11.04.2016 № 17 2016-жылдын 27-мартындагы Ош шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоо боюнча «Таза Шайлоо» Ассоциациясынын даттануусун карап чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын дарегине 2016-жылдын 28-мартында жана 1- апрелинде «Таза Шайлоо» Ассоциациясынан даттануулар келип түшкөн, даттанууларда Ассоциация тарабынан аныкталган №5272 шайлоо участкасындагы шайлоочулардын добуштарын сатып алуу менен байланышкан бузууларга карата чараларды көрүү жана жогоруда көрсөтүлгөн бузуулар боюнча Ош аймактык шайлоо комиссиясынын аракетсиздигин карап чыгууну өтүнгөн.
Көрсөтүлгөн материалдардан «Таза Шайлоо» Ассоциациясынын байкоочусу Таалай уулу Элдияр тарабынан 2016-жылдын 27-мартында Ош шаардык депутаттарын шайлоо күнү шайлоо мыйзамдарын орун алган бузуулары жөнүндө акт түзүлгөн, тактап айтканда, божомол менен КСДП саясий партиясы тарабынан шайлоочуларды (шайлоочулардын добуштарын) сатып алуусу. Мындан тышкары, материалдарда «Таза Шайлоо» Ассоциациясы тарабынан 2016-жылдын 27-мартында Ош шаардык прокуратурасына жана Ош шаардык сотуна арыз жөнөтүлгөндүгү көрсөтүлгөн. Бирок, прокуратура КР КЖПКнын 26-беренесине жана КР КЖКнын 140-беренесине таянып (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу), арызды кабыл алуудан баш тарткан, себеби бул иш, жекече айыптоо иштерге тиешелүү жана КР КЖПКнын 329-беренесине ылайык, жекече айыптоо иши арызды сотко берүү жолу аркылуу козголот, бирок Ош шаардык соту дагы арызды берилген далилдердин толук эместигине көрсөтүп, өндүрүшкө алган эмес. Мындан тышкары «Таза Шайлоо» Ассоциациясы Ош аймактык шайлоо комиссиясынын аракетсиздигине карата даттануусу тастыкталган жок.
Мыйзамда көрсөтүлгөн тартиптеги далилдердин жок болгондугуна байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Таза Шайлоо» Ассоциациясынын даттануусун канааттандыруудан баш тартылсын.
2. Бул чечимдин көчүрмөсү Ош аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн жана арыз ээсине берилсин.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 11-апрели № 17 |