Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы РЕГЛАМЕНТИ
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2025-жылдын 10-сентябрындагы № 73
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
РЕГЛАМЕНТИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) ишин жүзөгө ашыруунун тартибин жана эрежелерин аныктайт.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы конституциялык макамга ээ, туруктуу иштеген мамлекеттик орган болуп саналат жана өз ишмердүүлүгүн мыйзамдуулук, айкындуулук, ачыктык, көз карандысыздык, коллегиялдуулук, адилеттүүлүк жана калыстык принциптеринин негизинде алып барат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын шайлоолорун, ошондой эле Кыргыз Республикасында референдумдарды (жалпы элдик добуш берүү) уюштурат жана өткөрөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялардын тутумун жетектейт.
Борбордук шайлоо комиссиясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын аткаруунун алкагында ведомстволор аралык жана ички жумушчу топторду түзөт, ошондой эле алардын ишин координациялайт.
4. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана анын ишмердүүлүгүнө тиешелүү башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле ушул Регламент менен жөнгө салынат.
5. Борбордук шайлоо комиссиясы өз ишмердүүлүгүн мамлекеттик органдарга, коомдук бирикмелерге жана кызмат адамдарына көз карандысыз жүргүзөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүнө кийлигишүүгө жол берилбейт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
6. Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чечимдер мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын кызмат адамдары, саясий партиялар (алардын ɵкүлдɵрү), коммерциялык эмес уюмдар, талапкерлер (алардын ɵкүлдɵрү), байкоочулар, демилгелүү топтордун мүчөлөрү, шайлоочулар, референдумдун катышуучулары, ошондой эле шайлоо комиссиялары үчүн милдеттүү.
7. Борбордук шайлоо комиссиясынын жайгашкан жери (почталык дареги): 720040, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 50.
Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайты – www.shailoo.gov.kg.
8. Ушул Регламент менен жөнгө салынбаган маселелер Борбордук шайлоо комиссиясынын башка укуктук актылары менен аныкталат.
2-глава. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, төраганын орун басарлары жана мүчөлөрү
9. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы:
1) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коммерциялык эмес, эл аралык жана башка уюмдарда Борбордук шайлоо комиссиясынын атынан чыгат;
2) Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүн уюштурат;
3) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарын чакырат жана төрагалык кылат;
4) анын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
5) Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдоруна жана башка документтерине кол коёт;
6) Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдеринин ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
7) Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басарларынын жана мүчɵлɵрүнүн ортосунда милдеттерди жана тапшырмаларды бөлүштүрөт;
8) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жалпы жетекчилик кылат;
9) тɵраганын орун басарларынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгүн координациялайт жана көзөмөлдөйт;
10) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын штаттык санын, түзүмүн жана чыгымдарынын сметасын бекитет;
11) колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин жана штаттан тышкаркы кызматкерлерди ишке кабыл алууну жана бошотууну (ишке тартылган кызматкерлерди жумушка алуу боюнча эмгек келишимин түзөт, өзгөртөт жана токтотот) жүзөгө ашырат;
12) шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгүн каржылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечет;
13) Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине келип түшкөн бардык сунуштар, арыздар жана даттануулар жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө маалымдайт жана аларды карап чыгуу боюнча ишти уюштурат;
14) жыл сайын 1-июндан кечиктирбей Жогорку Кеңешке шайлоолорду, референдумдарды даярдоонун жана өткөрүүнүн практикасы жөнүндө; жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө; шайлоо мыйзамдарын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө ар жылдык баяндаманы жана шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча мыйзам чыгаруу сунуштарын берет;
15) Борбордук шайлоо комиссиясынын тɵрагасынын орун басарларына, аппараттын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын колдонот;
16) Борбордук шайлоо комиссиясынын сыйлыктары менен сыйлайт, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн, аппараттын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, жогорку класстык чендерди, ардактуу жана Кыргыз Республикасынын башка атайын наамдарын ыйгарууга көрсөтөт;
17) белгиленген тартипте жарандарды жеке кабыл алат жана алардын кайрылууларын белгиленген тартипте каралышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
18) коррупцияга каршы аракеттер боюнча иштерди уюштурат;
19) Конституцияда жана Кыргыз Республикасынынн мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
10. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгон учурда (ооруп калган учурда, иш сапарында, эмгектик же башка өргүүлөргө чыкканда) анын ыйгарым укуктарын, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын тиешелүү буйругунун негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын тɵрагасынын орун басарларынын бири аткарат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана анын орун басарларынын бир учурда жумуш ордунда жок болушуна жол берилбейт.
11. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басарлары:
1) Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгон же өз ыйгарым укуктарын ишке ашыра албаган учурда (ооруп калган учурда, иш сапарында, эмгектик же башка өргүүлөргө чыкканда) анын милдеттерин аткарат.
2) Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүн жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда чагылдырууну уюштурат, шайлоолордун жана референдумдардын маалыматтык ɵнɵктүгүн координациялайт, коомчулук менен байланыш түзөт;
3) белгиленген тартипте жарандарды кабыл алууну жүзөгө ашырат;
4) өз ыйгарым укуктарынын чегинде тапшырмаларды берет.
12. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын тапшырмасы боюнча төмөн турган шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга жана жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары тууралуу билдирүүгө;
2) шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде түзүлгөн жумушчу топторго жетекчи болуп дайындалган учурда анын ишин координациялоого. Төрага менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган шайлоо процессинин субъектилерине Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий бланкында каттарга кол коюп жөнөтүүгө;
3) Борбордук шайлоо комиссиясынын сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте тиешелүү комиссиянын кароосуна киргизүүгө;
4) Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда келип чыгуучу кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу, “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт.
13. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген ченемдер менен бирге төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизилген маселелерди талкуулоодо жыйналыштарга жеке ɵзү катышууга;
2) кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келиши мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, жыйналыштарда талкууланган маселелер боюнча добуш берүүгө;
3) Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына жүйөлүү себептер боюнча (ооруп калуу, өргүүдө же кызматтык иш сапарында болуу ж.б.) жыйналышка катышууга мүмкүн эместиги жөнүндө кабарлоого;
4) шайлоо, референдум маселелери жана Борбордук шайлоо комиссиясынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча ченемдик-укуктук актыларды даярдоого активдүү катышууга;
5) төмөн турган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө окууларды өткөрүүгө;
6) белгиленген тартипте жеке жана юридикалык жактарды, алардын өкүлдөрүн кабыл алууга жана кайрылууларын кароого;
14. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн статусу жана ишмердүүлүгүнүн негизги кепилдиктери “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен жөнгө салынат.
3-глава. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары
15. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук формасы болуп анын жыйналыштары саналат, алар зарылчылыкка жараша, бирок шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жумасына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышы төрага тарабынан же Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн биринин талабы боюнча чакырылат.
16. Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына тиешелүү бардык маселелер Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында каралат. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары ачык жана айкын өткөрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык жыйналыштарын уюштурууну камсыз кылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты ишке ашырат.
Жыйналыштар Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат тармактарында түз эфирде көрсөтүлүшү мүмкүн.
17. Эгерде жыйналышка Борбордук шайлоо комиссиясынын белгиленген курамынын көпчүлүк мүчөсү катышса, ал укук ченемдүү болуп саналат.
Жыйналышта кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу белгилүү бир мөөнөткө, бирок 30 мүнөттөн ашпаган убакытка танапис жарыялайт.
Эгерде танапис убагында кворумдун болушу камсыз кылынбаса, анда жыйналыш кийинкиге жылдырылат.
18. Жыйналыштар Борбордук шайлоо комиссиясы туруктуу турган жерде же көчмө жыйналыш өткөрүү жолу менен өткөрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары зарыл болгон учурда көрмө конференц байланышты колдонуу менен өткөрүлүшү мүмкүн.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү көрмө конференц байланышты колдонуу менен өткөрүлгөн жыйналышка катышкан учурда, ал тийиштүү жыйналышка катышты деп эсептелинет.
Эгерде тиешелүү жыйналыштын күн тартибине жашыруун добуш берүү жүргүзүлө турган маселе, жана (же) добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу, шайлоолордун, референдумдардын натыйжалары жөнүндө протоколдорго кол коюуга жана жыйынды таблицаларга байланышкан маселе киргизилген учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жеке өзү катышат жана кол коёт.
19. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына аппараттын жетекчиси, төраганын кеңешчиси, аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле жыйналыштын күн тартиби боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын актыларынын долбоорлорун даярдаган кызматкерлер катышууга милдеттүү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарына тиешелүү талапкерлер, алардын ишенимдүү адамдары, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, аккредиттелген же чакырылган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, демилгечи топтордун ɵкүлдɵрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар катышууга укуктуу.
20. Жыйналышты өткөрүү күнү жана убактысы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан белгиленет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн кабарлоо аппарат тарабынан эреже катары жыйналышка кеминде бир күн калганда камсыз кылынат. Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде билдирүү жыйналыш күнү жөнөтүлүшү мүмкүн.
21. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын күн тартиби тиешелүү түзүмдүк бөлүм тарабынан даярдалат, документтердин долбоорлору Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таанышуу үчүн жыйналыш башталганга чейин бир күн мурда таратылып берилет. Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде документтер жыйналыш өткөрүлгөн күнү берилиши мүмкүн.
22. Жыйналыштын күн тартибинин долбооруна жыйналышта каралууга тийиш болгон маселелер, аларды кароонун кезектүүлүгү, ар бир маселени даярдоого жооптуу баяндамачылар (кошумча баяндамачылар), ошондой эле башка маалыматтар киргизилет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчиси төраганын, төраганын орун басарларынын тапшырмасы же мүчөлөрдүн сунушу боюнча жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине жыйналыштын күн тартибине киргизилген ар бир маселе боюнча зарыл материалдарды даярдоого тапшырма берет.
Аппараттын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси тиешелүү маселе боюнча материалдарды даярдайт жана аларды тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөр менен макулдашат, белгиленген тартипте визаларды чогултат жана аларды иш кагаздар менен иштөө секторуна берет.
Жыйналышка даярдалган долбоорлорго, милдеттүү түрдө аткаруучу (котормону жүргүзгөн кызматкер, эгер болсо), жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, укуктук жактан камсыздоо маселеси боюнча түзүмдүк бөлүм, төраганын кеңешчиси, аппарат жетекчиси жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары тарабынан виза коюлууга тийиш.
23. Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча берилген материалдарга төмөнкүлөр кирет:
– токтомдун же чечимдин (жобо, нускама, регламент, эреже, тартип, катышуучулардын тизмеси жана башкалар) долбоорлору жана алардын тиркемелери;
– каралып жаткан маселе ар тараптуу талдоого жана объективдүү баа берүүгө дуушар болгон финансылык-экономикалык жана башка эсептер, алар боюнча маалымдама жана аналитикалык документтер;
– салыштырма таблицасы - эгерде киргизилген долбоордун кабыл алынышына байланыштуу айрым токтомдорго же чечимдерге (жобого, нускамага, регламентке, эрежеге, тартипке) өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсе, ошондой эле алар күчүн жоготту деп эсептелсе.
Аппараттын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчилери жыйналышка киргизилген материалдардын мыйзамдуулугу, негиздүүлүгү жана сапаты, берилген маалыматтын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
24. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жыйналыштын күн тартибине киргизилүүчү маселелери боюнча материалдарды чогултуу, жыйналышты өткөрүү боюнча уюштуруу иш-чараларын аппараттын иш кагаздар менен иштөө сектору жүзөгө ашырат.
4-глава. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышын өткөрүү тартиби
25. Жыйналышты уюштурууга жооптуу түзүмдүк бөлүм, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана жыйналышка катышууга чакырылган адамдарды каттайт жана бул жөнүндө төрагалык кылуучуга билдирет. Чакырылган адамдар жөнүндө маалымат жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелерге ылайык, кезектүүлүк тартибинде төрагалык кылуучу тарабынан жарыяланат.
26. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышы күн тартибинин долбоорун талкуулоодон башталат. Күн тартиби Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен бекитилет.
Күн тартибинин долбоорундагы маселе Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча күн тартибинен алынып салынышы мүмкүн.
27. Төрагалык кылуучу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында:
– Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышын алып барат;
– Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын күн тартибине киргизилген маселелерди талкуулоону уюштурат, аны добуш берүүгө коёт;
– Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жана чакырылган адамдарга кезектүүлүк тартибинде сөз берет;
– Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бардык сунуштарын, алардын келип түшкөн тартибинде добушка коёт;
– добуш берүү учурунда акыркы болуп добуш берет;
– добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялайт;
– Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана чакырылган адамдар тарабынан ушул Регламенттин жоболорунун сакталышын камсыз кылат;
– Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын ишине тоскоолдук кылган чакырылган адамдарды жыйналыштар залынан чыгаруу жɵнүндɵ маселени добушка коёт.
28. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарында баяндамалардын, кошумча баяндамалардын, корутунду сөздөрдүн, башка чыгып сүйлөөлөрдүн узактыгы баяндамачы жана кошумча баяндама жасоочулар менен макулдашылган тартипте белгиленет жана эгерде Борбордук шайлоо комиссиянын чечимдери менен башкача белгиленбесе: баяндама үчүн – 20 мүнөткө чейин, кошумча баяндама үчүн – 10 мүнөткө чейин, корутунду сөз үчүн – 5 мүнөткө чейин, чыгып сүйлөө үчүн – 3 мүнөткө чейин, маалымат берүү, кайрылуулар үчүн – 2 мүнөткө чейин болууга тийиш.
Төрагалык кылуучу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселени талкуулоонун жалпы узактыгын, суроолорго жана жоопторго бөлүнгөн убакытты өзгөртө алат.
29. Кошумча баяндамачы маселенин мүнөзүнө жараша, жыйналыштын күн тартибине киргизилгенден кийин аныкталат.
Кошумча баяндамачылар катары Борбордук шайлоо комиссиясынын жана жумушчу топтордун мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өкүлдөрү, ишеним кат боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын ɵкүлдɵрү чыгып сүйлɵй алышат.
Арыздарды жана даттанууларды кароодо арыз берүүчүлөр, кызыкдар тараптар кошумча маалымат бере алышат.
Шайлоо комиссияларынын, саясий партиялардын, министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн шайлоону жана референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан маселелер боюнча маалыматтарын угууда баяндамачы катары ушул уюмдун өкүлдөрү чыгат.
30. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары мамлекеттик тилде өткөрүлөт (зарылчылыкка байланыштуу расмий тилде өткөрүүгө жол берилет).
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында стенограмма же видео, үн жазуу колдонулушу мүмкүн.
31. Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизиле турган маселелерди даярдоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, аппараттын кызматкерлери, адистер жана эксперттер кирген жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн.
5-глава. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарында добуш берүүнүн тартиби
32. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери анын жыйналыштарында ачык же жашыруун добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Ачык добуш берүү кол көтөрүү аркылуу, ал эми жашыруун добуш берүү бюллетендерди колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Жашыруун добуш берүү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан ушундай чечим кабыл алынгандан кийин жүргүзүлɵт.
33. Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү добуш берүүдө бир добушка ээ.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жыйналышта каралып жаткан маселелер боюнча жеке өзү добуш берет.
Добуш берүүгө катышууда кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келиши мүмкүн болгон учурлардан тышкары, жыйналышка катышып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү добуш берүүдө калыс болууга укуксуз.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жыйналыштын күн тартибиндеги маселе же токтомдун (чечим, жобо, нускама, регламент, эреже, тартип) долбоору боюнча өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу. Анын өзгөчө пикири Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүнө маалымдалат жана зарыл болгон учурда каралышы мүмкүн. Башка учурларда анын өзгөчө пикири жыйналышка катышып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнө маалымдалат жана протоколго тиркелет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн жазуу жүзүндө таризделген өзгөчө пикири, эгерде ал кабыл алынган чечимге каршы добуш берген болсо, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бирге жарыяланууга тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн өзгөчө пикири ал кандайдыр бир чечимге каршы добуш берген Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынан кийин бир күндүн ичинде берилиши керек.
34. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү күн тартибиндеги маселе боюнча добуш берүүдө көз карандысыз.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө күн тартибиндеги маселени ар тараптуу, толук жана объективдүү кароого тоскоолдук кылуу же оң чечим кабыл алууга жетишүү максатында ага кандайдыр бир таасир этүү чараларын колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тиешелүү жоопкерчиликке алып келет.
6-глава. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин кабыл алуунун тартиби
35. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган тартипте, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы тарабынан кабыл алынат.
Күн тартибиндеги маселени кароонун натыйжалары боюнча даярдалган токтомдун (чечим, жобо, нускама, регламент, эреже, тартип) долбоору жалпысынан же маселени талкуулоонун жүрүшүндө киргизилген түзөтүүлөр менен кабыл алынат же болбосо маселени талкуулоону кийинкиге калтыруу жөнүндө (маселени күн тартибинен алып салуу) чечим кабыл алынышы мүмкүн.
36. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына төрагалык кылуучу анын мүчөсүнүн талабы боюнча, анын компетенциясына кирген жана бекитилген күн тартибине ылайык жыйында каралып жаткан кандай гана маселе болбосун добуш берүүнү өткөрүүгө милдеттүү.
37. Борбордук шайлоо комиссиясынын актылары чечим же токтом түрүндө кабыл алынып, төрагалык кылуучу тарабынан кол коюлат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери төмөнкү учурларда кабыл алынат:
– Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарында жаралган жол-жобо маселелери боюнча;
– шайлоо процесстеринин катышуучуларынын (талапкерлер, саясий партия, демилге топ, шайлоочу ж.б.) укуктарына, милдеттерине жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү маселелер боюнча;
– шайлоо процесстеринин субъекттеринин даттанууларын, арыздарын, кайрылууларын жана суроо-талаптарын кароо боюнча;
– тиешелүү укуктук натыйжага алып келген укук колдонуу мүнөзүндөгү маселелер боюнча (мисалы: талапкерди каттоо, каттоону жокко чыгаруу, белгилүү бир участоктогу шайлоону жараксыз деп табуу ж.б.).
Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдору төмөнкү учурларда кабыл алынат:
– ченемдик жана жөнгө салуучу мүнөздөгү, шайлоо процессинин бардык катышуучуларына багытталган жалпы милдеттүү маселелер боюнча;
– шайлоо жана референдумдарды уюштуруу жана өткөрүү тартибин жөнгө салуучу жоболорду, эрежелерди, нускамаларды жана башка укуктук актыларды бекитүү боюнча;
– төмөнкү шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар жана шайлоо процессинин башка субъекттери үчүн милдеттүү болгон талаптарды белгилөө боюнча;
– Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик-укуктук актыларынын ченемдерин колдонууну расмий чечмелөөдө жана түшүндүрүүдө;
– шайлоо процессин уюштуруучулук жана методикалык камсыз кылуу маселелери боюнча (мисалы: шайлоо документтеринин формалары, добуштарды саноо тартиби, шайлоочуларды маалымдоо тартиби ж.б.).
38. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында протокол жүргүзүлөт жана ал мамлекеттик тилде таризделет. Протоколго төрагалык кылуучу жана катчы кол коёт.
Протоколдо жыйналыштын күн тартиби, ага катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана башка чакырылган адамдар жөнүндө маалыматтар, талкууга киргизилген маселенин кыскача мазмуну, чыгып сүйлөгөндөр жана өз пикирлерин билдиргендер жөнүндө маалыматтар, каралган ар бир маселе боюнча добуш берүүнүн натыйжалары, кабыл алынган чечимдер көрсөтүлөт.
Шайлоолордун, референдумдардын натыйжалары жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын протоколдоруна жыйынга катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
39. Борбордук шайлоо комиссиясы жыйналышта кабыл алынган чечим жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө арыз ээсин жана кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн кабардар кылат жана алардын өтүнүчү боюнча чечимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берет.
40. Чечимдин же токтомдун долбоорун кароодо Борбордук шайлоо комиссиясы талкууланып жаткан маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн же жумушчу топтун, ал долбоорду даярдаган аппараттын кызматкерлеринин маалыматын угат жана талкуулоо жүргүзөт.
Талкуулангандан кийин чечимдин же токтомдун долбоору добуш берүүгө “негиз катары” же “жалпысынан” коюлат. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн чечими долбоордун пункттары же бөлүктөрү боюнча добушка коюлушу мүмкүн.
Сын-пикирлер жок чечимдердин же токтомдордун долбоорлору добушка “жалпысынан” коюлат.
Түзөтүүлөр сунушталган учурларда, алгач добушка долбоор менен каралган вариант, андан кийин келип түшкөнүнө ылайык түзөтүүлөр киргизилген варианттар коюлат. Добуш берүү добуштардын белгиленген саны менен чечим кабыл алынган учурдан тартып токтотулат жана түзөтүүлөрдүн калган варианттары боюнча добуш берүү жүргүзүлбөйт.
Добуш берүүгө Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы же мүчөлөрү тарабынан гана киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор коюлат.
Борбордук шайлоо комиссиясы чечимдерди кабыл алууда төмөнкүлөргө укуктуу:
– чечимдин же токтомдун долбоорун кабыл алууга же аны четке кагууга, анын талкууланышын кийинки отурумга калтырууга;
– токтомдун долбоорун “негиз катары” кабыл алып, аны Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө (жумушчу топко), аталган долбоорду даярдаган аппараттын кызматкерлерине толуктоо үчүн жиберүүгө жана аны толуктоого, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүн, аппараттын кызматкерлерин жана адистерди толуктап иштеп чыгуу үчүн тартууга.
Кайра карап чыгуу учурунда чечимдин же токтомдун долбооруна анын биринчи талкууланышынан кийин келип түшкөн түзөтүүлөр киргизилет.
Жаңы маалыматтар, жагдайлар келип түшкөн учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы мурда кабыл алынган чечимди кайра кароого кайрылышы мүмкүн.
Кабыл алынган чечим, токтом жана отурумдун протоколу 3 күндүн ичинде таризделет.
41. Конституцияга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген же белгиленген ыйгарым укуктарынан аша чаап кабыл алынган Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан же сот тартибинде жокко чыгарылууга жатат.
42. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынган токтомдор, чечимдер жана башка ченемдик актылар коомчулукка, зарылчылыкка жараша “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын чегинде жалпыга маалымдоо каражаттарында, анын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялоо менен жеткирилет.
7-глава. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин камсыздоо
43. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүн уюштуруу-усулдук, маалыматтык-аналитикалык, укуктук, финансылык, материалдык-техникалык жагынан камсыздоону Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты жүзөгө ашырат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жетекчиликти Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жүргүзөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналышат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөрүнүн мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана коомдук бирикмелер менен өз ара аракеттерин жалпы координациялоону Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчиси жүзөгө ашырат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын уюштуруу түзүмү, штаты жана анын иштөө тартиби Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан аныкталат.
44. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, ошондой эле мамлекеттик кызматты өтөөсүнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен аныкталат.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан иштерди аткарууга эмгектик келишимдер боюнча штаттан тышкары кызматкерлерди (адистерди) тарта алат, алардын акы төлөмдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдар сметасы менен аныкталат.
Эмгек келишимде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке тартылган адистин шарттары, мөөнөттөрү, эмгек акысы көрсөтүлөт.
8-глава. Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышына контролду жүргүзүүнү ишке ашырышы
45. Борбордук шайлоо комиссиясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын шайлоолорго, референдумдарга даярданууну жана өткөрүүнү жөнгө салуучу бөлүгүнүн бузулушу жөнүндө келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды карап чыгууга, алар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана арыз ээлерине мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө жооп берүүгө милдеттүү.
46. Сунуштарды, арыздарды, даттанууларды кароону Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы уюштурат жана аларды кароону Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө, аппараттын кызматкерине же тийиштүү шайлоо комиссиясына тапшырат.
Төрага зарыл болгон учурда арыз же даттанууларды кароо үчүн тийиштүү адистерди тартуу аркылуу жумушчу топ түзүшү мүмкүн.
Төрага Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө келип түшкөн бардык сунуштар, арыздар, даттануулар жана башка кайрылуулар жөнүндө маалымдайт.
47. Төрага зарылчылыкка жараша келип түшкөн сунуштарды, арыздарды, даттанууларды жана башка кайрылууларды Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын күн тартибине киргизе алат. Аталган маселелерди кароодо жыйналышка кызыкдар тараптар катышууга укуктуу.
Борбордук шайлоо комиссиясы келип түшкөн арыздарды, даттанууларды тийиштүү укук коргоо же мамлекеттик башка органдардын кароосуна жөнөтүүгө укуктуу.
48. Арыздарды, даттанууларды кароо, ошондой эле зарыл болгон учурларда алар боюнча кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүү шайлоо маселелерин жөнгө салган мыйзамдарда жана “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашырылат.
49. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу менен байланышкан маселелерди карайт жана келип түшкөн документтердин негизинде Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча бул маселелерди даярдоо үчүн зарыл болгон учурда компетенттүү адистерди тартуу менен атайын жумушчу топ түзүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, алардын кызматтык адамдарынан тиешелүү документтерди жана маалыматтарды суратып алууга укуктуу.
9-глава. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык камсыздоосу
50. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын, төрагасынын орун басарларынын жана мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн маалыматтык коштоону Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын маалыматтык камсыз кылуу сектору жана тɵраганын басма сөз катчысы ишке ашырат, басма сөз-конференцияларын, брифингдерди жана башка маалыматтык иш-чараларды, жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК) менен байланышты уюштурат, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрү берген маалыматтардын жана материалдардын негизинде расмий билдирүүлөрдү жана маалыматтык материалдарды ЖМКга жана интернет-ресурстарына даярдайт жана өз убагында жайгаштырат.
Шайлоо ɵнɵктүгүнүн мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясы менен ЖМК өкүлдөрүнүн ортосундагы сапаттуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында аппараттын жооптуу кызматкери менен бирге басма сөз борборун уюштурат, анын иши Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген медиа-пландын негизинде жүзөгө ашырылат.
51. Маалыматтык камсыз кылуу сектору жана тɵраганын басма сөз катчысы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн аймактарга жана чет өлкөлөргө иш сапарларын маалыматтык коштоону, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрү берген материалдардын негизинде ЖМКда чагылдырууну ишке ашырат, мындан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтык материалдарды жана шайлоо тематикасы боюнча башка материалдарды даярдайт, актуалдаштырат жана кабыл алынган чечимдерди Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырууну камсыз кылат.
Интернет-ресурстун түзүмүнө, мазмунуна, ишине, андагы маалыматтарга мониторинг жүргүзүүгө жана жаңылоого карата талаптар, маалыматтык материалдарды даярдоого аппараттын тийиштүү бөлүмдөрүнүн көмөктөшүүсү, маалыматтык камсыз кылуу сектору менен басма сөз катчысынын ыйгарым укуктары жана милдеттери Борбордук шайлоо комиссиясынын башка актысы менен аныкталат.
10-глава. Регламентте каралган эсептөө тартиби
52. Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирген чечимдерди кабыл алуу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бекитилген санына карата добуштардын керектүү болгон саны белгиленген, ал – 12.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бекитилген санынын үчтөн экисинин добушун талап кылган чечимдер – 8 добуш менен кабыл алынды деп эсептелинет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бекитилген санынын көпчүлүк добушун талап кылган чечимдер – 7 добуш менен кабыл алынды деп эсептелинет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын үчтөн бирин Борбордук шайлоо комиссиясынын 4 мүчөсү түзөт.
Добуштар тең болуп калган учурда чечим кабыл алынган жок деп эсептелет жана бул маселе Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйналышында кайрадан каралууга тийиш.
11-глава. Төраганын, төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун тартиби
53. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын же төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жүйөлүү сунуш жана аны Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кароо Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы же төраганын орун басарлары, төраганын же төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу жыйналыштын күн тартибине ылайык бул маселе боюнча төрагалык кыла албайт. Жыйналышты макулдашуу боюнча демилгечилердин бири алып барат.
Төрага же төраганын орун басарлары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтɵн экисинин добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын же төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим, эгерде ал чечим үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн экиси добуш берсе, ал чечим кабыл алынды деп эсептелинет.
54. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына же төраганын орун басарларына карата, эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан башка чечим кабыл алынбаса, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү макамын сактап калат.
55. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын же төраганын орун басарларынын бош кызмат орундарын ээлөө “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
56. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттерин такай аткарбай жаткандыгы жөнүндө маселени кароону Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы же Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын үчтөн биринен кем эмеси демилге кылуу укугуна ээ.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү өз милдеттерин такай аткарбагандыгы жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтɵн экисинин добушу менен кабыл алынат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн өз милдеттерин такай аткарбагандыгы жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштама жиберет.
12-глава. Корутунду жоболор
57. Борбордук шайлоо комиссиясынын Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.
