Башкы Жаңылыктар БШК дагы 14 эл аралык байкоочуну аккредиттеди

БШК дагы 14 эл аралык байкоочуну аккредиттеди

18-Сен, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 18-сентябрындагы жыйналышында белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык байкоочу катары эл аралык уюмдардын төмөнкү өкүлдөрүн аккредиттөө жөнүндө токтом кылды:

Ирет №

Күб.№

Байкоочу өкүлү болгон эл аралык уюм

Ф.А.А.

 

Өлкө

Ээлеген кызмат орду

  1.  
  1.  

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)

Постивый Сергей Александрович

Украина

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү

  1.  
  1.  

Украинанын БШКсы

Шараг Екатерина Дмитриевна

Украина

Украинанын БШКсынын катчылыгынын жетекчилиги

  1.  
  1.  

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги

Харази

Саид

Иран Ислам Республикасы

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси

 

  1.  
  1.  

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги

Ростамиян

Таги

Иран Ислам Республикасы

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин биринчи кеңешчиси

  1.  
  1.  

Конрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азия регионундагы өкүлчүлүгү

Хайне Ронни Дирк

Германия Федеративдүү Республикасы

Конрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азия регионундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

  1.  
  1.  

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ)

Покраяц

Саша

Сербия Республикасы

ЕККУнун ДИАУБдун узак мөөнөттүү байкоочуларынын координатору

 

  1.  
  1.  

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ)

Ханжин

Андрей

Сергеевич

Россия Федерациясы

ДИАУБдун Миссиясынын улуттук азчылык маселелери боюнча эксперти

 

  1.  
  1.  

Нидерланд  Королдугунун  Кыргыз Республикасындагы элчилиги

Карстенс

Андрэ

Нидерланд  Королдугу

Нидерланд  Королдугунун  Кыргыз Республикасындагы Элчиси

  1.  
  1.  

Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгү

Левовски

Рената Василевна

Молдова Республикасы

Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгүнүн директору

  1.  
  1.  

Эл аралык өнүгүү боюнча Корея агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү

Хонг Ын Хе

Корея Республикасы

Эл аралык өнүгүү боюнча Корея агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары

  1.  
  1.  

Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)

Сироткин Сергей Никанорович

Россия Федерациясы

Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү

  1.  
  1.  

Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)

Абдусаломов Мирза –Улугбек Элчиевич

Өзбекстан Республикасы

Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы

  1.  
  1.  

Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

Алимов Шерзод Батырович

Өзбекстан Республикасы

Өзбекстан Республикасынын БШКсынын МКТ менен иштөө боюнча бөлүмүнүн начальниги

  1.  
  1.  

Израиль Мамлекетинин Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы элчилиги

Френкель Галина

Израиль

Израиль Мамлекетинин Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы элчилигинин консулу

 

Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-октябрындагы №197 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет
28-Окт, 2026

КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле мектеп президенттери менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.Иш-чарага Департаменттин директорунун орун басары Рустам Алишеров, уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Улукбек Муратбеков, Департаменттин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин төрагасы Данияр Бекишов, ошондой эле Бишкек шаарынын активисттери Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө жаш муундун жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу багытында өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Департаменттин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландары талкууланды.Бул меморандум жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө жана жарандык билим берүү, жаштар менен иштөө багыттарында мындан аркы биргелешкен кызматташтык үчүн укуктук негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен аракеттер жаштарды коомдук-саясий турмушка тартуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө, ошондой эле мектеп окуучуларынын жана жаштардын жарандык активдүү позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
28-Окт, 2026

Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 28-октябрда, Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
27-Окт, 2026

Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 27-октябрда, Эсенбеков Азамат Эсенбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>