11.04.2016 № 7 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына “Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан сунушталган талапкерлеринин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2016-жылдын 8-апрелинде “Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы К.Исаевден Каракол аймактык шайлоо комиссиясы А.А.Самаеванын жана Б.О. Сабатаровдун аталган саясий партиясы тарабынан Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө түшкөн арыздарын каттабагандыгы тууралуу арызы (08.04.2016-ж. кир. № 01-14/364) түшкөн.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасынын арызы канааттандырылсын.
2. “Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмесиндеги кезектүүлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Самаева Асель Аскарбековна – № 3төн № 5ке;
- Сабатаров Бейшен Обокерович – № 5тен № 3кө.
3. “Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесине ушул чечимдин 1, 2-пункттарына ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин. “Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыгына талапкерлеринин катталган тизмеси киргизилген өзгөртүүлөр менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркелет).
4. Бул чечимдин көчүрмөсү Каракол аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн жана арыз ээсине берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 11 - апрели
№ 7