04.05.2015 № 4 2015-жылдын 17-майына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо автоматтык эсептөөчү үкөктөргө сыноо жүргүзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы “Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө” ПЖ № 109 Жарлыгына ылайык шайлоо процессине заманбап техникалык жетишкендиктерди киргизүү, добуш берүү процессин оптимизациялоо, добуштарды эсептөө процессинин ачыктыгын жана контролдугун камсыз кылуу максатында, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 4-июлундагы № 90 токтомунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

  1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык белгиленген тартипте добуштарды милдеттүү түрдө эсептөө менен, тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо автоматтык эсептөөчү үкөктөргө сыноо жүргүзүлсүн.
  2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

  

ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 4-майы 

№ 4

 

2015-жылдын 4-майында жарыяланды

 

КРнын БШКнын

2015-жылдын 4-майындагы № 4

чечиминин

тиркемеси

 

17-май 2015-жыл

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 

 

Кезектеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо

 

Ош облусу

Кара-Кулжа району

1. Кеңеш айылдык кенеши

 

Алай району  

2.Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

3.Кабылан-Көл айылдык кеңеши

 

Кара-Суу  району  

4.Отуз-Адыр айылдык кеңеши

 

Ноокат району

5.Исанов айылдык кеңеши

6.Көк-Бел айылдык кеңеши

 

Баткен облусу

Баткен району  

7.Самаркандек айылдык кеңеши

8.Ак-Сай айылдык кеңеши

9.Ак-Татыр айылдык кеңеши

 

Талас облусу

Кара-Буура району

10.Шекер айылдык кеңеши

11.Бейшеке айылдык кеңеши

 

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо

 

Нарын облусу

Жумгал району

12.Көк-Ой айылдык кеңеши