Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жѳнүндѳ ЖОБО
Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жѳнүндѳ
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) добуш берүүдө жана шайлоо комиссиялары шайлоочулардын арыздарын кабыл алганда идентификациялоо операторлорунун шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын (мындан ары – шайлоочулар) идентификациялоону жүргүзүүсүнүн тартибин белгилейт, ошондой эле принтери бар идентификациялоочу жабдуу менен иштөө тартибин жөнгө салат.
2. Жобо “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
3. Шайлоочуларды идентификациялоону максаты добуш берүүдө жеке жана уникалдуу биометрикалык маалыматтар аркылуу алардын инсандыгын тастыктоо болуп саналат.
4. Ушул Жободо төмөндөгү аныктамалар жана терминдер пайдаланылат:
жеке маалыматтар – биометрикалык маалыматтар менен салыштыруу үчүн аларды пайдаланып адамды идентификациялоого мүмкүн болгон маалыматтар (аты-жөнү жана жеке идентификациялык номери);
биометрикалык маалыматтар – шайлоочунун физиологиялык жана биологиялык өзгөчөлүктөрүн мүнөздөгөн маалыматтар, алардын негизинде анын инсандыгын аныктоого болот;
жеке идентификациялык номер (ЖИН) – жеке адамга ыйгарылган жана идентификациялоо үчүн колдонулган уникалдуу номер;
идентификация – тийиштүү базалык маалымат ресурсунда камтылган маалыматтар менен шайлоочунун жеке жана биометрикалык маалыматтарын салыштыруу жолу менен анын инсандыгын тастыктоо жол-жобосу;
принтери бар идентификациялоочу түзүлүш (ПИТ) –шайлоочуларды алардын биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоого арналган, бюллетендерди басып чыгаруу функциясы бар түзүлүш;
идентификациялоо оператору – атайын окутулган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин кызматкери же шайлоо участогунда шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочуларды идентификациялоо жол-жоболорун өткөрүүгө жооптуу болгон тартылган адис.
5. Шайлоочуларды идентификациялоо жол-жоболорун техникалык колдоо жана добуш берүүдө идентификациялоо боюнча жабдууну иштетүү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – БШК) тарабынан ишке ашырылат.
Идентификациялоо системасында маалыматтарды коргоо методдору жана ыкмалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
6. Калкты каттоо жана документтештирүү чɵйрɵсүндɵгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары – калктын реестри) жеке жана биометиркалык маалыматтардын булагы болуп саналат.
Шайлоочуларды идентификациялоодо шайлоочулардын биометрикалык маалыматтары суроо-талапка жооп түрүндө корголгон байланыш каналдары аркылуу офлайн жана/же онлайн режиминде тастыкталат.
2. Шайлоочуларды идентификациялоо жол-жобосуна даярдыкты уюштуруу
7. Жайдан тышкары добуш берүүдө, ошондой эле добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоону тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясынын идентификациялоо оператору жүргүзөт.
8. Участкалык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – УШК) тɵрагасына үчүнчү жактарга берүүгө жана ачыкка чыгарууга жатпаган ПИТке кирүү үчүн өздүк логин жана сырсөз берилет.
Логинди жана сырсөздү алып жатканда идентификациялоо оператору жана УШКнын төрагасы жарандардын жеке маалыматтарын ачыкка чыгарбоо тууралуу милдеттенмени жана мыйзамдарды бузган учурдагы юридикалык жоопкерчилик тууралуу эскертүүнү милдеттүү түрдө толтурушат.
9. Идентификациялоо оператору жана УШКнын төрагасы шайлоочулардын жеке маалыматтарын, идентификациялоо процессинде ага белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы, ощондой эле алган учурдан тартып акт аркылуу өткөрүп бергенге чейин идендентификация боюнча жабдуулардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик тартышат.
10. ПИТти ишке киргизүү үчүн УШКнын тɵрагасы авторлошууну жүргүзүп, логинди жана сырсөздү киргизе турган идентификациялоо операторуна смарт-картаны берет.
Идентификациялоо системасы үчүн сырсөздөр добуш берүү күнү ар бир УШК үчүн калкты каттоо жана документтештирүү чɵйрɵсүндɵгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан генерацияланып, добуш берүү күнүнө чейин 7-8 календардык күндөн кеч эмес БШКга берилет.
11. Смарт-карта жоголуп кеткен учурда УШКнын төрагасы тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – АШК) системалык администраторуна кайрылат.
12. ПИТте ийгиликтүү авторлошкон учурда оператор шайлоочуларды идентификациялоого киришүүгө укуктуу.
13. Шайлоочуну идентификациялоо жол-жобосу шайлоочунун жеке катышуусунда гана жүргүзүлөт.
14. Идентификациялоо оператору өз ишинде УШКнын төрагасына баш иет жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде анын көрсөтмөлөрүн аткарат.
3. Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби
15. Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн калганда идентификациялоо операторлору шайлоо участокторундагы жабдууларды ишке киргизишет жана идентификациялоону жүргүзбөстөн жабдуулардын жана системанын шайлоочуларды идентификациялоону жүргүзүүгө даярдыгын текшерүүнүн толук циклин жүргүзүшөт.
16. Параметрлер коюлгандан кийин идентификациялоо оператору идентификациялоо системасын ишке киргизип, баштапкы отчётту (1-тиркеме) басып чыгарат.
17. Баштапкы отчёттун бир нускасын идентификациялоо оператору УШКнын төрагасына берүүгө милдеттүү. Баштапкы отчёттун экинчи нускасын идентификациялоо оператору добуш берүү күнү аяктаганга чейин сактоого милдеттүү.
Идентификациялоо оператору байкоочулардын суроо-талабы боюнча баштапкы отчёттун кошумча нускаларын басып чыгарууга укуктуу.
18. Шайлоочуну идентификациялоо тарапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө жана байкоочуларга шайлоочуну идентификациялоо жол-жобосунун жана монитордун көрүнүп турушун камсыз кылган аралыкта жана шарттарда жүргүзүлөт.
Мында талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө жана байкоочуларга көрүнгөн жерде илинген монитордо төмөндөгү маалыматтар жазылуу болот:
– ошол шайлоо участогунда шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;
– идентификациялоодон өткөн жана ушул учурда ошол шайлоо участогунда идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чек алган шайлоочулардын саны;
– идентификациялоодон өтүп жаткан шайлоочунун сүрөтү жана аты-жөнү;
– жабдуунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша БШК ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте аныктай турган башка маалымат.
19. Шайлоочуларды идентификациялоо фамилиясы ишке киргизгенде идентификациялоо системасына киргизиле турган идентификациялоо оператору тарабынан жүзөгө ашырылат.
20. Шайлоочуну биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт.
21. Идентификациялоо оператору шайлоочу паспортун көрсөткөндө паспорттогу сүрөттү визуалдуу салыштырып текшерүүнү жүргүзүүгө, шайлоочуга идентификациялоо жол-жобосун түшүндүрүүгө милдеттүү.
МПЗдан жеке маалыматтарды окуу милдеттүү түрдө паспорттун түп нускасынан же “Түндүк” тиркемесинде түзүлгөн электрондук форматтан жүзөгө ашырылууга тийиш.
Маалыматтар дал келбей калган учурда оператор паспортту кайтарып берет жана шайлоочу идентификациялоого катыштырылбайт.
Эгерде сүрөт дал келсе, оператор ПИТ камерасынын жардамы менен паспорттун MRZ-зонасын же “Түндүк” тиркемесинин идентификациялык картасынын QR кодун сканерлейт.
Ийгиликтүү сканерленген учурда шайлоочунун маалыматтары ПИТтин экранында жана жалпы монитордо көрсөтүлөт.
Шайлоочунун инсандыгы текшерилгенден кийин оператор биометрикалык идентификациялоону жүргүзүү үчүн “Улантууну” басат.
22. Биометрикалык идентификациялоону жүргүзүү үчүн шайлоочу манжа изин сканерлөө үчүн манжасын коюшу зарыл. Эгерде манжа изи биринчи жолу таанылбаса, шайлоочу аны кайра сканерлөөгө 10 жолу аракет кылса болот. Колдун манжаларынын папиллярдык үлгүлөрү боюнча биометрикалык идентификациялоодон ийгиликтүү өткөн учурда идентификациядан өткөндүгү жөнүндө чек жана каттоо дарегине ылайык тиешелүү шайлоо округунун шайлоо бюллетени басып чыгарылат (БШК тарабынан бекитилет).
23. Колдун манжаларынын папиллярдык үлгүлөрү боюнча идентификациялоодон өтпөй калган учурда шайлоочу сканерлɵɵ үчүн камераны колдонуунун жардамы аркасында беттин геометриясы боюнча идентификациялоодон өтөт. Мында шайлоочунун бетинин геометриясын биометрикалык маалыматтар базасындагы сүрөт менен автоматтык түрдө салыштыруу жүргүзүлөт.
24. Беттин геометриясы боюнча идентификациялоодон ийгиликтүү өткөндөн кийин идентификациялоодон ɵткɵндүгү жɵнүндɵ чек (3-тиркеме), ошондой эле каттоо дарегине ылайык тиешелүү шайлоо округунун шайлоо бюллетени автоматтык түрдө басып чыгарылат.
25. Добуш берүүдө биометрикалык идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чек төмөндөгү маалыматтарды көрсөтүү менен басып чыгарылат:
– шайлоонун аталышы;
– идентификациялоодон өткөн датасы жана убактысы;
– идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чектин катар номери;
– идентификациялоодон өткөн шайлоо участогунун номери;
– шайлоочунун жеке идентификациялык номери;
– шайлоочунун аты-жөнү;
– округдук шайлоо комиссиясынын (ОШК) номери же аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) аталышы;
– катталган жери боюнча шайлоо участогунун номери;
– шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочунун иреттик номери.
26. Эгерде шайлоочу өзүнүн шайлоо участогунда эмес, бирок ɵзүнүн көп мандаттуу шайлоо округунун чегинде добуш берсе, бул учурда оператордун экранында, шайлоочуга караган экранда жана жалпы экранда төмөнкү билдирүү пайда болот: “Бюллетенди берүүгө мүмкүн эмес. Добуш берүүгө катышуу үчүн экранда көрсөтүлгөн УШКга өтүп барыңыз”, мында экрандын фону көк болот.
27. Эгерде шайлоочу идентификациялоодон өтүп, бюллетенди алгандан кийин (өзүнүн шайлоо участогунда же башка шайлоо участогунда) кайрадан идентификациялоодон өтүүгө аракет кылса, бул учурда жалпы экранда жана оператордун экранында “Шайлоочу идентификациялоодон өткөн” деген билдирүү пайда болот, мында экрандын фону кызыл болуп, ОШКнын номери же АШКнын аталышы, УШКнын номери, идентификациялоодон өткөн датасы жана убактысы көрсөтүлөт.
28. Эгерде жабдуу ошол шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын акыркы тизмесинде турган шайлоочуну идентификациялоодон баш тартса жана идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чек бербесе, ал эми идентификациялоо боюнча бир нече жолку аракеттер натыйжаларды бербесе, бул учурда идентификациялоо оператору УШКнын төрагасына маалымдайт, андан кийин шайлоочуну идентификациялоону жүргүзүүнүн техникалык жактан мүмкүн эместиги жөнүндө белгиленген үлгүдөгү акт (4-тиркеме) түзүлөт, анда жабдуунун баш тартуусунун техникалык себеби көрсөтүлөт жана эки нускада таризделет.
Актыга төрага, идентификациялоо оператору жана тиешелүү шайлоочу кол коёт.
Бир нускасы шайлоочуга берилет, ал эми экинчи нускасы шайлоо комиссиясында калат, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары расмий жарыялангандан кийин актыны тиешелүү ОШК/АШКларга жөнөтөт.
Мында шайлоочу добуш берүүгө катыштырылбайт.
29. Добуш берүү күнү жана добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү күнү УШК УШКнын төрагасынын жана катчысынын колу коюлган Идентификациялоодон ɵтпɵгɵн шайлоочулардын реестрин (5-тиркеме) түзөт.
Идентификациялоодон өтпөгөн шайлоочулардын реестринин көчүрмөсү мыйзамдарда каралган чараларды көрүү үчүн калкты каттоо жана документтештирүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
30. Шайлоочуларды идентификациялоо системасы добуш берүү күнү жана жайдан тышкары добуш берүү күнү саат 21:00дө автоматтык түрдө бөгөттөлөт, андан кийин шайлоочуларды идентификациялоо жеткиликсиз болуп калат.
31. Шайлоо участогунда добуш берүү аяктагандан кийин идентификациялоо оператору идентификациялоо процессин көзөмөлдөөгө жооптуу болгон УШКнын мүчөсү менен биргеликте УШКнын төрагасына идентификациялоону жүргүзүү жөнүндө баштапкы жана жыйынтыктоочу отчётторду (2-тиркеме), ошондой эле ошол шайлоо участогунда орун алган техникалык бузулуулар жөнүндө актыны дароо берүүгө милдеттүү.
32. Добуш берүү күнү идентификациялоо операторлорунун аракеттерине жана/же аракетсиздигине даттануулар арыз берүүчүгө анын шайлоо укуктары бузулгандыгы белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз түрдө тийиштүү УШКга берилет.
Тийиштүү УШК келип түшкөн даттанууну дароо карап, тиешелүү чечим кабыл алат, ал тууралуу акт түзүлөт.
УШКнын чечими шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылат.
