03.08.2015 № 46

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 25-июлундагы № 157 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын натыйжалуулугун камсыздоо максатында, ошондой эле инновациялык технологияларды колдонуу менен шайлоо процессинин жаңы модели колдонулушун эске алып, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18,19-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 

 

1. Аймактык шайлоо  комиссиялары  зарылдыгына  ылайык участкалык шайлоо комиссиясынын курамын резервдеги мүчөлөрүнөн комиссиянын төрт мүчөсүнө: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан эки өкүл жана саясий партиялардан эки өкүл кылып көбөйтсүн.

2.  Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.   Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.

  

           ТӨРАГА                                                         Т. АБДРАИМОВ

 Бишкек ш, 2015-жылдын 3-августу

№ 46