Шайлоолордо жана референдум өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2025-жылдын 28-июлундагы
№ 39 токтому менен бекитилген
Шайлоолордо жана референдум өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Шайлоолордо жана референдум өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо, ошондой эле Кыргыз Республикасында референдум өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартибин аныктайт.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
3. Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген тартипте байкоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюму (мындан ары - коммерциялык эмес уюм) тарабынан дайындалган адам коомдук байкоочу болуп саналат.
2. Коомдук байкоочуларды каттоо тартиби
4. Шайлоо мыйзамдары жана шайлоо маселелери боюнча, ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатында адистешкен коммерциялык эмес уюмдар өздөрүнүн уставдарында белгиленген тартипте шайлоолорго жана/же референдумга байкоо жүргүзүүгө катышуу жана өздөрүнүн коомдук байкоочуларын жиберүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
5. Шайлоого байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга ниеттенген коммерциялык эмес уюм Борбордук шайлоо комиссиясына, округдук шайлоо комиссиясына, аймактык шайлоо комиссиясына коммерциялык эмес уюмдун мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсүн тиркөө менен билдирүү жөнөтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы, округдук, аймактык шайлоо комиссиясы, участкалык шайлоо комиссияларына шайлоолорго жарандык мониторинг жүргүзүү ниетин жарыялаган коммерциялык эмес уюмдардын тизмесин жөнөтөт.
6. Коомдук байкоочунун ыйгарым укуктары ошол коомдук байкоочу кызыкчылыктарын билдирген коммерциялык эмес уюмдун мөөрү менен ырасталган жазуу жүзүндөгү багытта аныкталууга тийиш.
Көрсөтүлгөн багытта:
– коомдук байкоочунун фамилиясы, аты-жөнү;
– жашаган жеринин дареги;
–.байкоочу жиберилген шайлоо комиссиясынын аталышы (шайлоо участогунун (шайлоо участкаларынын), референдум участкаларынын;
–.ушул Жобонун 11-пунктунда каралган чектөөлөрдүн жоктугу жөнүндө жазуу жазылат.
Жолдомо Коомдук байкоочу тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдун шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышуу жөнүндө чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн көрсөткөндө жарактуу болот.
7. Коомдук байкоочулар тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан алар ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди берген учурдан тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен катталат жана ушул Жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Коммерциялык эмес уюм ар бир шайлоо комиссиясында үчтөн ашык эмес коомдук байкоочуну каттай алат. Мында бир шайлоо участогунда бир эле учурда бир коммерциялык эмес уюмдан бир гана коомдук байкоочу боло алат.
Коомдук байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аны тиешелүү шайлоо комиссиясы каттаган күндөн тартып башталат жана шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт.
8. Тиешелүү шайлоо комиссиясы коомдук байкоочуну каттагандан кийин белгиленген үлгүдөгү ырастама (1-тиркемеде) же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим берет, коомдук байкоочуларды каттоо журналына тиешелүү белги коюлат.
Коммерциялык эмес уюм өзүнүн коомдук байкоочусун мөөнөтүнөн мурда чакыртып алган учурда берилген күбөлүк тиешелүү шайлоо комиссиясына кайтарылып берилет, коомдук байкоочуларды каттоо журналына берилген күбөлүктү кайтарып берүү жөнүндө белги коюлат.
9. Күбөлүк коомдук байкоочуга ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн мезгилде өз ишин жүзөгө ашырууга укук берет.
10. Тиешелүү шайлоо комиссиясы коомдук байкоочуну төмөнкү негиздер боюнча каттоодон баш тартууга укуктуу:
– ушул Жободо белгиленген документтер каттоо үчүн берилбесе же болбосо, толук эмес же анык эмес маалыматтар менен берилсе;
– эгерде мурда коомдук байкоочуну каттоо Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын одоно бузгандыгына байланыштуу жокко чыгарылса.
11. Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, саясий атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчы, шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкердин, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын өкүлдөрү жана байкоочулары, судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары шайлоо комиссияларында коомдук байкоочулар болуп дайындалышы мүмкүн эмес.
3. Коомдук байкоочулардын ишмердүүлүгү
12. Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумуна коомдук байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.
13. Коомдук байкоочу төмөнкү укуктарга ээ:
1) ар кандай деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
2) шайлоочулардын тизмелерин, референдумдун катышуучуларынын тизмелерин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
3) шайлоочуларды жана референдумдун катышуучуларын эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
4) шайлоону жана референдумду шайлоону маалыматтык жактан камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
5) шайлоо комиссиясында турган шайлоочулардын тизмелери жана референдумдун катышуучуларынын тизмелери, добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри, тиешелүү шайлоо комиссиясына келип түшкөн арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;
6) добуш берүү күнү сутканын кайсы убагында болбосун добуш берүү үчүн жайда болууга;
7) шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүсүнө катышууга;
8) көпчүлүк алдында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону жана референдумдун өнөктүгүн даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин баяндоого, билдирүү жасоого;
9) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарында, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген добуш берүүнүн жашырындуулугун бузбастан, добуш берүүнү уюштуруунун жана добуш берүүнүн тартибине, анын ичинде шайлоочуларга жана референдумдун катышуучуларына берилген шайлоо бюллетендерин, добуш берүү үчүн бюллетендерди, керектен чыгарылган шайлоо бюллетендерин; шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын добуштарын саноого аралыкта жана аларга бюллетендердин мазмунун көрүүнү камсыз кылуучу шарттарда байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын же референдумдун катышуучуларынын добуштарын саноодо кандай гана болбосун толтурулган же толтурулбаган бюллетендер менен таанышууга; шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана башка шайлоо документтеринин жана референдумдун документтеринин түзүлүшүнө байкоо жүргүзүүгө;
10) добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сын - пикирлер жана сунуштар менен өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, ал жок болгон учурда аны алмаштыруучу адамга кайрылууга;
11) өзү жөнөтүлгөн шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;
12) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
13) тиешелүү шайлоо комиссияларында шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын добуштарын кайра саноого катышууга;
14) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты жана атасынын аты, шайлоо комиссиясына байкоочуну жиберген уюмдун аталышы белгиленген шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белгилерди тагынууга;
15) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга тоскоол болбостон фото, видео тартууну, аудио жазууну жеке өзү жүзөгө ашырууга;
16) катталган шайлоо участкаларында жана референдум участкаларында эркин жүрүүгө жана катышууга;
17) өзү катталган шайлоо комиссиясынын, жумушчу топторунун жыйналыштары жөнүндө кабардар болууга жана көрсөтүлгөн шайлоо комиссияларынын, топтордун жыйналыштарына катышууга;
18) шайлоо комиссияларынын, шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) жарандардын шайлоо укуктарын бузган чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) арыздар (даттануулар) менен кайрылууга.
14. Коомдук байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз:
1) шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө;
2) шайлоо бюллетендерин же добуш берүү үчүн бюллетендерди алгандыгы жөнүндө шайлоочунун, референдумдун катышуучусунун өтүнүчү боюнча ага кол коюуга;
3) шайлоочунун өтүнүчү боюнча анын шайлоо бюллетенин толтурууга;
4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;
5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзгөн шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү үчүн бюллетендерди саноого түздөн-түз катышууга;
6) шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылуучу аракеттерди жасоого;
7) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын арасында үгүт жүргүзүүгө;
8) тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга.
15. Коомдук байкоочулар ушул Жобого ылайык өз статусун Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө байланышпаган иштерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга укуксуз.
16. Тиешелүү шайлоо комиссиясы коомдук байкоочу ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда анын каттоосун жокко чыгарууга укуктуу.
Мында коомдук байкоочуну каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечимдин көчүрмөсү аны каттоо үчүн борбордоштурулган Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
