Башкы Чет өлкөдөн добуш берүү Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөлөрдө шайлоочулардын тизмесине кирүүсүнүн …

Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөлөрдө шайлоочулардын тизмесине кирүүсүнүн тартиби

Мыйзамдар жана укуктук ченемдик актылар Видео Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун тизмеси Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөлөрдө шайлоочулардын тизмесине кирүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгѳн шайлоо комиссияларында добуш берүүнү уюштуруу тартиби Добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү тартиби Байланышуу Жумушчу топ Материалдар Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын чет ѳлкѳлѳрдѳгү жарандарынын катышуусу боюнча суроолор жана жооптор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо - 2020-жылдын 4-октябры Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо - 2021-жылдын 10-январы 2021-ж. 11-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору боюнча референдум Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө даярдоо, 2021 күз КР жарандарынын чет өлкөлөрдө шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча кыскача маалымат

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык:

- 2 берененин 2 пунктунун негизинде, шайлоо мезгилинде анын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктары, өздөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан камсыз кылынат.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары аккредитациялаган өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча тышкы иштер маселелерин тескеген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча түзүлгөн шайлоо участокторунда, эреже катары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн аймагында добуш беришет.

- 14-берененин 6-бөлүгүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) каттоого турган жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтар тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясына добуш берүү күнүнө чейин 85 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүп берилет.

Жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүктө, же консулдук мекемеде биометрикалык каттоодон өткөн жана консулдук каттоого турган Кыргыз Республикасынын жараны шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кирет.