Даттануу / Жалоба №4

Адылов Бакыт

катар № 4
АШК/БШКга келип түшкөн күнү 18.08.2020
Кайрылуунун түрү Даттануу / Жалоба
Арыз ээси жөнүндө маалымат Адылов Бакыт
-
Кыскача мазмуну Жалал-Абад шаарындагы 4,3, 21 мектептеринде жана Медучилище шайлоо участкаларында шайлоо укуктары аталган участкалык комиссиялары тарабынан одоно бузулуп жатат. Тагыраак айтканда форма 2 менен катталууга келген адамдарды негизсиз каттоодон баш тартып, жарандардын шайлоого болгон укугун тикелей тебелеп жатат. Келген жарандарды лимиттен аштык, интернет иштебей жатат, бугун дем алуу куну деген ар кандай негизсиз жуйоолорду келтиришуудо. Жогорудагылардын негизинде тез арада белгиленген участкалык комиссияларга чара коруп, адамдардын шайлоо укугун калыбына келтируунуздорду сурайм.

Даттануу

БШКнын Жумушчу тобунда каралган күн
жана ЖТ Чечими
2020-жылдын 19-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун кароосуна Жалал-Абад шаарынын аймагындагы № 3, 4, 21-мектептеринин жана Медициналык училищенин имараттарында жайгашкан участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоо укуктары одоно бузулуп жаткандыгы жөнүндө кайрылуу келип түшкөн.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 44-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык “Участкалык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын шайлоо жүрүмүнүн субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) аймактык шайлоо комиссиясына даттанылат.”.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, арызда көрсөтүлгөн жүйөлөрдү тыкыр иликтеп, кабыл алынган чечимдер жөнүндө арыз ээсине жана Борбордук шайлоо комиссиясына билдирүүңүздөрдү сурайбыз.

ЖТнын чечими

Сотко даттануу болгонбу жок