КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 30-август 2018-ж.

Өткөрүү датасы:  30 август 2018-ж.
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Бишкек АШКнын 2018-жылдын 26-июлундагы “Тил боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөөнүндө” чечимин мыйзамсыз деп табуу тууралуу К. Мамыркулованын арызы жөнүндө
(Баяндамачы – М.А. Камчибекова, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 
2. Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 
 (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 
3. Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка, Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө 
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
 (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 
5. Ар түрдүү маселелер


ТӨРАГА