04.05.2015 № 3 2015-жылдын 17-майындагы Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо инновациялык технологияларды колдонуу

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 18-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы “Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө” № 109 Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” 2015-жылдын 16-мартындагы ПЖ № 36 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кезектеги, “Кыргыз Республикасынын Нарын жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө” 2015-жылдын 27-мартындагы ПЖ № 41 Жарлыгы менен дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдө добуштарды эсептөө процессинин контролдугун жана айкындыгын камсыз кылуу,  шайлоо процессине заманбап техникалык жетишкендиктерди киргизүүгө сыноо жүргүзүү, добуш берүү процессин оптимизациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 42 токтому менен бекитилген “2015-жылдын 17-майындагы Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Инновациялык технологияларды колдонуу менен шайлоо процессинин моделин сыноо тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 6-февралындагы № 2 чечими менен жактырылган 2014-жылдын 25-апрелинде Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш тарабынан бекитилген Инновациялык технологияларды колдонуу менен шайлоо процессинин моделине 2015-жылдын 17-майында Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө сыноо жүргүзүлсүн.
  2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

  

ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

 Бишкек ш., 2015-жылдын 4-майы

 

№ 3

 

2015-жылдын 4-майында жарыяланды