КРнын БШК отурумунун кун тартиби, 6 апрель 2017-жыл
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү датасы: 2017-жылдын 6-апрели
Убактысы : 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка жана Орок айыл аймактарынын жана Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын кээ бир шайлоо участкаларынын чек аралары жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
2. 2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
3. 2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
5. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
6. 2016-жылдын 11-декабрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумун (бүткүл элдик добуш берүүнү) өткөрүүнүн натыйжалары боюнча шайлоо комиссияларынын жана атайын өкүлдөрдүн ишинин жыйынтыктары жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
7. Ар түрдүү маселелер
ТӨРАГА