11.04.2016 № 22 2016-жылдын 27-мартындагы Ош шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоо боюнча П.А.Абдираевдин даттануусун карап чыгуу жөнүндө
2016-жылдын 9-апрелинде “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Ош шаардык кеӊешине депутаттыгына талапкер П.А.Абдираевдин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына арыз (кир. № 01-12/363) келип түшкөн. Ал, арызында аталган саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүнөн баш тартпагандыгы жөнүндө белгилеген.
Көрсөтүлгөн арыз боюнча, ал талапкерлердин тизмесинде №4 болуп катталгандыгы аныкталган. Бирок, кезектүүлүктү өзгөртүү жөнүндө буга чейин берилген арыздын негизинде, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын жогорку жана аймактык органдары тарабынан П.А.Абдираевдин арызы канааттандырылып, тиешелүү чечим кабыл алынган. Саясий партиянын ушул чечими Ош АШКсына, тиешелүү өзгөртүүлөрдү кабыл алуу үчүн жөнөтүлгөн.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. П.А.Абдираевдин арызын (кир. №01-12/363) канааттандыруудан баш тартылсын.
2. Бул чечимдин көчүрмөсү Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн жана арыз ээсине берилсин.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 11 апрели
№ 22