18.09.2015 № 91 “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

Жарандардын өздөрүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арыздарынын жана “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

  1. “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынын жана анын тизмесиндеги талапкерлеринин Кыргыз Республкасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо ишенимдүү адамдарынын тизмеси катталсын (тизмеси тиркелет).
  2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерди  кабыл алуу, аларда  камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азиз Канатбекке жүктөлсүн. 

 

 

ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 18-сентябры

№ 91