Даттануу / Жалоба №2

Турков М.М.

катар № 2
АШК/БШКга келип түшкөн күнү 16.07.2020
Кайрылуунун түрү Даттануу / Жалоба
Арыз ээси жөнүндө маалымат Турков М.М.
-
Кыскача мазмуну 2020-жылдын 4-июлунда, саат 12.22, Жогорку Кеңештин депутаты Ж.Акаев өзүнүн фейсбуктагы баракчасына депутат Наталья Никитенко экөөбүз кечээ Ысык-Көлдөн Бишкеке жардамга келген врачтарды тостук. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен сүйлөшүп, жалпысы он алты врачтын пандемия учурунда гостиница, тамак-аш, транспорт чыгымдарын эки депутат мойнубузга алдык. Аймактан атайын элибизди сактоо ниети менен келген медиктерибизге чексиз рахматыбызды айттык. Достор , эгерде кимде ким дагы отель берем, врачтарга колдоо кылам дегендер болсо жазыныздар.
Жогорку Кеңештин депутаттары Ж.Акаев менен Н. Никитенконун кыймыл аракеттеринде көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3- жана 4-бөлүктөрүн одоно түрдөө бузуу болгонун жана аларды "Ата-Мекен" саясий партиясынан Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер катары катталбашын суроо жөнүндө/

Даттануу

БШКнын Жумушчу тобунда каралган күн
жана ЖТ Чечими
2020-жылдын 8-июлунда Борбордук шайлоо комиссиясы КРнын ЖКнин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин билдиришкен саясий партияларга карата кайрылуу кабыл алгандыгын белгилейбиз, кайрылууда шайлоого катышуу ниетин билдиришкен саясий партияларга конституциялык Мыйзамда белгиленген нормаларды бузган аракеттерди болтурбоо, мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке кабылбоо боюнча сунуштар айтылган.
Ошону менен бирге, Борбордук шайлоо комиссиясы КРда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жардам көрсөтүүнү көздөгөн саясий партияларга мындай жардамдарды республикалык штаб жана/же жергиликтүү мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлгөн штабдар аркылуу көрсөтүүсүнө алардын көңүлүн бурат.
Мындан тышкары, КРнын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо маселеси жана үгүт эрежеси боюнча БШКнын мүчөлөрү, медиа-уюмдардын өкүлдөрү, ишке тартылган адистер кирген Жумушчу топ түзүлгөнүн билдиребиз, ал жерде жарандардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин бардык кайрылуулары, даттануулары жана арыздары каралууда.
Жумушчу топ шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн белгиленген тартибин сактоо жана жол берилген бузууларга, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан шайлоочуларды сатып алууга бөгөт коюу жана четтетүү боюнча чараларды өз учурунда кабыл алууга көзөмөл жүргүзүп, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салган колдонуудагы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө материалдарды топтоп жана системага салууну ишке ашырып жатканын маалымдайбыз.

ЖТнын чечими

Сотко даттануу болгонбу жок