09.02.2016 № 2 2016-жылдын 27-мартындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан аккредитациялоого берилген документтерин карап чыккан Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын маалыматтык саясат жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн сунушунун негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9- беренесинин 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүтко катышуу үчүн тиркемеде көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттары аккредитациялансын.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 9-февралы
№ 2