01.10.2021 №284 №32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Асанбаев Майрамбек Жекшеновичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

 

№32 Кочкор шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкер катары көрсөтүлгөн Асанбаев Майрамбек Жекшеновичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 28-сентябрындагы (кириш № А-392) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»   Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №32 Кочкор шайлоо округунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн   Асанбаев Майрамбек Жекшеновичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жунушалиев Бакытбек Кубанычбекович катталсын.

2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                  Т. ШАЙНАЗАРОВ

 

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 1-октябры

284