06.09.2021 №237 «Бийлик элге» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
«Бийлик элге» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
2021-жылдын 4-сентябрында «Бийлик элге» саясий партиясынын мурда сунуш кылынган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Жумалиев Кубанычбек Боронбаевичти дайындоо жөнүндө билдирүүсү келип түштү.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 172 чечими менен «Бийлик элге» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары катталган Еремченко Татьяна Рафаиловнанын каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Бийлик элге» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Еремченко Татьяна Рафаиловнага берилген № 19 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
3. «Бийлик элге» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Жумалиев Кубанычбек Боронбаевич катталсын.
4. «Бийлик элге» саясий партиясынан катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 6-сентябры
№ 237