18.09.2015 № 94 «Улуу Кыргызстан» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
“Улуу Кыргызстан” саясий партиясы шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондугу жана Д.Д.Досумбековду ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо тууралуу билдирүүсүнүн негизинде жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. “Улуу Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мамырбаев Торобек Кылычбековичтин ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. Ушул чечим күчүнө кирген күндөн тартып, “Улуу Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К. Мамырбаевдин берилген № 27 каттоо күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
3. “Улуу Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Досумбеков Дайыр Досумбекович катталсын.
4. “Улуу Кыргызстан” саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Д. Досумбековго бекитилген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерди кабыл алуу, аларда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азиз Канатбекке жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 18-сентябры
№ 94