24.12.2015 № 164 “Ата-Мекен”, “Бир Бол”, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиялардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлеринин тизмесинен кээ бир талапкерлерди чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Ата-Мекен”, “Бир-Бол”, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиялардын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу боюнча кээ бир талапкерлерден түшкөн жеке арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Ата-Мекен”, “Бир-Бол”, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкүлөр чыгарылсын:
- Борбашев Сарылбек Чойбекович - “Ата-Мекен” саясий партиясынан;
- Джаманбаев Мураталы Джузумалиевич - “Бир-Бол” саясий партиясынан;
- Кожомкулов Алайбек Рамазанович - “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы “Талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө” № 60, № 61, № 68 чечиминдеринен жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлерди каттоо бөлүгү жокко чыгарылсын.
3. “Ата-Мекен”, “Бир-Бол”, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиялардан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлердин күбөлүктөрү ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп табылсын.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 24-декабры
№ 164