочуларынын президенттик жана/парламенттик шайлоолордо, ошондой эле референдумдардагы миссиясы жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, саясый нейтралдуулук, обьективдүүлүк жана мамлекеттин ички ишине кийлигишпөө принцибин карманып, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык аткарды.

Шайлоо менен референдумдун алдында миссия мүчөлөрү Бишкек шаарындагы бир катар шайлоо участокторуна барып, алардын даярдыгы менен таанышышты.

Миссияны кабыл алган тарап миссиянын шайлоого жана референдумга мониторинг жасоосу үчүн бардык шарттарды түзүп берди. Шайлоо кампаниясы жана референдум боюнча толук маалымат берилип турду.

Миссиянын бардык бүтүмдөрү жана корутундулары миссиянын мүчөлөрүнүн жеке байкоолоруна жана иш жүзүндө Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун алдында жана өткөн күнү жыйналган материалдарга негизделди.

2021-жылы 10-январда добуш берүү күнү миссиянын мүчөлөрү шайлоо участокторуна саат 8.00дө келишип, бюллетендерди жана автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды даярдоого катышты.

Миссия мүчөлөрү Бишкек шаарында жайгашкан 50 шайлоо участогуна барышты. Алар барган участоктордо президенттикке талапкерлердин ишенимдүү адамдары, саясый партиялардан, жана коомдук уюмдардан, бир катар эл аралык уюмдардан өкүлдөр жана ЖМК өкүлдөрү болушту.

Шайлоо процессинин жүрүшүндө ишенимдүү адамдардан миссия дарегине арыздар, эскертүүлөр түшкөн жок.

2. Шайлоону жана референдумду өткөрүү үчүн мыйзамдык база  

Кыргыз Республикасынын мыйзамдык базасынын негизин КР Конституциясы жана «Кыргыз Республикасынын Президентин, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамы, «Референдумду (жалпы элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө» мыйзам жана башка ченемдик-укуктук документтер түзөт.

3. Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамындагы жаңы көрүнүштөр

Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, 2018-жылдын августунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын 2018-2020-жылдарда өркүндөтүү стратегиясы кабыл алынган.

Стратегиянын негизги максаты шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жакшыртуу, шайлоонун эркин жана демократиялуу принциптерин бекемдөө болуп эсептелет.

Мындан тышкары 2017-жылдан 2020-жылга чейин КР шайлоо мыйзамдарына бир катар оңдоолор, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР мыйзамына, «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө» КР мыйзамына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын макамы жөнүндө» мыйзамга, «Борбордун макамы жөнүндө» мыйзамга, «Ош шаарынын макамы жөнүндө» мыйзамына оңдоолор киргизилген.

«Кыргыз Респубикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын, 2019-жылдын 8-августундагы №116 «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» мыйзамдын административдик ресурсту пайдаланууга жол бербөө бөлүгүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Шайлоолорду маалыматтык камсыздоо жөнүндө бөлүм толукталып, жакшыртылган.

Шайлоо процессин сапаттык жактан жакшыртуу максатында жана шайлоо мыйзамын бузгандык үчүн жоопкерчиликти киргизүү үчүн, 2020-жылдын июлунда БШК КР мыйзамдарына, атап айтканда Бузуулар жөнүндө КР кодексине, Жоруктар жөнүндө КР кодексине, КР Кылмыш кодексине, КР административдик жоопкерчилик тууралуу кодексине жана башкаларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп чыккан.

2020-жылдын октябрында конституциялык мыйзамдын шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү бөлүгүнө өзгөртүүлөр кирген.

Уюштуруучулук иштерди жакшыртуу үчүн бир катар чаралар кабыл алынган (шайлоочулардын тизмесин тактоонун мөөнөтүн узартуу жана шайлоо дарегинин өзгөрүшү жөнүндө арыз берүүнүн формалары кеңейтилген, шайлоо тизмесинен өзү тууралуу маалыматты мамлекеттик порталдагы «шайлоочунун кабинети» аркылуу электрондук арыз берүү жолу менен тактоо).

4. Заманбап маалыматтык жана санариптик технологияларды колдонуу

Шайлоонун жана референдумдун жүрүшүндө максаты шайлоо өткөрүү убагында  шайлоочулардын келиши жөнүндө маалыматтарды жыйноо, жалпылоону билдирген маалыматтык процесстерди чагылдыруу жана добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системалары жана сервистери колдонулду.

Добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоочуну идентификациялоо анын биометрикалык жана жеке маалыматтары автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуу (АЭУ) менен жүрүп, алар автоматтык эсептөө жүргүзүп жана добуш берүүнүн жыйынтыгын БШК серверине жөнөтүп жатышты. Шайлоо участоктору байкоочулар көрүп тургудай АЭУ жеткиликтүү саны менен камсыздалып, атап айтканда добуш берүү үчүн имарат атайын жабдуулар менен (кабиналар, мониторлор, үкөктөр) камсыз болгон.

КР БШКнын веб-сайты (shailoo.gov.kg) БШКнын иштерин ар тараптан чагылыдырып, шайлоонун жүрүшү тууралуу толук маалыматтарды берип турду. «Тизме» (tizme.gov.kg) мамлекеттик порталында шайлоочулардын тизмеси жөнүндө маалымат электрондук форматта шайлоо участокторунун райондук, шаардык жана жалпы республика боюнча жайгашкан. 

«Шайлоочулардын эсебинин бирдиктүү системасы» маалыматтык системасы Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоого катышуу укуктарына кепилдик берет.

Кол менен саноо протоколдорун, АЭУ дүмүрчөктөрүн жана биометрикалык идентификацияны көрсөткөн веб-ресурс, АШК жана УШКлар боюнча автоматтык эсептөөчү урналарды, кол менен саналган протоколдун скан-версиясын, шайлоочуларды идентификациялоонун биринчи жана жыйынтыктоочу отчетторун чагылдырып турду.

«Талапкер» (talapker.shailoo.gov.kg) веб-ресурсу президенттикке талапкерлердин шайлоо алдындагы программаларын, негизги маалыматтарды жана алардын шайлоо фонддорунун маалыматтарын чагылдырып турду.

БШК сайтындагы «Арыздар менен кайрылуулар реестри» онлайн режиминде шайлоонун жүрүшүндө түшкөн бардык арыздар жана даттанууларды, аларды шайлоо комиссияларынын жана соттордун кароосун арыздар, даттануулардын скан-версиясын  кабыл алынган чечимдер, сот актылар менен бирге чагылдырып турду.

Шайлоодо КР БШК расмий сайтында КР Президенттигине талапкердин шайлоо алдындагы программасы, финансылык отчеттуулук финансылоонун бардык беренелери боюнча чыгымдары көрсөтүлүүсү менен жайгаштыруу талабы аткарылды.

Мындан тышкары шайлоону өткөрүү боюнча бир катар үйрөтүүчү вебинарлар жана видеороликтер уюштурулган.

Шайлоо участогунун номерин мобилдүү телефондор аркылуу текшерүүгө мүмкүн болгон жалпы портал иштелип чыккан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары социалдык тармактардан жана мобилүү тиркемелер аркылуу шайлоо кампаниясынын жүрүшүнө көз салып турушту.

2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде жарандардын ден соолугун сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоону камсыз кылуу максатында, КР Боршайкому жана КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «2021-жылдын 10-январындагы КР Президентин шайлоого жана референдумга даярдык көрүү жана өткөрүү убагында жарандарды КОВИД-19 дартынан коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча аракеттердин алгоритми» иштелип чыккан. 

Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо максатында шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрү зарыл болгон жекече коргоо каражаттары менен камсыз болушкан. Участоктордун имараттарында санитайзерлер болуп, дезинфекциялар жасалып турду.

5. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер

2020-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү аяктаган. КР БШКсына КР Президенти кызматына көрсөтүү жөнүндө 65 арыз түшкөн (8 аял, 57 эркек). Алардын ичинен 64 өзүн-өзү көрсөткөндүгү боюнча документ беришсе, 1 саясый партия тарабынан көрсөтүлгөн.

2020-жылдын 19-ноябрында КР БШКсы 12 талапкерге документин кайтарып берген: 9 талапкер мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификатты көрсөтүшкөн эмес, 3 талапкердин соттуулугу жокко чыгарылган эмес. БШКга 6 талапкерден шайлоонун мындан аркысына катышпоо тууралуу арыз түшкөн. БШК КР Президентине талапкерликти көрсөтүү этабынын жыйынтыгын чыгарып, көрсөтүлгөн талапкерлердин 47 тууралуу маалыматтарды жарыялаган. 2020-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына 18 талапкер катталып, алар кол тамгалар коюлган баракчаларды тапшырып жана күрөөнү төлөшкөн:

1.         Жапаров Садыр Нургожоевич

2.                Исаев Канатбек Кедейканович

3.                Арстанбек Мыктыбек

4.                Сооронкулова Клара Сыргакбековна

5.                Ташов Имамидин Асамидинович

6.                Тагаев Рашид Бакирович

7.                Сегизбаев Абдил Кенешевич

8.                Мадумаров Адахан Кимсанбаевич

9.                Касенов Аймен Абдыталипович

10.              Кочкоров Улукбек Тойчубаевич

11.              Байгуттиев Женишбек Сейтбекович

12.              Абакиров Эльдар Курманбекович

13.              Асанов Курсан Сатарович

14.              Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич

15.              Джеенбеков Равшан Бабырбекович

16.              Калмаматов Бактыбек Орозалиевич

17.              Тольбаев Бабыржан Латиханович

18.              Иманалиев Каныбек Капашович

 

Ошол эле учурда Рашид Тагаев шайлоого  катышуудан баш тартып, өз талапкерлигин алып салган.

                   6. Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумун өткөрүү

2020-жылдын 10-декабрында «Референдумду (жалпы элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, КР Президентинин милдетин аткаруучу, КР ЖК төрагасы Т. Мамытов «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө» мыйзамга кол койгон.  

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, референдум Кыргыз Республикасынын бардык территориясында дайындалып, Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын тандоо боюнча суроо коюлган: 1) президенттик республика; 2) парламенттик республика; 3) бардык варианттарга каршы.

7. Шайлоо алдындагы агитация

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы агитация жүргүзүү жобосуна ылайык, шайлоо алдындагы агитация шайлоого 30 күн калганда башталып, добуш берүүгө бир сутка калганда токтотулду.

Президенттикке талапкерлер бирдей шарттарда агитациялык иштерди жүргүзүштү (ЖМК аркылуу, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана социалдык аралыкты сактоо менен массалык иш-чараларды уюштуруу жана КР ченемдик-укуктук актыларында каралган агитациялык материалдарды чыгаруу таратуу жолдору менен). Мындан тышкары борбордук телеканалдар аркылуу шайлоо алдындагы агитацияны жүргүзүү эрежелери боюнча кеңири түшүндүрүү иштери ишке ашырылды.

8. Кемтилгеси бар шайлоочулар үчүн шарттар

Кыргызстандын бардык территориясы боюнча тиешелүү шарттар түзүлүп, кемтилгеси бар адамдар конституциялык укуктарын бирдей жана эркин ишке ашыруусуна жол ачылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы кемтилгеси бар адамдардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу үчүн көп ишти аткарган. Атайын форматтарды колдонуу менен маалыматтык материалдар даярдалган.

БШКнын расмий сайтында мындай адамдар үчүн «өзүн шайлоо тизмесинен тактоо жөнүндө», «добуш берүүнүн тартиби жөнүндө», «чет өлкөлөрдө шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө» аудио-материалдар, ошондой эле «кемтилгеси бар адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашыруунун чаралары жөнүндө» видеоролик жайгаштырылган. Шайлоо участогуна кирүүдө кемтилгеси бар адамдарга шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жардам бериши үчүн «чакыруу кнопкасы» көрсөткүч табличкалары даярдалган.  

Ар бир участокто кемтилгеси бар адамдар бюллетень толтуруусу үчүн көрсөткүч стикери бар бирден кабина жайгашып ал чоңойтуп көрсөтүүчү айнек (лупа) жана Брайль трафарети менен жабдылган. БШК имаратында call-борбор уюштурулуп, анын операторлору болуп кемтилгеси бар адамдар иштешет. Шайлоо участокторунда пандус курулган.

9. Шайлоого жана референдумга даярдыктар

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы №263-токтому менен, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун күнү 2021-жылдын 10-январы болуп аныкталган.

2020-жылдын 11-декабрында КР Президентинин милдетин убактылуу аткаруучу Т. Мамытов «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январына дайындоо жөнүндө» мыйзамга кол койгон.

КР БШКсы тарабынан КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чараларынын календарлык планы иштелип чыгып, алты жумушчу тобу түзүлгөн.

Шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүү үчүн бардык зарыл болгон жабдуулар, инвентарлар менен камсыз болушкан.

БШК Кыргызстандын бардык аймагы боюнча 2428 шайлоо участогун түзгөн, ошондой эле чет мамлекеттерде жүргөн жана жашаган КР жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу үчүн КР чегинен тышкары 48 шайлоо участогу негизделген. Бардыгы 2476 УШК.

Шайлоого байкоону дүйнөнүн 44 мамлекетинен 34 эл аралык уюмдун атынан 333 эл аралык байкоочулар жүзөгө ашырышты. Ошондой эле чет элдик ЖМК 100 өкүлү КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумдун өтүшүн чагылдыруу үчүн аккредитацияланган.

КР БШКсы КР ТИМи менен бирдикте эл аралык байкоочу катары катышуу үчүн чет мамлекеттердин борбордук шайлоо комиссияларына (КМШ аткаруу комитетине, ЕККУ ДИАУБ, ШКУ, ТТӨК, ИКУ), ошондой эле дүйнөнүн, Европа менен Азиянын шайлоо уюмдарынын ассоциациясына чакырууларды жиберген.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, консулдук мекемелердин өкүлдөрүнө, ошондой эле парламенттердин, парламенттер аралык бирикмелердин өкүлдөрү да чакырылган. КР ЖК төрагасынын атынан КМШ ПААсы, ЖККУ, ЕККУ ПАсы, ТүркПА уюмдарына чакыруулар жиберилген.

10. Негизги бүтүмдөр

Шайлоо кампаниясынын алкагындагы иш-чаралар ачык өткөрүлүп, жалпыга маалымдоо каражаттарында кенен жана КР мыйзамдарына ылайык чагылдырылып жатты.

КР Президенти кызматына катталган бардык талапкерлерге алардын саясый партияга тиешелүүлүгүнө, саясый көз караштарына карабастан агитациялык иш-чаралар үчүн бирдей шарттар түзүлгөн. Шайлоо кампаниясынын бардык этаптары тиешелүү мыйзамдарга ылайык чагылдырылды, талапкерлердин программалары жарыяланды, бул шайлоо кампаниясынын ачыктыгын көрсөтүп турат.

Миссия шайлоо абдан кеңири атаандаштык негизде, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу менен, жарандарга өз алдынча аң-сезимдүү тандоо жасоого жагымдуу шарттарды түзүү менен өткөндүгүн белгилейт.

Миссия Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдуму тиешелүү мыйзамдардын негизинде жана Кыргыз Республикасы кабыл алган эл аралык милдеттенмелерге ылайык өткөндүгүн билдирет.

Миссия тарабынан улуттук шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы белгиленген жок.  

Миссия болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум ачык, эркин жана легитимдүү өткөндүгүн тааныйт.

Миссия болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча  референдум, Кыргыз Республикасындагы демократиялык процесстерди дагы өнүктүрүү жолундагы маанилүү кадам болгондугун белгилейт.

Миссия Кыргыз Республикасынын элин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөргөндүгү менен куттуктайт жана суверенитет менен көз карандысыздык дагы бекемдөөдө жана социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүдө ийгиликтерди каалайт.

Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык

байкоочулар миссиясы 10-январь,

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>