Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук комиссиясынын

2025-жылдын 28-июлундагы

№ 43 токтому менен бекитилген

 

Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө

ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1..Ушул, шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеӊештин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо жана Кыргыз Республикасында референдум өткөрүүдө добуш берүү үчүн бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартибин аныктайт.

2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.

3. Шайлоо бюллетени, добуш берүү үчүн бюллетени катуу эсептеги документ болуп саналат, анын формасы жана сактоо даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

4. Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо, Кыргыз Республикасында референдум өткөрүүдө шайлоо бюллетени, добуш берүү үчүн бюллетенинин тексти жана формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

Жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

5. Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы добуш берүү күнүнө чейин 25 календардык күндөн кечиктирилбестен, ал эми Кыргыз Республикасында референдум өткөрүүдө бюллетендердин тексти жана формасы, жергиликтүү кеӊештин шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирилбестен бекитилет.

6. Шайлоо бюллетени, добуш берүү үчүн бюллетенинин тексти анын бир гана бетинде жайгаштырылууга тийиш.

7..Шайлоо бюллетенинде ага шайлоо жүрүп жаткан органдын аталышы, шайлоо округунун аталышы жана номери же бирдиктүү шайлоо округу жөнүндө көрсөтмө камтылууга тийиш.

Шайлоо бюллетенинде шайлоо жүрүп жаткан органдын аталышы, шайлоо округунун аталышы жана номери жөнүндө көрсөтмө камтылууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо бюллетенине талапкерлердин фамилиялары, аты - жөндөрү жана туулган жылы чүчүкулак менен белгиленген кезекте кошумча көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин, депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоолордо шайлоо бюллетени талапкерлердин фамилиялары, аты - жөндөрү чүчүкулакта аныкталган кезекте камтыйт.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорционалдуу система боюнча шайлоодо шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын аталыштары чүчүкулак менен белгиленген кезекте кошумча көрсөтүлөт.

Мажоритардык система боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо бир шайлоо бюллетени даярдалып, аларда талапкерлердин фамилиялары, аты - жөндөрү кошумча көрсөтүлөт.

8. Ушул Жобонун 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талапкерлердин, саясий партиялардын аталыштары жөнүндө маалыматтардын оң жагына бош квадрат жайгаштырылат. Талапкерлердин тизмегинин, саясий партиялардын тизмесинин аягында анын оң жагына бош квадратты жайгаштыруу менен “Баарына каршы” деген сап жайгаштырылат.

9. Добуш берүү бюллетенинде референдумга чыгарылган маселенин тексти так айтылат жана “Макул”, “Каршы” деген сөздөр менен добуш берүү өз эркин билдирүү варианты көрсөтүлүп, алардын алдына бош квадраттар жайгаштырылат. Добуш берүү бюллетенинде маселелердин альтернативдүү варианттары референдумга чыгарылган учурда “Бардык варианттарга каршымын” деген өз эркин билдирүү варианты көрсөтүлөт.

Ар бир варианттын оӊ тарабына бош квадрат жайгаштырылат, мында референдумдун катышуучусу бир гана вариантты тандоого укуктуу. Референдумга бир нече маселе чыгарылган учурда алар ар бир бюллетенге өз - өзүнчө киргизилет. Добуш берүү бюллетенинде ошондой эле “Бардык варианттарга каршымын” деген өз эркин билдирүү варианты көрсөтүлөт, же референдумдун ар бир маселеси үчүн бюллетень өзүнчө даярдалат.

Ар бир маселенин оӊ тарабына бош квадрат жайгаштырылат, мында ар бир маселенин каршы тарабында добуш берүүчүнүн “Макул”, “Каршы” деген сөздөр менен өз эркин билдирүү варианты көрсөтүлөт.

2. Шайлоо бюллетенин, добуш берүү бюллетенин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо

 

10. Шайлоо бюллетендери мамлекеттик же расмий тилде шайлоочуну идентификациялагандан кийин принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөн басып чыгарылат. Ар бир шайлоо бюллетени жана/же добуш берүү үчүн бюллетени аны толтуруунун тартиби жөнүндө түшүндүрмөнү камтууга тийиш.

11. Шайлоо участкалары жана референдум участкалары майыптыгы бар адамдар шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү үчүн бюллетендерин өз алдынча толтуруусу үчүн атайын трафареттер, анын ичинде Брайль ариби колдонулган бюллетендер менен жабдылат.

12. Кагаздын тыгыздыгы добуш берүүнүн купуялыгы, башкача айтканда шайлоочулардын/референдумдун катышуучуларынын шайлоо бюллетендериндеги/добуш берүү үчүн бюллетендериндеги белгилери шайлоо бюллетенинин/добуш берүү үчүн бюллетенин арткы бетинен көрүнбөгөндөй төмөндөгүдөй болууга тийиш.

– Бюллетень басып чыгарылуучу кагаз - түрмөктөлгөн;

– Кагаздын түрү: - ак кагаз, 100 г./м2;

– Жалпы сырткы диаметри: - 168 мм;

– Түтүктүн ички диаметри: - 76 мм;

– Түтүктүн сырткы диаметри: - 84.1 мм.

13..Добуш берүү үчүн жайларынан шайлоо же добуш берүү үчүн бюллетендерин алып чыгууга, ошондой эле шайлоо жана добуш берүү бюллетендерин көчүрмөлөөгө жана таратууга тыюу салынат.

14. Талапкерлер чыгып калган учурда, тиешелүү талапкерлер жөнүндө маалыматтар шайлоо бюллетендеринен сызылып салынат. Сызып салуу талапкер жана саясий партия жөнүндөгү бардык маалыматтар жазылган саптар боюнча түз сызык менен жүргүзүлөт. Принтери бар идентификациялоочу түзүлүштө сызылып салынган талапкерлери бар бюллетень басылып чыгарылат, ал автоматтык түрдө эсептөөчү урналарда сакталат.

15. Шайлоодо добуш берүүчү шайлоочулардын тизмеси жана башка шайлоо документтери, тиешелүү шайлоо комиссиясынын мөөрү сакталып турган атайын сейф (шкаф) болгон жай мөөр басып бекитилет жана ички иштер органдарына кайтарууга тапшырылат. Мында, добуш берүү күнү сейф (шкаф) добуш берүү жүзөгө ашырылып жаткан шайлоо участкасындагы жайдын ичинде болууга тийиш.

16. Принтери бар идентификациялоочу түзүлүшүн жеткирүү күзөт коштоосунда камсыздалат.

17. Принтери бар идентификациялоочу түзүлүш аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан мөөрлөнүп бекитилген же округдук/аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан пломба коюлат жана органдар тарабынан бөлүнгөн кызматкерлердин кайтаруусуна алынат.

18..Шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылгандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлат жана анын биринчи нускасы шайлоо документтери, анын ичинде шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, даттануулар (арыздар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актылар, автоматтык эсептөөчү урналардын алгачкы жана жыйынтыктоочу протоколдору, идентификация боюнча алгачкы жана жыйынтыктоочу отчеттор менен бирге участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири тарабынан эсептөөгө катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн коштоосу менен жогору турган шайлоо комиссиясына токтоосуз жеткирилет.

19..Шайлоо жана добуш берүү бюллетендери Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган тартипте жана мөөнөттө жок кылынганга чейин аймактык шайлоо комиссиясы турган жайда сакталат.

3. Корутунду жобо

20..Ушул Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен киргизилет.

Тиркеме