Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2025-жылдын 26-сентябрындагы № 78

токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө

ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1.“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө” ушул жобо (мындан ары - Жобо) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.

2. Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн шайлоо документтерин кабыл алууну жана текшерүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн Жумушчу топ ишке ашырат. Жумушчу топтун ыйгарым укуктары, милдеттери, курамы жана ишин уюштуруу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

3. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (мындан ары - конституциялык Мыйзам) белгиленген мөөнөттө шайлоо комиссиясына келген талапкер же талапкердин/саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү документтерди берүүнүн мөөнөтү жөнүндө конституциялык Мыйзамдын талаптарын аткарган болуп эсептелинет. Шайлоо комиссиясына талапкер же талапкердин/ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн келген убактысы документтерди берүү убактысы катары эсепке алынууга жатат. Документтерди кабыл алуу шайлоо комиссияларына келген убакыт боюнча белгиленген кезектүүлүк тартибинде Жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан ишке ашырылат.

4. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөткөн талапкерлердин документтери милдеттүү түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн онлайн катышуусунда тийиштүү округдук шайлоо комиссиялары аркылуу кабыл алынышы мүмкүн.

Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин документтери Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат.

5. Жумушчу топ документтерди кабыл алууну Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилген тизмекке жана формаларга ылайык ишке ашырат.

6. Шайлоо документтеринин берилиши, аларда камтылган маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы үчүн, ошондой эле берилген документтерди жол-жоболоштуруунун шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишине жоопкерчиликти талапкер же талапкердин/саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тартат.

7. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлер, талапкерлердин/саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү документтерди кагаз жана электрондук машина окуй турган түрдө, “Электрондук талапкер” маалымат тутуму аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырат.

8. Талапкерлердин/саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталгандан кийин, аларга талапкерлер боюнча маалыматтарды толук көлөмдө киргизүү үчүн “Электрондук талапкер” маалымат тутумунда эсептик жазуу берилет.

2. Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо үчүн документтерди берүү тартиби

9. Шайлоо өткөрүлгөн күнгө карата 25 жашка толгон, жогорку кесиптик билими бар, мамлекеттик тилди билген, депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүүнүн алдында республикада акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоодо өндүрүштүк, илимий, кызматтык себеп же башка зарылчылык боюнча өлкөнүн чегинен тышкары иш сапарларына байланыштуу ар бир жылда алты айга чейинки үзгүлтүктөргө жол берилет.

Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого, шайланууга укуксуз.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга төмөнкү адамдар укуксуз:

1) соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;

2) аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

– коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;

– Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;

3) диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде.

10. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен чыккан жарандарга таандык.

11. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууга ниеттенген саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүнү (№ 1-формага ылайык) жөнөтүүгө тийиш. Мында төмөнкүлөр тиркелет:

1) саясий партияны каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

2) саясий партиянын уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

3) саясий партиянын жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү;

4) саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси (№ 8-формага ылайык);

5) саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арыздары (№ 9-формага ылайык);

6) саясий партиянын жетекчиси жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан толтурулган жеке маалыматтарын топтоо жана иштеп чыгууга макулдугу жөнүндө типтүү форма (№ 7-формага ылайык);

7) саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн паспортторунун көчүрмөсү.

12. Саясий партиядан билдирүү келип түшкөн учурда, Жумушчу топ билдирүүнү алгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү тастыктаманы берүүгө милдеттүү.

13. Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү Борбордук шайлоо комиссиясы көп мандаттуу шайлоо округдарынын тизмесин расмий жарыялаган күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00  чейин аяктайт.

14. Ар бир көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча бирден талапкерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечими саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат (№ 2-формага ылайык).

Саясий партиянын съездинде талапкерлерди көрсөтүү учурунда жашыруун добуш берүүнү камсыз кылуу жана анын жол-жобосун сактоо жоопкерчилиги саясий партияга жүктөлөт.

Талапкерлерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездинде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышууга укуктуу.

15. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер талапкерлигин койгон көп мандаттуу шайлоо округун көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат. Ошону менен бирге, саясий партия талапкерлердин жалпы санынын 70 пайызынан ашпаган бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгү боюнча талапты сактоого милдеттүү.

Өкүлчүлүк төмөнкү эсептөөгө ылайык белгиленет:

1) 2, 3 талапкер – 1 жыныстагы 1 талапкер;

2) 4, 5, 6 талапкер – 1 жыныстагы 2 талапкер;

3) 7, 8, 9, 10 талапкер – 1 жыныстагы 3 талапкер;

4) 11, 12, 13 талапкер – 1 жыныстагы 4 талапкер;

5) 14, 15, 16 талапкер – 1 жыныстагы 5 талапкер;

6) 17, 18, 19, 20 талапкер – 1 жыныстагы 6 талапкер;

7) 21, 22, 23 талапкер – 1 жыныстагы 7 талапкер;

8) 24, 25, 26 талапкер – 1 жыныстагы 8 талапкер;

9) 27, 28, 29, 30 талапкер – 1 жыныстагы 9 талапкер.

Саясий партия ошол партиянын мүчөлөрү болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүгө укуктуу.

Саясий партия башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп саналган жарандарды Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүгө укуксуз.

Саясий партия көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди, талапкерлерди конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен кезексиз курултайда жашыруун добуш берүү менен кайра чакыртып алууга укуктуу.

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын курултайынын саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.

Саясий партиянын курултайынын чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин тиешелүү шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин курамы өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.

16. Саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү, добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кеч эмес, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чейин көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына саясий партиянын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн төмөнкү документтерди тапшырат:

1) Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын съездинин чечимин (№ 2-формага ылайык);

2) Жогорку Кеңештин депутаттыгына саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн ар бир көп мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин тизмегин (№ 3-формага ылайык);

3) Жогорку Кеңештин депутаттыгына саясий партия тарабынын көрсөтүлгөн талапкер жөнүндө маалыматтарды (№ 4-формага ылайык);

4) Башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу тууралуу декларацияны (№ 5-формага ылайык);

5) Диний ишмерлер үчүн чектөөлөрдү сактоо жөнүндө декларацияны (№ 6-формага ылайык);

6) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин паспортунун көчүрмөсүн;

7) Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн талапкердин биринчи жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган, документин (эгерде жогорку билими тууралуу документ чет өлкөлүк окуу жайы тарабынан берилген болсо, сунушталган документтер апостиль менен тастыкталууга же консулдук легалдаштыруу жол-жобосунан өтүүгө тийиш);

8) Иштеген же окуган жеринен маалымкатты;

9) Ар бир талапкер тарабынан толтурулган жеке маалыматтарын топтоо жана иштеп чыгууга макулдугу жөнүндө типтүү форма (№ 7-формага ылайык);

10) Саясий партиянын шайлоо фондунан төлөнгөн 300 000 сом өлчөмүндө шайлоо төгүмүн ар бир талапкерге төккөндүгүн тастыктаган документин;

11) Саясий партия жөнүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде маалыматтар (№ 14-формага ылайык);

12) Талапкер жөнүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде маалыматтар (№ 141-формага ылайык).

17. Майыптыгы бар жана буга байланыштуу өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды өз алдынча жазууга, конституциялык Мыйзамда каралган башка документтерди толтурууга мүмкүнчүлүгү жок адам Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүлгөн учурда башка адамдын жардамын пайдаланууга укуктуу. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам көрсөтүп жаткан адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Майыптыгы бар талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине өзүнүн шайлоо фондунан төмөнкүдөй өлчөмдө шайлоо төгүмүн төгөт:

- III топтогу майыптарга - 70 000 сом;

- I жана II топтордогу майыптарга - 50 000 сом.

Талапкерди каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документ (түп нускасы) жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте майыптыгы бар экендигин белгилеген маалымкат берилет.

18. Саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү талапкерлерди каттоо үчүн документтер менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлер жөнүндө берилген маалыматтарда өзгөрүүлөрдүн бар экендиги тууралуу маалыматтарды берүүгө милдеттүү (аты-жөнү өзгөрүлгөндүгү, негизги иштеген жери жана кызматы, ээлеген кызмат орду, паспортунун алмаштырылгандыгы ж.б. жөнүндө). Көрсөтүлгөн маалыматтарды тастыктоо үчүн тийиштүү документтердин көчүрмөсү берилет.

19. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү Борбордук шайлоо комиссиясы көп мандаттуу шайлоо округдарынын тизмесин расмий жарыялаган күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чейин аяктайт.

20. Талапкер бир гана шайлоо округу боюнча көрсөтүлүшү мүмкүн.

21. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү ошол шайлоо округу боюнча талапкер катары катталуу ниети жөнүндө арызды Борбордук шайлоо комиссиясына берүү жолу менен (№ 12-формага ылайык) жүргүзүлөт. Мында төмөнкүлөр тиркелет:

1) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин паспортунун көчүрмөсү;

2) талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси (№ 81-формага ылайык);

3) ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арыздары (№ 91-формага ылайык);

4) талапкер, ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан толтурулган жеке маалыматтарын топтоо жана иштеп чыгууга макулдугу жөнүндө типтүү форма (№ 7-формага ылайык);

5) талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү.

22. Жумушчу топ талапкерлерден арыз алганда, арызды алгандыгы жөнүндө талапкерлерге жазуу жүзүндөгү тастыктаманы жана талапкерлердин шайлоо фондун түзүү үчүн атайын шайлоо эсебин ачууга маалымкат берет.

23. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кеч эмес, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чейин төмөнкү документтерди тапшырат:

1) Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер жөнүндө маалыматтарды (№ 41-формага ылайык);

2) Башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу тууралуу декларацияны (№ 51-формага ылайык);

3) Диний ишмерлер үчүн чектөөлөрдү сактоо жөнүндө декларацияны (№ 61-формага ылайык);

4) Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн талапкердин биринчи жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган, документин (эгерде жогорку билими тууралуу документ чет өлкөлүк окуу жайы тарабынан берилген болсо, сунушталган документтер апостиль менен тастыкталууга же консулдук легалдаштыруу жол-жобосунан өтүүгө тийиш);

5) Иштеген же окуган жеринен маалымкат;

6) Шайлоо фондунан төлөнгөн 300 000 сом өлчөмүндө шайлоо төгүмүн төккөндүгүн тастыктаган документ;

7) Талапкер жөнүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде маалыматтар (№ 141-формага ылайык).

24. Талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү талапкерди каттоо үчүн документтер менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлер жөнүндө берилген маалыматтарда өзгөрүүлөрдүн бар экендиги тууралуу маалыматтарды берүүгө милдеттүү (аты-жөнү өзгөрүлгөндүгү, негизги иштеген жери жана кызматы, ээлеген кызмат орду, паспортунун алмаштырылгандыгы ж.б. жөнүндө). Көрсөтүлгөн маалыматтарды тастыктоо үчүн тийиштүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тапшырылат.

25. Жумушчу топ талапкерден, талапкердин/саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнөн документтерди алуу фактысын каттайт, андан кийин тийиштүү шайлоо документтерин кабыл алгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү тастыктаманы берет.

Тастыктамада алардын ар биринин барактарын жана нускамаларын көрсөтүү менен кабыл алынган бардык документтер тизмектелет.

Тастыктамага Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси тарабынан кол коюлат. Тастыктаманы түзүү датасы документтерди кабыл алуу датасы болуп саналат. Тастыктама эки нускада түзүлөт, алардын бири талапкерге, талапкердин/саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө берилет, экинчиси Борбордук шайлоо комиссиясында сакталат.

3. Шайлоо документтерин текшерүүнүн тартиби

26. Жумушчу топ шайлоо документтерин кабыл алгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде келип түшкөн шайлоо документтеринин конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келерин, анын ичинде “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумун колдонуу менен текшерүүгө киришет.

27. Эгерде талапкер, саясий партия тарабынан берилген документтерде талапкерди каттоого тоскоолдук жараткан дал келбестиктер табылса, анда документтер алынган учурдан тартып, Жумушчу топ 48 сааттын ичинде талапкердин/саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө бул дал келбестиктер тууралуу кабарлоого милдеттүү. Талапкер, саясий партия бул билдирүүнү алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизип, оңдолгон документтерди тапшырууга укуктуу.

28. Берилген документтердеги белгилүү болгон мүчүлүштүктөр жөнүндө талапкерге, саясий партияга маалымдоо тууралуу маселени кароого Жумушчу топтун жыйынына талапкердин/саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү чакырылат.

29. Билдирүүдө белгилүү болгон мүчүлүштүктөрдү четтетүү мөөнөтүн көрсөтүү менен жетишсиз документтердин тизмеси, берилген документтердеги толук эмес маалыматтар, конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузуу менен жол-жоболоштурулган документтер көрсөтүлөт.

30. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан маалымдалгандан кийин талапкерлер, саясий партиялар документтердеги мүчүлүштүктөрдү 48 сааттын ичинде бир нече ирет четтете алат.

31. Эгерде берилген документтердеги мүчүлүштүктөр жөнүндө тийиштүү түрдө маалымдалган талапкер, талапкердин/саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү белгилүү болгон мүчүлүштүктөрдү четтетпесе же болбосо толук көлөмдө эмес четтетсе, анда Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди каттоодон баш тартууга укуктуу.

32. Талапкерди каттоо үчүн берилген документтердин мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсүн текшерүүнүн натыйжасы боюнча Жумушчу топ талапкерди каттоо же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө корутунду чыгарат.

33. Жумушчу топ чыгарылган корутундунун негизинде талапкерди каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимдин долбоорун Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына киргизет.

34. Бир эле адамды бирден ашык көп мандаттуу шайлоо округу боюнча каттоого жол берилбейт.

35.  Талапкерди каттоодон баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:

– талапкерди каттоо үчүн конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө;

– конституциялык Мыйзамда каралган талапкерди көрсөтүү тартибин сактабоо;

– талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

– башка саясий партиядан талапкерди каттоо фактысынын болушу же болбосо талапкерди бирден ашык көп мандаттуу шайлоо округунда каттоо фактысынын болушу;

– талапкердин, саясий партиянын өзүнүн шайлоо фондун түзбөөсү;

– талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы;

– эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же болгон болсо;

– конституциялык Мыйзамда белгиленген башка талаптарга ылайык келбегендиги.

36. Талапкердин уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар экендиги тийиштүү укук коргоо органы тарабынан тастыкталган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселени жыйналышында укук коргоо органынын өкүлүнүн катышуусу менен карайт. Өкүл баяндама жасап, тастыктоочу документтерди көрсөтөт.

37. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жөнүндө маалыматтарды текшерүүдө соттолгондугу жана жогорку кесиптик билими бар (жок) экендиги жөнүндө расмий корутундуларды Борбордук шайлоо комиссиясына берет.

38. Эгерде талапкердин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөнгө чейинки акыркы 5 жыл ичинде диний ишмердүүлүккө тиешеси бар экендиги боюнча факт дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тастыкталса, анда бул маселе Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында каралат. Жыйынга аталган органдын өкүлү катышып, маалымат берип, тастыктоочу документтерди көрсөтөт.

39. Талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы 24 сааттын ичинде талапкерге, талапкердин/саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө баш тартуунун негиздерин баяндоо менен чечимдин көчүрмөсүн берет.

40. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.

4. Өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды жана байкоочуларды каттоо үчүн документтерди тапшыруу тартиби

41. Каттоодон өткөн талапкер өзүнүн өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын жана байкоочуларын каттоо үчүн зарыл болгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына, конституциялык Мыйзамда жана ушул Жободо белгиленген тартипте, тапшырууга укуктуу.

42. Шайлоо комиссиясындагы талапкердин өкүлүн каттоо үчүн талапкер/талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү төмөнкүлөрдү тапшырат:

1) Талапкердин өкүлдү дайындоо тууралуу арызы (№ 81-формага ылайык);

2) Жарандын шайлоо комиссиясында өкүл болууга макулдугу тууралуу арызы (№ 91-формага ылайык);

3) Өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү.

Документтер тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кеч эмес, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чейин кабыл алынат.

Шайлоо комиссиясындагы өкүлгө каттоодон өткөндөн кийин белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.

Шайлоо комиссиясындагы өкүл бир эле мезгилде башка шайлоо комиссиясында өкүл боло албайт.

43. Ишенимдүү адамдар бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү бүткөндөн кийин, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кеч эмес, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18.00 чейин талапкерлер тарабынан дайындалат.

Ишенимдүү адамдарды каттоо үчүн талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди тапшырат:

1) Талапкердин ишенимдүү адамды дайындоо тууралуу арызы (№ 81-формага ылайык);

2) Ишенимдүү адам болууга макулдугу тууралуу жарандын арызы (№ 91-формага ылайык);

3) Ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү.

Борбордук шайлоо комиссиясы каттоону жүргүзүп, ишенимдүү адамга белгиленген үлгүдөгү ырастама берет.

44. Талапкер ар бир участкалык шайлоо комиссиясына экиден ашык эмес байкоочу дайындоого укуктуу.

Байкоочу, байкоочунун укуктарына жана милдеттерине аны дайындаган талапкерден тиешелүү шайлоо комиссиясына жолдомо келип түшкөндөн кийин ээ болот (№ 15-формага ылайык).

Жолдомо паспортту же аны алмаштыруучу документти көрсөткөндө жарактуу, талапкердин койгон колу болгондо жарактуу болуп эсептелет. Байкоочуну жиберүү жөнүндө алдын ала кабарлоо талап кылынбайт.

5. Электрондук машина окуй турган түрдө берилген документтерди текшерүүнүн тартиби

45. “Электрондук талапкер” маалымат тутумунда электрондук машина окуй турган түрдө берилген документтер кагаз түрүндө берилген документтерге ылайык келишин жана шайкештигин текшерүүгө жатат.

46. Электрондук машина окуй турган жана кагаз түрүндөгү документтердин дал келбестиги аныкталган учурда, алардын түп нускасына тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизүү жолу менен талапкер, талапкердин/саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол тамгалары менен күбөлөндүрүү аркылуу алар четтетилүүгө жатат.

6. Жумушчу топтун ишине байланыштуу маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорун даярдоо

47. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында каралуучу Жумушчу топтун ишине байланыштуу материалдарды даярдоо жоопкерчилиги анын жетекчисине жүктөлөт.

48. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына чечимдин долбоору, Жумушчу топтун корутундусу, документтерге жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө маалыматтар, жыйналышка чакырылган кызыктар жактардын тизмеси даярдалат.

49. Жумушчу топ тарабынан даярдалган Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин долбооруна Жумушчу топтун жетекчиси жана мүчөлөрү кол коюшат.

50. Жумушчу топ талапкерди каттоо жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы чечим кабыл алган күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде катталган талапкерге тийиштүү чечимдин көчүрмөсүн тиркөө менен бекитилген үлгүдөгү ырастаманы тапшырат.

Тиркемелер:

- саясий партиялар үчүң;

- өзүн-өзү көрсөтүү үчүн.