Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын 

Шайлоо жана референдум өткөрүү 
боюнча борбордук 
комиссиясынын 

2025-жылдын 1-августундагы № 53

токтому менен бекитилген

 

Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө

ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Шайлоо маалыматтык тутуму жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында шайлоолорду, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартибин аныктайт, ошондой эле шайлоолорду, референдумду даярдап өткөрүүдө Шайлоо маалыматтык тутумун (мындан ары - ШМТ) пайдаланууда, аны эксплуатациялоодо жана өнүктүрүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.

2. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, маалыматташтыруу жаатында жана мамлекеттик органдардын маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ШМТ пайдалануу жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) ченемдик укуктук актылары ШМТ пайдалануунун, эксплуатациялоонун жана өнүктүрүүнүн укуктук негизи болуп саналат.

2. ШМТ пайдалануунун, эксплуатациялоонун жана өнүктүрүүнүн негизги максаттары жана принциптери

3. ШМТ төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

– шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялардын ишинин айкындуулугун;

– шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын шайлоонун жана референдумдун жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө ыкчам маалымдоону;

– мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, башка адамдардын жана уюмдардын, шайлоо мыйзамдарына ылайык ШМТдагы маалыматтык процесстерине кийлигишүүсүнө жол берилбестигин;

– шайлоолорду жана референдумдарды даярдоодо жана өткөрүүдө ШМТти милдеттүү түрдө колдонууну, бул максаттар үчүн ШМТнын ордуна жана андан тышкары башка автоматташтырылган системаларды жана маалыматтык технологияларды пайдаланууга жол берилбестигин;

– Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык ШМТтин маалыматтык ресурстарында камтылган маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү менен айкалышта ШМТтин маалыматтык коопсуздугун;

– алынган маалыматтын ишенимдүүлүгүн;

– ШМТ колдонбогон башка маалыматтык системаларга жана байланыш тармактарына кошууга шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө ШМТти байланыштырууга жана пайдаланууга жол берилбестигин.

3. Шайлоо маалыматтык тутумунун түзүмү

4. ШМТнын түзүмү шайлоо комиссияларынын тутумуна ылайык келет.

5. ШМТнын курамына төмөнкүлөр кирет:

– Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтыруу каражаттарынын комплекси (ШМТнын Борбордук деңгээли);

– АШК үчүн ШМТнын программалык камсыздоосу;

– УШКнын АЭУ комплекси.

6. ШМТ курамын өзгөртүү (толуктоо, модернизациялоо же айрым бөлүктөрүн, элементтерин алмаштыруу жана башка өзгөртүүлөр) МКТБнын сунушу боюнча ШМТтин бүтүндүгүн, коопсуздугун жана иштөө жөндөмдүүлүгүн сактоо шартын эске алуу менен ишке ашырылат.

§ 1. Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтыруу каражаттарынын комплекси

7. Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтыруу каражаттарынын комплексинин курамына төмөнкүлөр кирет:

– Шайлоолордун жана референдумдардын жыйынтыктары тууралуу маалыматты чогултуу, сактоо, берүү жана чагылдыруу функцияларын аткарган ШМТнын программалык камсыздоосу;

– АЭУдан Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук деңгээлине маалыматтарды берүү үчүн корголгон байланыш каналдары;

– ШМТнын программалык камсыздоосун жайгаштыруу (орнотуу) жана иштетүү, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жабдуулар комплекси жана сервердик жабдуулар.

8. ШМТ уюштуруучулук, техникалык, маалыматтык, методикалык жана башка камсыздоону МКТБ ишке ашырат.

9. ШМТнын маалыматтык коопсуздугун МКТБ камсыз кылат.

§ 2. АШК ШМТ программалык камсыздоосу

10. АШКларга маалыматтарды киргизүү үчүн ШМТнын төмөнкүдөй программалык камсыздоосу колдонулат:

– жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолордо талапкерлер жана саясий партиялар боюнча маалыматтарды;

– добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун маалыматтары.

11. АШК үчүн ШМТнын программалык камсыздоосун колдонууга тиешелүү АШКнын системдик администратору жооптуу болуп саналат.

12. АШКда ШМТнын маалыматтык коопсуздугу тиешелүү АШКнын системдик администратору тарабынан камсыз кылынат.

13. Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү учурунда АШКнын системдик администратору ШМТнын Регламентинин талаптарын так сактоого жана анын нускамаларын аткарууга милдеттүү.

14. АШКнын системдик администратору башка адамдарга төмөнкүлөрдү берүүгө тыюу салынат:

– ШМТнын программалык камсыздоосуна кирүү үчүн маалыматтар;

ШМТнын программалык камсыздоосу жайгашкан жайга кирүү.

§ 3. УШКдагы АЭУ комплекси

15. УШКнын АЭУ комплекси төмөнкүлөрдөн турат:

1) негизги жана резервдеги АЭУдан;

2) Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине маалыматтарды берүү каражаттары;

3) үзгүлтүксүз электр менен жабдууну камсыздоо каражаттары.

16. УШКдагы АЭУнун иштөө тартиби үчүн тиешелүү УШКнын төрагасы жана АЭУнун операторлору жооптуу болуп саналат.

17. Төрага жана АЭУнун операторлору тестирлөө күнүндө жана добуш берүү күнү АЭУну инициализациялоо үчүн биргелешкен кирүү ачкычына ээ болушат.

18. АЭУнун оператору тиешелүү УШКнын төрагасына түздөн-түз баш ийет жана ал ушул участокко бекитилген учурдан тартып шайлоолордун жана референдумдардын натыйжалары аныкталганга чейин төрагага отчеттуу.

19. Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү учурунда АЭУнун иши үчүн жооптуулар ШМТнын Регламентинин талаптарын так сактоого жана анын нускамаларын аткарууга милдеттүү.

20. АЭУнун операторлору маалыматтарды башка адамдарга берүүгө тыюу салынат, анын ичинде:

– АЭУга кирүү үчүн;

– АЭУну жөнгө салуу боюнча.

4. Шайлоо маалыматтык  тутумунун колдонулушу

21. ШМТ шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде маалыматтык процесстерди ишке ашыруу үчүн багытталган.

22. ШМТда шайлоочулардын катышуусу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле АЭУ аркылуу алынган добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жана добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде добуш берүүнүн акыркы жыйынтыктарын жыйноо, топтоо жана чагылдыруу жүргүзүлөт.

23. ШМТ төмөнкүлөрдү өткөрүүдө колдонулат:

– Президентин шайлоодо;

– Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо;

– жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо;

– референдумда.

24. АЭУ аркылуу ШМТга алынган добуш берүүнүн жыйынтыктары алдын ала маалыматтар болуп эсептелет.

Аралыктан добуш берүү участкалары боюнча АЭУ аркылуу ШМТга алынган добуш берүүнүн жыйынтыктары юридикалык күчкө ээ маалыматтар болуп эсептелет.

25. ШМТти пайдалануу менен добуш берүүнү даярдоо жана өткөрүү тартиби төмөнкү этаптарды камтыйт:

– ШМТда кампанияны даярдоо;

– добуш берүүнүн башталышы;

– добуш берүүнү өткөрүү;

– добуш берүүнү аяктоо;

– добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу.

§ 1. Шайлоо маалыматтык тутумунда кампанияны даярдоо

26. ШМТда шайлоо кампаниясы шайлоо күнү белгиленгенден кийин ШМТББнын кызматкерлери тарабынан түзүлөт. Кампанияны түзүүдө төмөнкү маалыматтар киргизилет:

– шайлоонун түрү (Президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, референдум);

– шайлоо кампаниясынын аталышы;

– добуш берүүнүн датасы жана убактысы.

27. ШМТББнын кызматкери тарабынан тиешелүү шайлоо кампаниясы түзүлгөндөн кийин ШМТга төмөнкү маалыматтар киргизилет:

– шайлоочулар боюнча статистика;

– тиешелүү кампаниянын шайлоо участкалары;

– катышууну чагылдыруу графиги;

– кампаниянын маалыматтары жарыяланган күн;

Ошондой эле төмөнкү маалыматтар киргизилет:

– Президенттик шайлоону өткөрүүдө:

талапкерлер боюнча.

– Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө:

талапкерлер боюнча.

– жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө:

айылдык кеңештер үчүн - талапкерлер боюнча;

шаардык кеңештер үчүн - саясий партиялар жана талапкерлердин партиялык тизмеси боюнча.

– Референдум өткөрүүдө:

референдумга коюлган маселелер боюнча.

28. Кампанияны түзүүдө аяктоонун жыйынтыгы боюнча ар бир УШКга тиешелүү АЭУнын конфигурациялык файлдары даярдалат, АЭУга кирүү ачкычы менен бирге тиешелүү УШКлардын төрагаларына берилет.

29. Тиешелүү АШКнын системдик администратору добуш берүү күнүнө чейин 10 (он) календардык күндөн кечиктирбестен системага төмөнкү маалыматтарды киргизет:

– шайлоо участоктору жана округдары жөнүндө маалымат;

– жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына, саясий партияларга талапкерлер боюнча маалыматтар;

– ОШК/АШК жөнүндө маалыматтар;

– ОШК/АШКнын байланыш маалыматтары;

– ОШК/АШКнын курамы жөнүндө маалымат;

– шайлоо участкаларынын номерлери;

– тиешелүү ОШК/АШКнын курамына кирген бардык УШКлардын даректери;

– ар бир УШК боюнча төрага жана катчы жөнүндө маалымат.

30. Шайлоолорго жана рефередумдарга даярдык көрүү мезгилинде ШМТте тестирлөө жүргүзүлөт.

§ 2. Добуш берүүнүн башталышы

31. Шайлоодо добуш берүүнү баштоонун алдында АЭУнун оператору төмөнкү аракеттерди жүргүзөт:

– АЭУну текшерет, аны электротармагына туташтырат;

– кирүү ачкычы менен АСУну инициализациялайт;

– тиешелүү АШКнын номерин, добуш берүүнүн датасын жана убактысын киргизет;

– монитордо АЭУнун баштапкы (нөлдүк) отчетту басып чыгаруу функциясын тандайт, анда иштелип чыккан бюллетендердин саны жана ар бир талапкер топтогон шайлоочулардын добуштарынын саны “нөл” маанисине ээ болуш керек. Бул отчет зарыл санда басылып чыгат, мөөр менен күбөлөндүрүлөт жана УШКнын төрагасына, мүчөлөрүнө, байкоочуларга жана УШКнын имаратындагы талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө берилет.

§ 3. Добуш берүүнү өткөрүү

32. Добуш берүү ушул Жобонун 37, 38-пункттарында көрсөтүлгөн учурдан тышкары, АЭУну пайдалануу менен гана жүргүзүлөт.

33. Шайлоо өткөрүлгөн күнү, добуш берүү аяктаганга чейин АЭУ маалыматтарды берүү тармагына туташтырылбашы керек.

34. Шайлоочулардын катышуусун чагылдыруу боюнча убакыт аралыгы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен аныкталат, катышуу боюнча маалыматтар шайлоочулардын идентификациялоо системасынан онлайн форматта автоматтык түрдө идентификациядан өткөндөрдүн саны боюнча аныкталат.

35. Шайлоонун жүрүшүндө жергиликтүү кеңештерде болгон шайлоолордо же оффлайн идентификация жүргүзүлгөн учурда шайлоочулардын катышуусун чагылдыруу боюнча маалыматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:

– идентификация оператору ПИТтин монитору аркылуу идентификациядан өткөндөрдүн санын тактап, тиешелүү АШКнын жооптуу мүчөсүнө өткөрүп берет;

– тиешелүү АШКнын системдик администратору ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалыматтарды киргизет.

36. Шайлоо күнү шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилген график боюнча ШМТтин сайтында көрсөтүлөт.

37. Шайлоо күнү АЭУнун бузулушу учурунда АЭУ оператору дароо Борбордук шайлоо комиссиясынын техникалык колдоо тобунун адистерине кайрылат. Эгер текшерүүдөн кийин АЭУну калыбына келтирүү мүмкүн болбосо, добуш берүү резервдик АЭУ колдонуу аркылуу жүргүзүлөт. Ошол эле учурда УШК акт түзөт жана ага бардык катышкан УШК мүчөлөрү, операторлор, байкоочулар жана талапкерлердин өкүлдөрү тарабынан кол коюлат.

38. Резервдик АЭУ иштен чыккан учурда добуш берүү туруктуу орнотулган үкөктүн (ачык, айкын) негизинде жүргүзүлөт. Бул учурда УШК акт түзөт жана ага бардык катышкан УШК мүчөлөрү, операторлор, байкоочулар жана талапкерлердин өкүлдөрү тарабынан кол коюлат.

АЭУнун ар бир бузулушу учурунда УШК төрагалары Борбордук шайлоо комиссиясынын техникалык колдоо тобуна өз убагында кабарлоого милдеттүү.

Эгерде участокто резервдик АЭУ орнотулгуча туруктуу орнотулган үкөк (ачык, айкын) колдонулса, добуш берүү аяктагандан кийин туруктуу орнотулган үкөк (ачык, айкын) шайлоо бюллетендери байкоочулардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда иштеп жаткан АЭУ аркылуу өткөрүлөт.

Бузулуудан кийин алмаштырылган АЭУнын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келген учурда, добуш берүү аяктагандан кийин аларды жыйынтык отчетту түзүү үчүн колдонууга уруксат берилет. Бул учурда УШКнын бардык катышкан мүчөлөрү, операторлор, байкоочулар жана талапкерлердин өкүлдөрү тарабынан кол коюлган акт түзүлөт.

§ 4. Добуш берүүнүн аякташы

39. Добуш берүү аяктагандан кийин АЭУнун оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

– АЭУнун мониторунда добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча АЭУнун отчетун басып чыгаруу функциясын тандоо керек. Бул отчетто иштелип чыккан бюллетендердин саны жана ар бир талапкер же саясий партия алган шайлоочулардын добуштарынын жалпы саны көрсөтүлөт. Аталган отчет керектүү санда басылып чыгып, мөөр менен бекитилет жана УШКнын төрагасына, мүчөлөрүнө, байкоочуларга жана талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө берилет;

– АЭУ корголгон байланыш каналына туташтырылат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине өткөрүлөт.

40. Эгерде шайлоо участкасында байланыш жок болсо, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча маалыматтар, ОШК/АШК тарабынан аныкталган жакын жайгашкан шайлоо комиссиясы аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине жөнөтүлөт. Добуш берүү аяктагандан кийин жана АЭУнун Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине маалыматтар жөнөтүлгөн соң, АЭУдан алынган алдын ала маалыматтар автоматтык түрдө ШМТнын сайтында чагылдырылат.

41. Бюллетендер кол менен саналып бүткөндөн кийин, УШК мүчөлөрү добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протокол түзүшөт жана ал дароо тиешелүү ОШКга/ТИКке өткөрүлүп берилет.

§ 5. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу

42. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча УШКнын протоколу ОШК/АШК тарабынан алдын ала текшерилип, туура түзүлгөндүгү аныкталгандан кийин, УШКнын төрагасы жана катчысы тарабынан ОШК/АШКнын системдик администраторуна ШМТга киргизүү үчүн өткөрүлүп берилет.

43. УШКнын протоколундагы маалыматтар тиешелүү ОШК/АШКнын системдик администратору тарабынан ШМТга тиешелүү УШКнын төрагасынын жана ОШК/АШКнын жооптуу мүчөсүнүн катышуусунда киргизилет.

44. Эгерде протоколдогу маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тартипке ылайык контролдук салыштырууларга туура келбесе, анда ШМТга киргизүү учурунда система протоколду сактабайт жана протоколдун тиешелүү сапта (саптарында) кеткен ката жөнүндө билдирүү чыгарат. Мындай учурда системдик администратор бул протоколду кайра текшерүү үчүн ОШК/АШКга кайтарат.

45. Протоколду системага кайра киргизүү Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү чечиминен кийин гана жүргүзүлөт, ал чечимге ОШК/АШКнын кайрылуусу, кетирилген ката жөнүндө акт жана/же тиешелүү шайлоо участкалык комиссиясынын кызматкерлеринин түшүндүрмө каттары тиркелет.

46. Протокол системага киргизилгенден кийин, киргизилген маалыматтардын контролдук басып чыгаруу жүргүзүлөт, ал басылган маалыматтар протоколдун кагаз түрүндөгү оригиналы менен дал келиши керек.

47. Контролдук маалыматты басып чыгаруу 3 (үч) нускада жасалат жана ар бир нуска ОШК/АШКнын системдик администратору, ОШК/АШКнын жооптуу мүчөсү жана УШКнын төрагасы тарабынан кол коюлуп, ШМТга киргизүү датасы жана убактысы көрсөтүлөт.

48. Контролдук басып чыгарылган протоколдун бир нускасы ОШК/АШКнын системдик администраторунда, экинчиси УШКнын төрагасына өткөрүлүп берилет, үчүнчүсү протоколдун оригиналына тиркелип, тиешелүү ОШК/АШКга берилет.

49. Аралыктан добуш берүү шайлоо участогунун электрондук протоколу ШМТдан жүктөлүп, ОШК/АШКга өткөрүлөт. Анын формасы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилет.

50. ШМТ тиешелүү шайлоо участоктордун киргизген ар бир протоколунун маалыматтары чагылдырылат.

51. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча кыска протоколду жана кыска таблицаны түзүү тартиби:

– бардык УШК боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдор ШМТга киргизилгенден кийин, ОШК/АШКнын системдик администратору тиешелүү ОШК/АШК боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу контролдук протоколдун жана кыска таблицанын нускасын басып чыгарат;

– системадан басылып чыккан контролдук протоколдун жана кыска таблицанын нускасы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу тиешелүү ОШК/АШКнын оригинал протоколуна жана кыска таблицасына тиркелет.

52. Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү чечимдерди кабыл алгандан кийин кол менен эсептөөнүн жыйынтыктарын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыялайт.

53. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу АЭУдан алынган маалыматтар добуш берүү аяктагандан кийин автоматтык түрдө ШМТнын сайтында көрсөтүлөт.

5. Тестирлөө

54. Тестирлөө - бул ШМТ комплексин бүтүндөй иштешин текшерүү процесси.

55. Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдөн мурда, даярдык этабында, келечектеги шайлоолордун жана референдумдардын кампаниясы боюнча ШМТда милдеттүү тестирлөө жүргүзүлөт.

56. Зарылчылыкка жараша, кампаниянын талап кылынган түрү боюнча ШМТнын тестирлөөсү шайлоолордун аралыгында жүргүзүлөт.

57. Тестирлөөнү өткөрүүдөн мурда, МКТБнын тестирлөө планы иштелип чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан бекитилет, анда тестирлөөнүн мөөнөттөрү жана этаптары көрсөтүлөт.

58. Тестирлөө жүргүзүлүп жатканда кампания түзүлөт.

59. Өткөрүлгөн тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча МКТБ тестирлөөнүн жыйынтыктары тууралуу отчетту түзөт.

60. Текшерүүнүн жыйынтыгында кемчиликтер аныкталган учурда, аларды жоюу боюнча иштер жүргүзүлөт. Аныкталган кемчиликтер жоюлгандан кийин кайрадан текшерүү жүргүзүлөт.

61. Тестирлөө аяктагандан кийин, аталган кампаниянын тесттик маалыматтары ПТжМККБнын жооптуу кызматкери тарабынан ШМТтин маалымат базасынан өчүрүлөт, аталган кампания шайлоо жана референдумдун негизги кампания режимине өтөт.

6. Шайлоо маалыматтык тутумуна кирүү

62. ШМТке кирүү төмөнкүлөргө берилет:

– ШМТББнын кызматкерлерине - жаңы кампания түзүү, түзүлгөн кампаниялар боюнча маалыматтарды киргизүү, УШКнын добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколунун маалыматтарын киргизүү үчүн;

– ОШК/АШКнын системдик администраторлоруна - талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалыматтарды жана УШКнын протоколунун маалыматтарын киргизүү үчүн;

– УШКдагы АЭУнун операторлоруна - АЭУну тейлөө алкагында тестирлөө иштерин жүргүзүү жана добуш берүү күнү иштөө үчүн;

– колдонуучуларга - ШМТтин сайты аркылуу шайлоо кампаниясы, шайлоочулардын катышуусу жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды көрүү үчүн.

63. Каттоо жана кирүү укугун берүү тартиби Регламентте чагылдырылат.

64. 62-пункттан тышкары, башка кызматкерлерге жана башка максаттар үчүн ШМТна кирүүгө тыюу салынат. Бул пункт бузулган учурда кызматтык иликтөө башталат. Кызматтык иликтөөнү баштоо жана өткөрүү тартиби Регламентте чагылдырылат.

65. 64-пунктта көрсөтүлгөн бузуулар боюнча фактылар аныкталган учурда, 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги жана мүчөлөрүнө маалымдалат.

7. Маалыматтык коопсуздук

66. ШМТнын маалыматтык коопсуздугу, уюштуруучулук жана техникалык коргоо чараларын колдонуу, ошондой эле ШМТтин колдонушун көзөмөл жүргүзүү аркылуу камсыз кылынат.

67. Негизги коргоо чаралары төмөнкүлөр болуп саналат:

– ШМТга санкцияланбаган кирүүнү жокко чыгаруу;

– ШМТдагы маалыматтардын түп нускасын жана бүтүндүгүн камсыздоо;

– маалыматтарды өткөрүү үчүн корголгон байланыш каналдарын колдонуу;

– шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү алдында ШМТтин даярдыгын ар тараптан атайын текшерүү;

– маалыматтык коопсуздук саясатын дайыма өркүндөтүү;

– маалыматтык коопсуздук саясатын, анын Регламентин жана нускамаларын сактоо;

– автоматташтыруу каражаттары комплексинин сакталышын жана иштешин, камсыз кылуу боюнча иштерди уюштуруу жана өткөрүү иштерин жүргүзүү;

– ШМТтин маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча туруктуу иш жүргүзүү;

– ыйгарым укуктуу кызматкерлерди даярдоо, ШМТти эксплуатациялоо укугу жөнүндө сертификаттарды берүү;

– ШМТте эксплуатациялоо жана пайдалануу эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө.

8. Жоопкерчилик

68. Борбордук шайлоо комиссиясынын, ошондой эле тиешелүү ОШК, АШК жана УШКлардын жооптуу кызматкерлери, ушул Жобонун ченемдерин бекем сактоого милдеттүү. Борбордук шайлоо комиссиясынын, ОШК, АШК жана УШКнын кызматкерлери ушул Жобонун ченемдерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.

9. Шайлоо маалыматтык тутумун өнүктүрүү

69. ШМТтин мүнөздөмөсүн жакшыртуу жана функцияларын өнүктүрүү максатында ШМТти модернизациялоо боюнча туруктуу иштер жүргүзүлөт.

70. ШМТтин модернизациялоо, колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу, шайлоо процессинин жүрүшүн жана жыйынтыгын чыгаруу коомчулуктун көзөмөлү боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

71. Модернизациялоо жана өнүктүрүү багыттарын аныктоо үчүн ШМТтин өнүктүрүү концепциясы иштелип чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын токтому менен бекитилет.

Кыскартуулар:

– Борбордук шайлоо комиссиясы – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы;

МКТБ - Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгы;

ПТжМККБ - программалык-техникалык жана маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү;

ШМТ - шайлоо маалыматтык тутуму;

– ШМТББ - ШМТны башкаруу жана шайлоочулардын тизмеси менен
иштөө боюнча бөлүмү;

– ШЖЭБ - шайлоо жабдыктарын эксплуатациялоо бөлүмү;

– АШК - аймактык шайлоо комиссиясы;

– УШК - участкалык шайлоо комиссиясы;

– АСУ - автоматтык эсептөө урнасы;

– ШМТ ПК - ШМТти программалык камсыздоо;

– МКС - БШКнын маалыматтык коопсуздук саясаты;

– Регламент - ШМТти пайдалануу боюнча регламент;

– МТ - Маалыматтык технология;

ПИТ - принтери бар идентификациялоочу түзүлүш.