Шайлоо комиссияларына келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
Шайлоо укуктарын бузуу жөнүндө арыздарды (даттанууларды) шайлоо процессинин субъекттери (катышуучулары) өздөрүнүн шайлоо укуктары бузулгандыгы жөнүндө өздөрүнө белгилүү болуп калган, чечимдер кабыл алынган, аракеттер (аракетсиздик) жасалган учурдан тартып, бирок 2 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына берет.
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө, анын ичинде тиешелүү протоколдорду бекитүү жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине арыздар (даттануулар) добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленген жана шайлоонун натыйжалары аныкталган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет.
УШК, АШК, БШК тарабынан арыздар (даттануулар) келип түшкөн учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө каралат;
- эгерде шайлоону жана референдумду даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арызда (даттанууда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен кабыл алынат;
- добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн мурунку күнү келип түшкөндөр – токтоосуз каралууга жатат.
Катталгандан кийин арыздар (даттануулар) токтоосуз түрдө Жумушчу топтун кароосуна берилет, ал топ арыздарды (даттанууларды) алдын ала кароону жүзөгө ашырат, чечим долбоорун АШКнын, БШКнын отурумуна алып чыгат
Чечимдер АШКнын, БШКнын отурумунда кабыл алынат.
Арызды (даттанууну) кароо күнү, убактысы жана орду жөнүндө (электрондук почта боюнча, жазуу жүзүндө, телефон байланышы менен) кабарландырылат.
Арызды (даттанууну) кароо учурунда колдо болгон бардык далилдер изилденет, арызды (даттанууну) берген адам жана (же) анын өкүлдөрү, ошондой эле чечими, аракети (аракетсиздиги) даттанылып жаткан адам, орган, ошондой эле зарылчылык болгон учурда башка таламдаш тараптар же алардын өкүлдөрү угулат.
Аймактык шайлоо комиссиясы караган бардык арыздар (даттануулар) Шайлоочулардын укуктарын бузуу фактылары жөнүндө реестрде (кагаз нускада, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында) чагылдырылууга тийиш, мында Реестрдин кагаз нускасы ар күндөгү негизде Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.
Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алган чечим тез арада Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланат.
УШКнын, алардын кызмат адамдарынын шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укугун бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) АШКга даттанылат.
АШКнын, алардын кызмат адамдарынын шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укугун бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) БШКга даттанылат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиктери) биринчи инстанциядагы сотко, биринчи инстанциядагы соттун чечими Жогорку Сотко даттанылат. Жогорку Соттун чечими биротоло болуп саналат жана даттанылууга жатпайт.