Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2025-жылдын 1-августундагы
№ 49 токтому менен бекитилген
Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясы жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Жобонун максаты айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу болуп саналат, ал категорияларга төмөнкүлөр кирет:
– добуш берүү күнү социалдык тейлөө жана саламаттык сактоо уюмдарында жана мекемелеринде жүргөн шайлоочулар;
– чакыруу жана контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
– кылмыш жасоого шектүү же айыпталуучу катары камакта кармалган жайларда камакка алынган жерлерде турган шайлоочулар;
– алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо, ыраакы мал чарба участкаларында жайгашкан жерлерде убактылуу жашаган шайлоочулар;
– ишкана-мекемелерде үзгүлтүксүз иштеген шайлоочулар;
– вахталык ыкмада иштеген шайлоочулар.
3. Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иштерде) болгон шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар жөнүндө маалыматтар аталган мекемелердин (ишканалардын, аскер бөлүктөрүнүн) жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына (мындан ары - УШК) өткөрүп берилет.
Стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда жүрүшкөн шайлоочуларды, жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ар бир жылдын
1-февралына жана 1-августуна карата көрсөтүлгөн шайлоочулардын так саны жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) берип турууга милдеттүү. Маалыматтарды берүүнүн формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
4. Шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) менен биргеликте айрым категориядагы жарандарга тиешелүү шайлоочулар жөнүндөгү маалыматтарды тактоо боюнча ишти координациялайт, аларды маалымдоо боюнча ишти уюштурат жана алардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.
5. Калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик) тиешелүү мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери жана аскердик бөлүктөрдүн командирлери менен бирдикте айрым категорияга кирген жарандарды биометрикалык каттоо, аларды шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесине (мындан ары - шайлоочулардын тизмеси) киргизүү, зарылчылык болсо алардын инсандыгын тастыктоочу документтер менен камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат.
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Президентти шайлоолордо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү активдүү шайлоо укугуна ээ жана мыйзамдарга ылайык биометрикалык каттоодон өткөн
Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнүнө активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.
Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.
6. Ар бир шайлоочу өзүн шайлоочулардын тизмесинен тактай алат:
– 1255 же 119 кыска номерлери боюнча чалуу менен;
– шайлоо участкадан;
– “tizme.gov.kg” сайтынан;
– же болбосо паспортундагы өзүнүн ЖИН - көрсөтүү менен 119 кыска номерине СМС жиберүү аркылуу. Натыйжада шайлоочу өзүнүн шайлоо участкасынын номерин жана дарегин алат (СМС билдирүү жиберүү жана чалуулар акысыз).
Шайлоочу шайлоочулардын алдын ала тизмесинде кандай болбосун катаны же так эместикти тапкан, ошондой эле анда өзү жок болгон учурда тиешелүү УШКга, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен кайрылууга жана мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлошуудан өтүү менен мамлекеттик порталдагы “шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу электрондук түрдө арыз берүүгө укуктуу. Мында шайлоочу жеке жана биометрикалык маалыматтары (манжаларынын издери жана (же) бетинин геометриясы) боюнча идентификациялоодон өтөт.
Арыз автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү округдук, аймактык шайлоо комиссиясындагы тутумдук администраторуна аны тизмеге киргизүү, каталарды же так эместиктерди оңдоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн келип түшөт.
Шайлоочунун арызына жооп арыз кабыл алынган күндөн тартып
7 календардык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан “шайлоочунун кабинетинде” электрондук билдирүү формасында жөнөтүлөт.
2. Добуш берүү күнү социалдык тейлөө жана саламаттык сактоо уюмдарында, мекемелеринде жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу
7. Социалдык тейлөө мекемелеринин жетекчилери шайлоого жана референдумга катышуу үчүн социалдык тейлөө мекемелеринде жүргөн жарандардын катышуусун камсыздоо боюнча ишти уюштурат.
8. Мекемелердин өкүлдөрү социалдык жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде жаткан жарандардын бардык маалыматтарын тактап турушат.
9. Шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн мекеменин жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалыматтарды добуш берүү күнүнө чейин 12 календарлык күндөн кечиктирбестен тиешелүү УШКга өткөрүлүп берилет жана анда ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык жарандардын тизмеси жана алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө ж.б. маалыматтар камтылат.
10. Шайлоо комиссиялары маалыматтарды алгандан кийин шайлоочулардын тизмесинде шайлоочулардын бар экендигин текшерип, аларды добуш берүү үчүн имараттан тышкары жерде добуш берүүчүлөрдүн реестрине киргизишет.
11. Саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жан референдумду өткөрүүдө добуш берүү күнүнө чейин УШКга 12 календарлык күндөн кечиктирбестен стационардын шарттарында жүргөн шайлоочу жөнүндө маалыматты аймагында ушул мекеме жайгашкан шайлоо комиссиясына тизмесин жөнөтөт. Мекеменин жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалыматта паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык жарандардын тизмеси жана алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн камтылат.
12. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө УШК шайлоону өткөрүлүп жаткан администрациялык-аймактын бирдигинин аймагында паспортундагы белгиге ылайык туруктуу жашаган жана аймагында жайгашкан дарылоо мекемесинде стационардын шарттарында жүргөн жарандарга гана маалыматтар берилет.
13. УШК берилген маалыматтар жайдан тышкары добуш берүү үчүн шайлоочулардын реестрине киргизилет.
3. Чакыруу же контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жүргөн аскер кызматчыларынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу
14. Аскер бөлүктөрүнүн командирлери аскер кызматчыларынын шайлоо укуктарын, анын ичинде аскер кызматчыларын добуш берүүгө уруксат берүү үчүн инсандыгын тастыктоочу документтер менен камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат.
15. Аскер кызматчыларында документтер жок болгон учурда аскер бөлүктөрүнүн командирлери аларды алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенет.
16. Аскер кызматчыларынын биометрикалык каттоосу жок болгон учурда аскер бөлүктөрүнүн командирлери аскер кызматчыларынын биометрикалык каттоодон өтүүсү боюнча ишти уюштурат. Шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын топтоо, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен аскердик бөлүктүн аймагында уюштурулат. Биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көчмө тобунун иштөө графиги аскердик бөлүктүн командири менен бирдикте түзүлөт. Биометрикалык каттоодон өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жарандарды
ID-картада көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык шайлоо участкасынын шайлоочуларынын тизмесине киргизет.
17. Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин депутатарын шайлоону жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн бөлүктүн командири тарабынан күбөлөндүрүлгөн аскер кызматчылары жөнүндө маалыматтар добуш берүү күнүнө чейин
12 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү УШКга берилет жана өзүнө ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык жарандардын паспортторунун көчүрмөлөрү тиркелет.
18. Маалыматтарды алгандан кийин шайлоо комиссиялары бул жарандардын шайлоочулардын тизмесинде болуусун текшерет жана добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү үчүн шайлоочулардын реестрине киргизет.
19. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө аскер бөлүктөрүнүн командирлери шайлоо өткөрүлүп жаткан аймакта туруктуу жашаган жана аскер кызматын өтөө орду болгон аскер кызматчыларына паспорттогу белгиге ылайык алар киргизилген шайлоо участкасында добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышат.
20. Аскер бөлүктөрүнүн командирлери тиешелүү шайлоо участкасынын аймагында аскер кызматчыларынын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышат.
21. Аскер бөлүктөрүнүн командирлери добуш берүү күнүнө чейин үч күндөн кечиктирбестен жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын жана мамлекеттик чек араны түздөн-түз коргоочу бөлүмчөлөрүнүн аймагында жашаган алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн тизмесин тиешелүү шайлоо комиссиясына берет.
4. Кылмыш жасоого шектүү жана айыпталуучу катары кайтаруудагы кармоо жайларда жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу
22. Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган жарандар кармалган мекемелердин жетекчилери алардын шайлоо укуктарын камсыз кылууга, анын ичинде аларды добуш берүүгө киргизүү үчүн инсандыгын тастыктаган документтер менен камсыз кылууга жооптуу.
23. Ушул категориядагы жарандардын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтери жок болгон учурда мекемелердин жетекчилери ал жарандардын жазык иштери өндүрүшүндө болгон органдарга маалымат берет.
Жазык иштери өндүрүшүндө болгон органдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенип, жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы жарандардын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерин алууну уюштурат.
24. Жарандардын аталган категориясынын биометрикалык каттоосу жок болгон учурда мекемелердин жетекчилери алардын биометрикалык каттоодон өтүүсү боюнча ишти уюштурат. Бул жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо добуш берүү күнүнө чейин
15 календарлык күндөн кечиктирбестен кайтаруудагы камоо жерлеринде уюштурулат. Биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көчмө тобунун иштөө графиги мекемелердин жетекчилери менен бирдикте түзүлөт. Биометрикалык каттоодон өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жарандарды ID-картада көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине киргизет.
25. Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоону жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн мекемелердин жетекчилери тарабынан күбөлөндүрүлгөн кайтарууда камактагы жарандар жөнүндө маалыматтар добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү УШКга ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык жарандардын паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен берилет.
26. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө УШКга шайлоо өткөрүлүп жаткан администрациялык-аймактын бирдиктин аймагында паспортундагы белгиге ылайык туруктуу жашаган жана аймагында жайгашкан камоодогу мекемеде жүргөн жарандарга гана маалыматтар берилет.
27. Маалыматтарды алгандан кийин шайлоо комиссиялары аларды шайлоочулардын тизмесинде болуусун текшерет жана добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү үчүн шайлоочулардын реестрине киргизет.
5. Ишкана-мекемелерде үзгүлтүксүз иштеген жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу
28. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо, Кыргыз Республикасынын референдумдарында ишкана-мекемелердин жетекчилери добуш берүү күнү үзгүлтүксүз иштөө цикли бар (вахталык иштер) ишканаларда жүргөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды түзүшөт жана добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү УШКга өткөрүп беришет.
29. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүүдө УШКга административдик-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жарандар жөнүндө маалыматтар паспорттогу каттоо жөнүндө белгиге ылайык, шайлоо өткөрүлүп жаткан жана ишкана жайгашкан жер боюнча берилет.
30. Маалыматтарды алгандан кийин шайлоо комиссиялары алардын шайлоочулардын тизмесинде болуусун текшерет жана добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү үчүн шайлоочулардын реестрине киргизет.
6. Жарандардын айрым категориялары үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруу
31. УШК жашаган жери же иш жүзүндө жүргөн жери боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын айрым категорияларынын добуш берүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
32. УШК айрым категориядагы жарандардын добуш берүүсүн өткөрүү учурунда ушул Жобонун 2-пунктундагы ченемдерди сактоого тийиш.
33. Жайдан тышкары добуш берүү ЖӨБО же тиешелүү мекемелердин жетекчилери тарабынан берилген маалыматтардын же шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде добуш берүү күнүнө чейин бир күн мурда өткөрүлөт.
Мамлекеттик чек араны түздөн-түз коргоочу алыстагы бөлүкчөлөрүндө кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында УШК добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен жайдан тышкары добуш берүү үчүн зарыл чараларды уюштурат.
34. Жайдан тышкары добуш берүү үчүн арыздар добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен берилет. Жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө арызда шайлоочу добуш берүү жайына келе албаган себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүшү керек.
35. УШК жайдан тышкары добуш берүүгө келип түшкөн бардык арыздарды реестрде каттайт жана добуш берүү күнүнө чейин эки күн мурда жалпыга тааныштыруу үчүн жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесин илет.
Жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын реестрине добуш берүү күнү шайлоо участкаларында колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган шайлоочулардын биротоло тизмесинде камтылган шайлоочулар гана киргизилет. Жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын реестринин негизинде УШК тизме түзөт жана түзүлгөн тизмеге ылайык шайлоочуларга барышат. Жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесинин формасы шайлоочулардын биротоло тизмесинде камтылган графаларды камтыйт. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берген шайлоочунун паспортунун же инсандыгын ырастоочу документинин сериясы жана номуру шайлоочулардын тизмесине киргизилет жана шайлоочулардын тизмесинин тиешелүү тилкесинде “Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берди” деген белги коюлат.
7. Айрым категориядагы жарандарды маалымдоо боюнча ишти уюштуруу жана алардын арасында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартиби
36. Шайлоолорду маалыматтык жактан камсыздоо шайлоочуларды маалымдоону, шайлоо алдындагы үгүттү камтыйт жана жарандардын аң-сезимдүү түрдө эрк билдирүүсүнө жана шайлоолордун ачык-айкындуулугуна өбөлгө түзөт.
37. Шайлоочуларды маалымдоону мамлекеттик бийлик органдары, ЖӨБО, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырат.
38. Шектүү же айыпталуучу катары камакта кармалган кармоо жайларында кармалып турган шайлоочуларды маалымдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.
39. Социалдык тейлөө жана саламаттык сактоо уюмдарынын жана мекемелеринин, аскердик бөлүктөрдүн, кылмыш жасады деп шектүү же айыпталуучу катары камакта кармалган мекемелердин жайларында маалымдоо максатында шайлоо дайындалган учурдан тартып маалыматтык материалдарды илүү үчүн атайын жеткиликтүү орундар уюштурулат.
Шайлоого тиешелүү маалыматтык материалдарды тиешелүү шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү көрсөтүлгөн мекемелердин жана аскердик бөлүктөрдүн жетекчилерине берет.
40. ЖМКга жайгаштырылуучу же башка ыкма менен жайылтылуучу маалыматтык материалдардын мазмуну төмөнкүдөй болууга тийиш:
– объективдүү;
– анык болууга;
– талапкерлердин теңдигин бузбоого;
– кайсы бир талапкерге артыкчылык бербөөгө;
– тигил же бул талапкерге же болбосо аларга каршы шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбоого.
41. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу округдар боюнча талапкерлерге же шаардык кеңешке шайлоодо талапкерлерди көрсөткөн партияларга, референдумда «макул»/«каршы» топторуна социалдык тейлөө жана саламаттык сактоо мекемелеринде, аскер бөлүктөрүндө жарандар арасында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү үчүн бирдей шарттар камсыз кылынат.
Өзгөчө режимде тургандыгына байланыштуу кылмыш жасоого шектүү же айыпталуучу катары камакта кармалып турган жарандар арасында үгүттөө талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, алардын ишенимдүү адамдары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, референдумдун “макул”/“каршы” тобунун өкүлдөрү менен жолугушуу формасында өткөрүлбөйт. Аталган категориядагы шайлоочуларды үгүттөө нускалары тийиштүү шайлоо комиссиялары тарабынан аталган мекемелердин жетекчилерине берилген басма үгүт материалдарын таратуу формасында гана жүргүзүлөт. Талапкерлерге, саясий партияларга өзүнүн үгүт материалдарын таратуу үчүн тең шарттар камсыз кылынууга тийиш.
42. Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт.
43. Талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, референдумдун “макул”/“каршы” тобунун өкүлдөрүнүн социалдык тейлөө жана саламаттык сактоо мекемелериндеги, аскер бөлүктөрүндөгү жарандар менен жолугушууларын уюштуруу округдук/аймактык шайлоо комиссияларына жана жогоруда көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилерине, аскер бөлүктөрүнүн командирлерине жүктөлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнүн суроо-талабы боюнча көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери аларда турган шайлоочулар талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, референдумдун “макул”/“каршы” тобунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөрүлө турган күндү белгилейт. Алынган маалыматтын негизинде жолугушуулардын графиги түзүлөт, ал округдук, аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жеткиликтүү жерге илинип коюлат.
Округдук/аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди, саясий партиялардын өкүлдөрүн, алардын ишенимдүү адамдарын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, референдумдун “макул”/“каршы” тобунун өкүлдөрүн график жөнүндө кабарландырат.
44. Ар бир мекемеде үгүт жүргүзүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан белгиленген графикке жана талапкерлер, саясий партиялар, ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ишенимдүү адамдар берген арызга ылайык белгиленген убакытка мекемелердин жетекчилери тарабынан акысыз берилген жайларда бир жолу жалпы жолугушуу өткөрүлөт.
Жолугушууга катышуу жөнүндө арызда милдеттүү түрдө ФАА жана байланыш маалыматтары көрсөтүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн мекемелерде жайгашкан шайлоочулар менен жолугушууларга бир талапкерден, саясий партиядан, референдумга “макул”/“каршы” тобунан экиден көп эмес өкүл катыша алат.
45. Талапкерлердин жана/же алардын ишенимдүү адамдарынын бардык жолугушууларында округдук/аймактык же участкалык шайлоо комиссиясынын өкүлү милдеттүү түрдө катышат.
46. Шайлоо комиссиялары мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибинин сакталышын контролдойт. Мекемелердин жетекчилери шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүгө жана маалыматтык жана үгүт иш-чараларын жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү.
